Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Эл таза шайлоону күтөт


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар алдыдагы парламенттик шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдиришип, тууган-урукка, белек-бечкектерге азгырылбай, эл үчүн иштей турган партияга, татыктуу талапкерлерге добуш берүүгө үндөдү.

Ошентип алдыдагы парламенттик шайлоого 29 саясий партия катышууда. “Эл үнү” берүүбүзгө кайрылган угармандарыбыз өлкө жарандарын бул саясий өнөктүккө жигердүү катышууга үндөп, саясатчыларды жана бийлик өкүлдөрүн шайлоону тынч жана акыйкат өткөрүүсү зарылдыгын белгилешти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан Жамгырчиев: Урматтуу мекендештер! Элибизде байыртадан бери ата-бабабыз айтып келаткан “бакыт тоголок” деген кеп бар. Бакытты өз убагында барктап, этияттап күтүп албаса ал “тоголонуп” кетери байыртадан эле белгилүү. Мына ошондуктан ошол бакытты кармап кала турган күн - 10-октябрь болуп жатат. Ал үчүн биз таза, ачык, акыйкат шайлоого барышыбыз керек. Адегенде калыстыкты туу тутуп, андан тайбашыбыз керек. Элдин эркиндиги үчүн, мекендин бүтүндүгү үчүн, элдин байлыгын талап-тоноого каршы ондогон жылдардан бери күрөшүп келген чыныгы элдик партияларды, элдик уулдарды колдого тийшпиз.

Жалал-Абад, Марипа: Азыр айрым саясатчылар, “партиянын лидерлери Орусияга каттап жатышат”,-деп сындап жатышпайбы. Эмне үчүн алар Орусия менен кызматташууга, мамиле түзүүгө болбойт? Эгерде катуу сындай берсе Орусия менен мамиле начарлашы мүмкүн. Биздин балдар Орусияда иштеп, ошолор багып жатпайбы. Менин оюмча Орусияга өтө эле басым жасай бергенибиз туура эмес.

Бишкек, Бейшебай Муратов: Алдыдагы парламенттик шайлоо мурда өтүп келген шайлоолордон көп жагы менен айырмаланат. Эң негизги өзгөчөлүгү шайлоого көп партиянын катышып жатканы. Мына ушундай шартта ар бир шайлоочунун талапкерди тандап алуудагы мүмкүнчүлүгү татаалданып кетери бышык. Өзгөчө бул кырдаалда саясий партиялардын программалары, тарыхы жана ошол партияга кирген талапкерлердин тизмесин жакшы билүү зарыл. Ошондуктан Кыргызстандын жарандары татыктуулардын татыктууларын гана тандап алуусу керек.

Бишкек, А.Абдувалиев: “Ата Журт” партиясынын кесесине кол салуу болуп, өрттөгөндө милициялар жөн эле карап турушту. Бул эмне бийликтин “ар бир партия өзүңөр милиция түзүп алгыла” деген мамилесиби? Мындай окуяга биз абдан таңданып турабыз.

"Азаттык": Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маселе боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, бейбаштык кылган адамдардын аты-жөнү такталып жаттканын билдирди. Аталган министрлик партиянын кеңсесин талкалап жатканда милиция кызматкерлери эч бир чара көрбөй карап турду деген “Ата Журт” партиясынын билдирүүсүн четке кагып, 6-октябрда “Ата Журт” партиясынын кеңсесине белгисиз адамдар кирип баргандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен милиция кызматкерлери ыкчам аракетте кеңсени курчоого алып, аны талкалатпай, өрттөн сактап калышканын айтышты.

Ошто июнь коогалаңында талкаланган турак-жай.
Жалал-Абад облусунан Төрөкан Алимов
: Июнь айында Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргондо болгон тополоңду көргөн, билген билимдүү инсандар, аксакалдар, интеллигенция бул окуяны тергеп-иликтеп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам беришибиз керек. Ошол күнү ким кайсы жерде болгон? Окуянын өрчүшүнө ким себепкер болгон? Кимдер чаң-тополоңду баштаган? Көргөн-билгениңер болсо чындыгын айтып тергөөгө көмөк көрсөтүү зарыл. Бул тарыхта кара так менен калуучу окуя тез арада иликтенип-тергелип бүтүп кылмышкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.

“Эр айдоочу” укуктук уюмдун жетекчиси Качкын Булатов Бишкек шаарында жеке фирмаларга таандык төрт жарым миңден ашуун жүргүнчүлөрдү ташыган кичи бустар бар экендигин, алардын миңге чукулу эч кандай уруксат кагазы жок иштешерин билдирди.

- Биз жакында транспорт инспекциясынын өкүлү, МАИ кызматкери болуп Павлов көчөсүндө бир саатка жакын текшерүү жүргүзгөндө 5 унаанын жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берген документтери жок экен. 3 бустун айдоочусунун документтери толук эмес. Мен алган маалыматка караганда, шаарда жүргүнчүлөрдү ташыган миңден ашуун кичи автобустар уруксат кагазы жок эле иштеп, тапкан акчасын чиновниктер менен бөлүшөт деген кепти эшиттим. Бишкек шаарынын жаңыдан дайындалган вице-мэри Төрөбек Имашев “таза иштеп, коррупцияга жол бербейм”,-деди. Эгер ал чынында эле таза иштеп, мыйзамдуулукту талап кылса жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке фирмалардын иш аракетин иретке келтириши керек.

Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматы бул маселе боюнча шаар бийлиги иш жүргүзүп жатканын, жакын арада шаардагы жүк ташуучу транспорттор иретке келтирилерин билдирди.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG