Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Токтогул ГЭСин кырсык басты


Кыргызстандагы эң ири Токтогул ГЭСинде 8-декабрга караган түнү эки агрегат иштебей калды. Учурда ГЭСте эки агрегатты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Энергетика министрлиги иштен чыккан агрегаттын бири бүгүн кечке чейин, экинчиси эртең ишке ишке киргизилээрин билдирүүдө.

Кыргызстандын эң ири ГЭСинде минтип эки агрегаттын бирдей иштен чыгышы коомчулукту чочулатпай койгон жок. Бирок энергетика төбөлдөрү мындай чочулоого, чуу көтөрүүгө негиз жоктугун, бул кырсыкка байланышкан кырдаал көзөмөлдө турганын, өлкөгө электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурбастыгын жана демейдегиден тыш чектөөлөр киргизилбесин, эгер киргизилсе эки агрегат ишке киргенче ток көп пайдаланылган учурларда гана чектөөлөр болушу ыктымалдыгын айтууда.

Токтогул ГЭСиндеги бул окуя боюнча бүгүн “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун техникалык деректири Мурат Калкабаев менен бул мекеменин эксплуатация жана оңдоо кызматынын башчысынын орун басары Сергей Абдулхаиров маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Сергей Абдулхаиров эки агрегаттын иштен чыгышы авария эмес, жөн гана техникалык мүчүлүштүк экенин, аны Орусиянын Саян-Шушен ГЭСиндеги авария менен салыштырууга болбостугун билдирди.

Адистер ошондой эле бул агрегаттардын иштөө мөөнөтү 30 жыл экенин, эскилиги жеткен агрегаттарды алмаштыруу жүз миллиондогон доллар каражатты талап кылаарын белгилешти.

Токтогул ГЭСи 1975-жылдан тарта ишке киргизилген.

XS
SM
MD
LG