Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

"Эл үнү": тынчтык жана сабырдуулук


Бишкектеги шайлоо участкаларынын биринде бүллетен саноо. 10-октябрь,2010-жыл.
Бишкектеги шайлоо участкаларынын биринде бүллетен саноо. 10-октябрь,2010-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар шайлоодо тиешелүү добушка ээ болбой калган партияларды сабырдуулукка чакырышууда.

Бир аптадан бери парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкпай, эл арасында имиш-имиш кептер, ар түрдүү божомолдор айтылып, алдыга озуп чыккан 5 партия кандай коалиция түзөт деп кулак түрүп турган учур.

"Республика" партиясынын жарнаамасы. 14-октябрь,2010-жыл.
Бишкек шаарынын тургуну Токтоналиев Жапаркул: Эгерде республикада парламентаризм болсун десек “Ата Мекен” партиясы СДПК жана Ө.Бабановдун “Республика” партиясы менен бир коалицияга бириккени түз болгону турат. Биздин ошол жигиттер өздөрүнүн дымактарын жыйыштырып коюп, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Айрыкча Бабанов Өмүрбек мырза жакшылап ойлонуп, ушундай коалиция түзгөнгө барганы туура болот эле. Сиз ушул элдин тагдырын ойлоп “Ата Мекен”, СДП менен коалицияга барганыңыз жөндүү.

"Азаттыктын" Бишкектеги студиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү келип, Борбордук шайлоо комиссиясына нааразы болуп жатышканын билдиришти.

Бишкек шаары, Атыркүл Ибрагимова: Парламенттик шайлоо таза өттү, акыйкат, демократиялык негизде өттү дегенге биз да кошулабыз. Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоо таза өттү. Бирок “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”,-дегендей аяк жагында Борбордук шайлоо комиссиясынын "ыйлап кеткени" жаман болду. БШК 141 миң адамдын добушун алган партия 5 пайыздык чектен өтөт деп коюп, анан кайра "биз туура эмес эсептеп коюптурбуз, кошумча тизме да бар, 145 миң адамдын добушун топтогондор өтөт" дегени туура болбой калды. Бул бийликтин тапшырмасы менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясын парламентке өткөрбөөнүн эле аракети деп ойлойм. Муну биз баягы эле саясаттын сасык оюну деп түшүнөбүз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Бишкек шаарындагы штабынын жетекчиси Айгүл Шадыбекова:

- Азыр “Бүтүн Кыргызстан” 5
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарнаамасы. Бишкек 21-сентябрь,2010-жыл.
пайыздык добушту ала албай калды деген пикирлерге биз толугу менен каршыбыз. Себеби биздин партия шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу же болбосо бирөөө акча сунуштоо менен бул добуштарды алган жок. Бул добуштар биздин партияга болгон 145 миң 455 элдин ишенимдүү добушу. Азыр биз партиянын лидерлеринин кызыкчылыгын колдоп, алардын таламын талашып жаткан жокбуз. Биз шайлоочуларыбыздын добушун коргоп калалы деп атабыз. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын таза шайлоочуларынын добушун эске алып, БШКга биздин партияны парламентке өткөрсүн деген талапты коюп жатабыз.

Бишкек шаарынын тургуну Замир Ибраимов: “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламентке өткөрбөсүн деген тапшырма БШКга жогору жаткан болду деген имиш кепти укканбыз. Бул саясий заказ. Болбосо 145 миңден ашуун добуш алган партияны 5 пайыздык чектен атайын өткөрбөй жатканынын артында бир мандем бар экени көрүнүп турбайбы. Биз аягына чейин күрөшөбүз. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өзүнүн таламын талашып, мыйзамдын чегинде жеңишке жетебиз.

БШКнын мүчөсү Нурлан Шерипов "Азаттыктын" студиясында. 28-июнь, 2010-жыл.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурлан Шерипов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрүнүн БШКга коюп жаткан жооматтары негизсиз дейт.

- Бул чындыкка жакындашпайт. Биз эч кимдин заказын эч качан аткарган эмеспиз жана андай оюбузда да жок. Биз мыйзам чегинде Шайлоо кодекси көрсөткөн нормаларга, укуктук ченемдерге ылайык иш кылып жатабыз.

БШКнын мүчөсү Нурлан Шерипов белгилегендей, шайлоонун жыйынтыгы чыга электе алдын ала ар кандай божомолдорду айтууга негиз жок.

- Азыр шайлоо бүтө элек. Шайлоо бүттү деп БШК республика боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протокол кылып, жалпы республика боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, расмий түрдө массалык маалымат каражаттарына, мамлекеттик “Эркин тоо” гезитине жарыялагандан кийин гана шалйоо бүттү болуп эсептелинет да депутаттарга мандаттарды бөлүүгө киришет. Мыйзамга ылайык азыр бизде убакыт бар. Ага ылайык биз бардык облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан, шайлоо участкаларынан протоколдорду алып жатабыз. Ал протоколдордун баарын алгандан кийин гана биз ошол протоколдордун барын изилдеп, жалпы санын чыгарып, ар бир келип түшкөн арыз-доонун баарын карап чыккандан кийин жыйынтыктоочу отурумубузду өткөрөбүз. Ар бир арызды, ар бир кайрылууну бирден карап чыгып, ар бири боюнча чечим алып, анан жыйынтыгын чыгарууга укугубуз бар. Азыр БШК мыйзам чегинде ар бир доо арызды карап, протоколдорду жыйнап, бул багытта абдан чоң ишти жүргүзүп жатат. Ошондуктан шайлоо толугу менен аягына чыкты дегенге али эрте.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG