Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Кыргыз-өзбек чегинде чыр чыкты


Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бекети
Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бекети

Баткендин Чарбак айылындагы кыргыз чек арачыларына өзбек жарандарынын кол салуу аракети чырга айланып, тополоңдон эки кыргыз жараны жабыркады.

20-июль күнү кечке маал Баткен районунун Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Хушяр айылынын чектешкен жеринде кыргыз чек арачылары менен өзбек атуулдарынын ортосунда чыр чыкты. Мындан улам тиреш күчөп, эки тараптан үч жүздөй эл топтолду жана анын арты таш бутага айланды. Абалды жөнгөрүү үчүн чек арачылар ок чыгарууга мажбур болушту.

Бул окуя боюнча Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы Сейитмурат Матраимов буларга токтолду:

- Биздин Чарбак айылындагы көзөмөл бекетибизге постубузга Өзбекстандын 2 жараны мас абалда келип, бейбаштык уюштуршкан. Анан чек арачылар менен өзбек жарандарынын ортосунда жанжал болуп, эки тараптан тең эл чогулду. Тополоңдо биздин эки жаранга таш тийип жабыркады. Алар орууканага жеткирилип, абалы азыр жакшы болуп калды. Биздин чек арачылар, милиция Өзбекстандагы кесиптештери менен сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салышты.


Окуя тууралуу кабар район жетекчилигине түшөөр замат тиешелүү кызматтар менен Баткен район акими Дастан Ходжаев Чарбак айылына барып, Өзбекстандын жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Район акими анын натыйжасында өзбек тарап баш аламандыктын себепкери болгон эки атуулун кармап, жоопкерчиликке тартаарын жана тирешүү учурунда жабыркаган суу түтүктөрүн калыбына келтирүүнү өз моюндарына алышканын айтат.

- Мага жеткен маалымат боюнча эки-үч өзбек атуулдары мас абалда биздин чек арачыларга кол салууга аракет кылышкан. Анын негизинде биздин чек арачылар эскертүү огун асманга чыгарууга аргасыз болушкан. Баш аламандыктан биздин эки жараныбыз жабыркады. Өзбекстандын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшүүдө өзбек тарап толугу менен күнөөнү моюнга алышты. Мас абалда жанжал уюштургандарды кармап жоопко тартуу иши башталды. Тополондо биздин суу түтүктөрүбүздү бузуп салышкан эле ошол замат оңдоп, сууну беришти. 25-июлда дагы эки тараптан ондон аксакалдар, жергиликтүү депутаттардан болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыр чек ара толугу менен көзөмөлдө.

Ошол эле учурда айрым жергиликтүү тургундар мындай тирешүүлөрдү өзбек тарап көралбастыктан улам атайлап уюштуруп жатат деген пикирде. Андай пикирдегилердин бири Урмат аттуу жигит ага акыркы мезгилде Кыргызстан көпчүлүк тараптан кошуналарга көз карандылыгын четтетип жатканы себеп болгонун жүйөө тартат:

- Чарбак айылындагы окуялар атайын уюштурулган иш. Өзбек тарап азыр Кыргызстан өз алдынча айланма жолдун курганын да көралбай жатышат. Анан алар бизге суу боюнча көз каранды бойдон калышууда. Ошондуктан меничмче, кошуналар чыр чыгаруу үчүн ушундай кадамга барышууда.

( Урмат айтып жаткан Өзбекстандын Хушяр айылын айланып өтүүчү Согмент-Таян жаңы жолу кыргыз өкмөтү тарабынан курулуп, өткөн жумада пайдаланууга берилген - автор)

Ошентип чек арадагы кырдаал калыбына келтирлиди. Эми тараптар бул маселе боюнча 25-июлда жолугушуп, дагы бир жолу сүйлөшмөкчү.

XS
SM
MD
LG