Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Чүй: Кызылчанын чыгымы акталбай жатат


Чүйдө кант кызылчасынын кабыл алуу баасы чыгымды актабай жаткандыктан, дыйкандар кант кызылчасын малга тоют катары гана пайдаланышы мүмкүн.

Төрт жылдан бери кант кызылчасын кабыл алуучу ишканалар токтоп тургандыктан чүйдө кызылча аянты кескин кыскарып кеткен. Бирок быйыл орусиялыктардын менчигине айланган Кайыңды- Кант ишканасы ишке кирип, кеч болсо да жазда дыйкандар 5198 гектар аянка кызылчанын үрөөнүн себишкен болчу. Кеч себилгенге байланыштуу мурдагыдан майда болуп калганы айтылууда. Ал эми дыйкандарды кабатыр кылган нерсе чийки затты ишканага жеткирүүдөгү чыгымды, кабыл алуудагы баа такыр эле актабай жатканы болууда.

Венера Усупбаева, Кемин районунун тургуну:

- Быйыл үлүштөгү аянтыбыздын баарына кант кызылчасын сепкенбиз. Кеч сепкенгеби, өтө майда болуп калды. Эми болсо район борборлорундагы кызылча кабыл алуу бөлүмдөрү иштебей, биз кызылчаны Токмокко же Кайыңдыга жеткирип барышыбыз керек экен. Ансызда чыгымдын артынан чыгым тарткан дыйкандар быйыл дагы күйүп кетебизби? Эгер мындай болсо кызылчаны малга тоют гана кылышыбыз мүмкүн.

Турусбек Данияров, Чүй районунун тургуну:

- Кызылчанын баасы 2 сом 20 тыйын гана болуп жатат. Баа жок дегенде 5 сом болуш керек. Болбосо дыйкандардын эмгеги сууга сиңгендей болуп атат. Биздин жайлата кеткен эмгегибиз такыр эле акталбай калды. Ушул себептен кант кызылчасын кабыл алуу баасын жогорулатып жана жеринде кабыл алууга жардам көрсөткүлө деп өкмөткө кайрылганбыз. Алардан дале жооп жок.

Ал эми жергиликтүү дыйкандардын жогорудагы суроосуна карата облустук администрациянын агрардык өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо бөлүмүнүн башчысы Ашымбек Осмонкуловдун берген жообу төмөндөгүдөй болду:

- Үнүбүз кудайга жетти. Дыйкандарды түшүнгөн менен жергиликтүү бийлик эч нерсе кыла албай жатат. Ишкана жеке менчик болгондон кийин алар ар кандай талаптарды коюшууда. Биз алардын баарын аткарууга күчүбүз жетпейт экен. Ошондуктан кийинки жылы дыйкандар кызылчаны айдайбы, жокпу билбейбиз. Анткени аларды кызыктыруу үчүн эч нерсе жок экенин да билебиз.

Кыргызстандагы жападан жалгыз кант кызылчасын кабыл алуучу ишкана Кайыңды- Канттын абалы бүгүн сүйүнтөөрлүк эмес. Мурдагы бийлик учурунда орусиялыктардын менчигине өтүп кеткен ишкананы бүгүн Кыргызстандык бир ишкер сатып алды деген имиш кептер айтылып жатат. “Бирок кандай болгон күндө да Кайыңды- Кантты мамлекет кайра сатып алмайын дыйкандардын эмгеги күйгөнү- күйгөн”,- деп белгилеген адистер бар. Алардын бири академик Жамин Акималиев:

- Бийлик өкүлдөрүнүн колунан эч нерсе келбейт экени көрүндү. Президенттин сөзүн укпай жаткан ишкана кожоюндары үчүн эч нерсе деп айта албайбыз. Болгону Казакстан сыяктуу кант кызылчасын иштетүүчү ишканаларды кайра мамлекет сатып алышы керек. Болбосо дыйкандарды кызыктыра албайбыз жана кызылчанын айдоо кескин кыскарып, шекер болуп көрбөгөндөй кымбаттайт.

Мурдагы жылы күзгү түшүмдү нөшөр алып, былтыр кургакчылык чүйлүк дыйкандарды бир топ түйшүккө салган. Быйыл алар кызылчанын чыгымын жаба албай калаарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да белгилеп беришти. Ушул себеп, кант кызылчасы кийинки жылдары себилеби, жокпу белгисиз.

XS
SM
MD
LG