Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Жаштар олимпиадасына жетинчи спортчу жолдомо жеңди


Сингапур Олимпиадасына жетинчи спортчу жолдомо жеңди. Евгений Ваккер ийгилик жара алган жок. Спорт агенттигине караштуу борборлор кайра түзүлүүдө.

Кыргызстандык Илияс Бактыбеков дүйнө биринчилигинде спорттун азыркы беш түрү боюнча ийгилик жаратып, жаштардын биринчи Сингапур олимпиадасына жолдомо жеңип алды. Швециянын Упсала шаарында өткөн чемпионатка 101 өлкөдөн 160 спортчу катышкан. Спортчу Бактыбеков сууда сүзүү жана дзюдо спорт мектебинин тарбиялануучусу. Буга чейин Кыргызстандын жаш спортчулары бокс, күрөш, сууда сүзүү боюнча олимпиадага алты жолдомо жеңип алышкан.

Евгений Ваккер байгелүү орунга бир кадам жетпей калды

Индонезияда өткөн Чыгыш Ява вело жарышында 24 команда катышты. Мелдеш үч этапта өтүп жыйынтыгында ирандык спортчу чемпион аталды. Андан 19 секунда артта калган Евгений Ваккер төртүнчү орундун ээси болду. Турнирге Азия чөлкөмүнөн 120 спортчу катышкан. Эми июль айында Ваккер Кытайда өтө турган Qinhigh Lake (Кин хай лайк) турниринде мөөрөй талашат.

Дене тарбия жана спорт агенттиги өз башкаруусундагы бир катар борборлорду кайра түздү

Агенттиктин алдында кайра түзүлгөн Олимпиадага даярдык көрүү борбору курама команданын спортчулары менен иш алып барат. Муну менен катар олимпиадалык резервдеги республикалык эки мектеп ачылды. Алардын бири спорттук күрөш боюнча экинчиси бокс, оор жана жеңил атлетика багытында иш алып барат. Мындай кадам башкаруудагы ачык айкындуулукка жана спорттун өнүгүшүнө салым кошот.

Футбол: Кыргызстан Кубогунун жарым финалдык оюндары жүрүүдө

22-июнда “Абдыш-Ата” клубу менен Бишкектин “Алгасы” мөөрөй талашып, канттыктар 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми экинчи жуптун оюнунда “Дордой” менен “Шер” клубу беттешти. Эки оюн 5:0 упай менен жыйынтыкталып, Бишкектин “Дордой-Динамосу” Кыргызстан кубогунун финалына чыкты.

Түштүк Африка республикасында футбол боюнча дүйнө биринчилиги уланууда


Анда группа ичиндеги оюндар жыйынтыкталып, 8/1 финалдык таймаштар башталды. Топ ичиндеги беттешүүлөр 32 курама команданын ортосунда өттү. Кийинки айлампага Италия, Франция, Нигерия, Швейцария сыяктуу күчтүү деп эсептелген командалар чыга алышкан жок.

8/1 финалдык оюндардын алгачкы беттешүүлөрү башталды. 26-июнда Уругвай Кореяны, Гана АКШны 2:1 эсебинде жеңди. 27-июнда Аргентина Мексиканы 3:1 упайында утуп алды. Ал эми Германия Англия 4:1 эсебинде Англиянын утулушу менен аяктады.

Бул оюндун жүрүшүндө уругвайлык калыс Хорхе Лорионда англиялык футболчу Фрэнк Ламбарда тарабынан немистердин дарбазасынын кырына тийип чийимден өткөн голду эсепке албай койду. Мындай чечим күйөрмандардын нааразычылыгын туудурду. Эгер бул гол эсептелгенде оюндун 37-мүнөтүнө карай упай 2:2 болмок. Азырынча ФИФАнын өкүлчүлүгү калыстардын мындай чечими боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Анткен менен дүйнө чемпионаты кызуу оюндар менен уланууда. Алдыда Бразилия-Чили, Голландия-Словакия, Парагвай-Жапония, Испания-Португалия курама командалары оюн талаасына чыгышат.

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бообек Кадыркулов дүйнө чемпионатындагы оюндар жана финалдык таймашка карай божомолун айтты.

- Мелдештеги мыкты командалар кийинки айлампага тандалып чыкты. Чемпионатка Түштүк Американын курамалары мыкты даярдык менен келгенин оюндун жыйынтыгы көрсөтүүдө. Алсак Аргентина командасынын көрсөткүчү жакшы. Алдыда болсо көп-көп кызыктуу оюндар бар. Негизинен мелдеш жаман өткөн жок. Калыстар тобунун чемпионатта начар даярдык көрсөткөндүгүнө бардык күйөрмандар күбө болуп жатабыз.

Финалдык оюн кайсы командалардын ортосунда өтөт деп божомолдоп турасыз?

- Аргентина менен Германиянын беттешүүсүндө кимиси утса ошол команда жеңишке жетиши мүмкүн. Ошондой эле Испания менен Бразилия оюнунда ийгилик жараткандар кураманы финалдык оюнда күтсөк болот.
XS
SM
MD
LG