Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

ФИФА рейтингинде Кыргызстан 137-орунга чыкты


Билярд оюнчусу Каныбек Сагынбаев
Билярд оюнчусу Каныбек Сагынбаев

Өткөн айда футбол боюнча Кыргызстан курамасы 143-орунда турса, бул жаңырган айдын тизмегинде өлкө командасы алты тепкич өйдөлөдү. Рейтингде Кыргызстандан кийинки орунга Түркмөнстан менен Тажикстан футболчулары, ал эми алдыңкы катарга Казакстан менен Азербайжан курамалары чыгышкан.

Тизмектин топ башында Бразилия, экинчи орунга Испания, андан соң Нидерланд курамасы турат. Бул рейтингде Кыргызстандын эң чоң жетишкендиги - 2006-жылы болуп, анда өлкө оюнчулары 119-орунга ээ болушкан. Ал эми кураманын эң төмөнкү көрсөткүчү - 2000-жылы болуп, футболчулар 175-орунду ээлешкен.

Эмил Кенжесариев Орусияда оюн көрсөтөт

Казакстандын "Актөбө" клубунда ойногон кыргыз жигити Эмил Кенжесариев быйылкы сезондун аякташы менен, Москванын "Локомотив" командасына кетиши мүмкүн. 22 жаштагы Кенжесариевдин оюну "Актөбө" - "Локомотив" беттешүүсүндө "Локомотивдин" башкы машыктыруучусу Павел Сёминди канааттандырып, ал Эмилди өз командасына чакыргандыгы айтылууда.

Билярд оюнчусу Каныбек Сагынбаев күмүш медалдын ээси болду

Чеченстандын борбору Грозный шаарында өлкөнүн биринчи президенти Ахмат Кадыровдун элесине арналып, орус билярды боюнча Үчүнчү эл аралык турнир өттү. Мелдешке КМШ аймагындагы эң күчтүү 16 оюнчу катышып, мөөрөй талашты. Турнирде Кыргызстандын намысын дүйнөнүн үч жолку чемпиону, эл аралык спорттун чебери Каныбек Сагынбаев коргоду. Ал алгачы беттеште 2001-жылдагы дүйнө чемпиону Игорь Григорьевди 5:2, андан соң Орусиянын учурдагы чемпиону Павел Кузьминди 5:1, үчүнчү айлампада 2008-жылкы дүйнө чемпиону, армениялык Арман Баклачанды 5:2 упайында жеңип алды.

Каныбек жарым финалга чыгуу үчүн дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону, москвалык Евгений Сталев менен күч сынашып кызуу оюндун жыйынтыгында 5:3 эсебинде ийгилик жарата алды. Андан соң Сагынбаев жарым финалдык мелдеште украиналык дүйнө чемпиону Ярослав Винокурду 5:3 упайы менен оңой эле утуп, чечүүчү мелдеште Александр Паламарди 6:2 менен жеңип, финалдык бөлүккө чыкты.

Финалдык оюн 20 жаштагы белорус Евгений Куртка менен Каныбек Сагынбаевдин ортосунда өттү. Көпчүлүк бул таймашта кыргыз спортчусу чемпион болот деп болжоп турушкан, себеби буга чейинки турнирлерде Каныбек Евгенийди бир нече жолу утууга жетишкен. 12 партиялык оюндун жыйынтыгы 6:6 эсебинде аяктап, чечүүчү оюнда Евгений ийгиликке жетип, 500 миң рубль жана алтын медал менен сыйланды. Ал эми Каныбек Сагынбаев 400 миң рубль жана күмүш медалдын ээси болду.

Бишкектеги турнирде балбандар төрт алтын алышты

17-18-октябрда Бишкекте Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди элесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Турнирге Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 200гө жакын грек-рим балбандары катышып, мөөрөй талашты.

Натыйжада алтын медалга кыргыз балбандарынан 55 кг. салмактагы Арсен Эралиев, 60 кг. категориясында Азиз Бейшалиев, 66 кг. салмагында Данияр Ибраимов, 84 кг. Азат Бейшебеков татып, өлкө намысын коргошту. Ал эми 74 кг-да жана эң оор салмак категориясында казакстандык Айбек Енсеханов менен Нурмахан Тиналиев чемпион наамына татыды.

96 кг. салмагында орусиялык балбан Василий Теплоухов атаандаштарынын бардыгын жеңип, алтын медал ээси болду. Байгелүү орундарга жеткен балбандар акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Кыргыз балбандары бул турнирде жакшы көрсөткүчкө жете алды, дейт грек-рим күрөшү боюнча курама команданын ага машыктыруучусу Эмил Алымкулов:

- Мелдешке 180 спортчу катышып, күч сынашты. Биздин өлкөнүн чемпионатына эң көп дегенде 100 балбан мөөрөй талашат. Демек бул турнир катышуучулар үчүн оңой мелдештерден болгон жок. Биздин спортчулар жети салмак боюнча күч сынашып, төрт алтын, эки күмүш жана бир коло медал жеңип алышты. Олимпиада оюндарынын байге ээлери Канатбек менен Русланды ээрчиген мыкты жаш балбандарыбыз бар. Алардын келечеги кең деп ишенебиз. Жакынкы аралыкта деп айта албайм, бирок келээрки жылы боло турган Азия оюндарында, андан кийинки Лондон олимпиадасында өлкө намысын коргоп, кыргыз элин сүйүндүрө турган жаш балбандарыбыз өсүп келе жатат.
XS
SM
MD
LG