Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Т. Кененсариев: Президенттик курс ишке аша баштады


Жалал-Абат университетинин ректору, профессор Ташмамбет Кененсариев мамлекеттик башкарууну реформалоонун оош-кыйышы тууралуу ой бөлүшөт.

- Ташмамбет мырза, өкмөт жарым-жартылай куралды. Дээрлик баардык министрлер ордунда калды. Башкаруу системасын реформалоо тууралуу сөз болгондо айрым талдоочулар мурдагы эле кадрлар иштеп эч нерсе өзгөрбөйт, бийлик жаш кадрларды тартпай деп сындап келишет. Эмне үчүн жаш кадрлар тартылган жок. Кыргызстанда жаш, жаңыча ойлонгон башкаруу системасына жарамдуу кадрлар жокпу?

- Маселенин эки жагы бар. Кыргызстан кичинекей өлкө, анын үстүнө бизде калыптанган кадрлар ченемдүү. Мисалы, карап, конкурска коюп көргөндө көп кишинин ичинен бирди табыш кыйын. Ошон үчүн бул жерде менимче эки жагы эске алынса керек. Биринчиден, тажрыйба, экинчиден, өткөн мезгилдеги кылып аткан иштер, көзү көрүнүп турат дегендей, үчүнчүдөн, акырындык менен жаңы кадр тандоого өтөт деген пикир болсо керек.

Эми муну албетте бийликтегилер, айрыкча президент өзү карап, өзү тааныса керек деп ойлойм. Бул жерде мындай деген да ой бар, "баланын туулганына сүйүнбө, турарына сүйүн" дейт. Кептин баардыгы анча деле кадрда эмес. Кептин баары системаны өзгөртүүдө, башкаруу реформасы деп атабыз, ошонун башталышы, максаттары, анын түпкү маңызы жакшы болду.

Анткени муну тарыхчы катары, саясат таанууда анча-мынча түшүнүгү бар адам катары дагы күтүп жүрдүм эле. Бул Кыргызстан 18 чыгып, анан өзү эрежеге жетип дегендей, өзүнүн боюн түздөп, көкүрөгүн көтөрүп, алдыга умтуларда, анын ичинде президенттин бир мөөнөтү бүтүп, экинчи мөөнөтү башталаар алдында мына ушундай жаңылык кылат деген ойлор болду эле.

Ошондой жаңылык айтылды. Ошондой жаңылыктардын башы реформа катары башталды. Президенттик курс деп былтыркы октябрь, кийин январь, анан кийин март, анан акыркысы 1-сентябрдагы кайрылуулар, анан кечээ күңкү өзгөрүүлөр практикалык жагынан айтылган сөздөр аткарыла баштады окшойт.

- Башкарууну реформалоо тууралуу сөз болгондо президент бул программа менен бийлигин бекемдеп алды деп айтып жатышат. Сиз бул айтылгандар менен макулсузбу?

- Мындан 10 ай мурун интернетке чоң макала жаздым эле, Кыргызстанда өткөн мезгилде акылга ченемдүү, акылга сыярлык авторитаризм керек деп. Бул эмне деген сөз. Кыргызстандай өткөөл өлкө үчүн, азыр бизге демократияга толук өтүп алып ойной берүү бул көп зыянды алып келиши мүмкүн дегем.

Ошон үчүн азыркы учурда бизге акылга сыярлык авторитаризм керек, бул деген сөз көп маселелерди бир кишиге ыйгарып туруп, анан ошол кишинин саясий эрки менен, ошол киши бүт коомчулук менен эсептешип туруп, анан туура алып барса, ошол гана мезгилде Кыргызстан алдыга озуп кетет эле.

Анан кийин Европанын батышындагыдай парламентаризмге өтүп алсак болот деген ой жазган элем. Ошол сыяктуу менимче азыркы өткөөл мезгилде бизге саясий эрк менен кээ бир маселелерди оперативдүү ишке ашырыш үчүн президенттин бийлигинин күч алгандыгы керек деген ойдомун. Ошондой эле болуп атат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG