Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Лөк банкты сактап калуу аргасы


Улуттук банктын төрага орунбасарынын милдетин аткаруучу Абдымалик Мырзаев (ортодо)
Улуттук банктын төрага орунбасарынын милдетин аткаруучу Абдымалик Мырзаев (ортодо)

Убактылуу өкмөт чечими менен Азия Универсал банкын сактап калыш үчүн жарым жылга 1,5 миллиард сом кредит бөлүнүүдө. Каржы министрлиги ушул банкка ошончо эле өлчөмдөгү акча табуу милдетин алууда. Өлкөдөгү эң ири жеке менчик банк мамлекет ээлигине өткөнү турат.

Улутташтырылчу универсал банк

Улуттук банктын төрага орунбасарынын милдетин аткаруучу Абдымалик Мырзаевдин айтуусунда, 20-июнда Убактылуу өкмөт өз чечими менен Азия Универсал банкын сактап калуу планын бекитти. Ага ылайык банктагы болгон активдерди күрөөгө коюп, Улуттук банк 1,5 миллиард сом карыз акчаны Азия Универсал банкка жарым жылга бермекчи. Ошончо акчаны Кыргызстандын Каржы министрлиги да бөлмөкчү, максат кыйын абалга кириптер болгон ири банкты сактап калыш. Карыз акчанын эсесине банктын акциялары мамлекет ээлигине өткөрүлөт. А.Мырзаев Мамлекеттик мүлк министрлиги Азия Универсал банкын мамлекет ээлигине өткөрүүгө байланышкан мыйзам жөрөлгөлөрүн сактап, тийиштүү документтерди даярдай тургандыгын ырастады.

- Акчалардын изин жашыруу боюнча мурда жолго коюлган система Азия Универсал банкта, башка коммерциялык банктарда иштечү. Ага Максим Бакиевдин тиешеси бар экендигин биз танбайбыз. Ошондуктан тергөө органдары тарабынан ушу тапта иликтөө иштери улантылууда. Антсе да мен биз бул банкты, башка банктардын нормалдуу иштөөсүнө шарт түзүп беребиз деп ойлойм.


Дагы деле соттордун колу менен жасалууда

Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту, андан соң Бишкек шаардык соту Азия Универсал банкынын “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын өзүнө кошуп алуусу мыйзамсыз болгонун ырастаган чечимдерин чыгарган. Ушундай эле соттук териштирүүлөр “Ысык-Көл инвестбанкын” өз ээсине кайтарып берүү боюнча да жүргүзүлүүдө. “Ысык-Көл инвестбанктын” мурдагы жетекчиси Болот Байкожоевдин ырасташынча, К.Бакиев бийлиги тушунда атайын схеманын негизинде бирөөнүн мүлкүн сот колу менен тартып алуу аракети кенен жайылган болчу. Андайда негедир Улуттук банк унчукчу эмес.

- Бүт ушунун баарын жасаган Улуттук банк. Мына менин банкымды жасаган. Бүт баарысын ошол рекет жасап жатканда жолдун баарын ачып берген ошол Улуттук банк болчу. Билмексен болуп отурат.

Б.Байкожоевдин пикиринде, кысталыш абалга кептелген өлкөдөгү эң ири банкты 1,5 миллирад сомдун жардамы менен сактап калыш кыйын. Антсе да 7-апрелдеги окуялардан кийин Азия Универсал банкына убактылуу башкаруучу, андан соң консерватор дайындалган. Ойлонтчу маселе банктын депозит баштыгы укуктук жактардын кыйласы каражаттарын чыгарып кеткенден кийин абыдан азайып, каржылык оор абалга кириптер болуусунан чыгууда. Мындай абал жалаң эле Азия Универсал банкына эмес, көпчүлүк коммерциялык банктардын башына түшүп жатканын “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын мурдагы жетекчиси Муратбек Мукашев ырастады.

- Эми абдан начар болду. Банктын төлөп бериши деген түшүнүк бар. Бул активдердин банк милдеттерине жараша болот. Ошонун нормасы 30% кем болбошу керек. Азыркы күндө ал Кыргызстан боюнча 31,7% түштү. Ал мындан эки ай мурун 78% болчу. Көрбөйсүзбү, болду да.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин айрым өнөктөштөрүнүн аракетинин аркасында Азия Универсал банкына “Кыргызөнөржайкурулуш”, “Ысык-Көл инвест” банктары кошулган. Эми ал банктарды мурдагы ээлерине кайтарып берүү аракети көрүлүүдө. Азия Универсал банкынын мурдагы ээси М.Надель Кыргызстанга жыйырмадан ашуун коммерциялык банктардын иштөөсү көптүк кыларын белгилеп, алардын саны ашып барса бештен ашпоосу керектигин айтып келген. Антип ири банктын кичи банктарды өзүнө кошуп алуусу, ага кошумча Орусиялык 300 миллион долларды коррупциялык схема негизинде “үй-бүлөнүн” пайдасына бөлүп алуу аракетине бийликтин капыс алмашылып кетиши тоскоолдук кылбаса, ири акча жасоонун ага окшогон толгон-токой амал-айласы бир четтен ишке ашып кетиши деле мүмкүн болчу.

XS
SM
MD
LG