Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Жаштардын “Биз биргебиз” бирикмеси түзүлдү


Жаштардын келечеги үчүн ким күйөт?
Жаштардын келечеги үчүн ким күйөт?

Кыргызстанда “Биз биргебиз” деген жаштардын коомдук бирикмеси иштей баштады. Аталган бирикме Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү, маркум Санжар Кадыралиевдин элесине арналып түзүлгөн.

«Биз биргебиз» жаштардын коомдук бирикмеси жети багыт боюнча иштейт. Биринчиси – бул жаштарды коомдо болуп жаткан окуяларга тартып, алардын бардык экономикалык, саясий, социалдык, укуктук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакыруу. Ошондой эле спорт, кайрымдуулук, ишкерчилик, маданият жана жаштарды маалымат менен камсыз кылуу багытында иш алып барышат.

Мындан сырткары жаштарды диний толеранттулукка тарбиялоо да бирикменин башкы пландарында турат. Бирикме Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиевдин элесине арналып түзүлүп, аны маркум депутаттын карындашы Ыргал Кадыралиева жетектейт. Ыргал бирикменин максаттары тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Бул бирикме жөн эле ачылып калган жок. Биздин максат – Санжар акемдин жетпей калган максаттарына жетип, бизге да белгилүү болгон пландарын улантып, ишке ашыруу болду. Ал саясий жактан же ишкерчиликке кире албай жаткан жаштарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого көңүл бурчу эле. Ушул маселелерди кайрадан улантууну көздөдүк.

«Биз биргебиз» жаштардын коомдук бирикмеси өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана бул тармакты реформалоо багытында да бир катар сунуштары менен чыгышкан. Ыргал Кадыралиева мектепке медициналык сабак кирсе деген ойдо.

- Азыркы тапта мектепке барбай, окубай калган балдар көбөйдү. Мектеп жашындагы кыздар-балдардын айрымдары ар жерде бала багып, базарларда соода кылып иштеп жатышат. Билим берүү тармагында көптөгөн реформалдарды жүргүзүш керек. Мисалы, акыркы убакта жаш кыздардын бойдон алдырган учурлары көп болууда. Анын зыянын, андан кантип сактануу кеерктигин билбегендер көп. Ошондуктан мектепте сексуалдык тарбия же медицина деген сыяктуу сабак кириши зарыл.

Республикалык жаштар бирдигинин президенти Юсупов Рустам “Биз биргебиз” коомдук бирикме менен иштешип баштаганын айтты. Ал бул бирикме алдыңкылардан болот деп ишенет.

- Эки уюмдун башчылары чоң масштабдагы керектүү программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ага ылайык жакын арада сегиз программа өз ишин баштайт.

Бирикменин ачылыш аземине катышкан “Ак Жол” фракциясынын төрагасы, депутат Улукбек Ормонов анын программалары, пландары мыкты экенине токтолду. Ал “Башкысы – ара жолдо калган айрым уюмдардай болбой, ишин улантса”, - дейт.

- Кыймылды бирөө алдыга сүрөш керек. Бул бирикменин да иштеп кетер-кетпеси ошондой кишиге байланыштуу. Себеби көптөгөн уюмдар түзүлгөн боюнча калып калууда. Бирок бирикмени С.Кадыралиевдин өзүнүн карындашы жетектеп жатканы, анын программаны так, айкын айткандыгынан улам менин бул бирикмеден үмүтүм чоң. Эгер ошол программалар аткарылса, анда бирикменин келечеги чоң болот.

Ушул тапта “Биз биргебиз” жаштардын бирикмесинин ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган 200 мүчөсү бар. Алар жаштардын маселесин жаштар өздөрү гана чечет деп ойлошот. Ошол себептүү жаштарды ар кандай коомдук иштерге активдүү катышууга чакырып келишет.

XS
SM
MD
LG