Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Болот Жанузаков: Өлкөнүн коопсуздугун өзүбүз ойлошубуз керек


ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрү, Кыргызстандагы соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков жооп берди

- ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрүн киргизүүгө Кыргызстандын бир топ жарандары каршы болуп атат. ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрүнүн Кыргызстанга киргизилиши жана алардын иш эрежелери тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

Болот Жанузаков: Өзүнүн мамлекетинин, элинин коопсуздугун сактоо - бул адегенде бийликтин иши. Бөлөк жактан келип бизге эч ким кызмат кылып бербейт, бизге тынчтыкты камсыз кылып бербейт. Өзүбүздүн ички турмушубузду биз өзүбүз чечебиз, өзүбүз жасай алабыз. Ошондуктан адегенде акылыбызды жыйып, эсибиз барда этекти жыйып, ушундай коогалаңдын болбошуна, уланбашына баарыбыз аракет жасашыбыз керек, ошондо бир майнап, жыйынтык чыгат. Ошон үчүн эң биринчи биз өзүбүздүн мамлекеттүүлүк кызыкчылыкты да, элдин кызыкчылыгын да өзүбүз ойлошубуз керек.

Ал эми ЕККУ куралсыз полициясы келгенде алар кайсы максат менен келет, эмне иш кылат? Өзгөчө кийинки убакта чет элдик маалымат каражаттары, ошонун ичинде аттуу-баштуу уюмдар Кыргызстанда этникалык тазалоо жүрүп атат деп айтып чыгышты, ушунун бардыгы берилген маалыматтардын таза эместигинен, бизге бирөөнүн майга от жаккандай болгонунан келип чыгып атат. Ошондуктан адегенде биз өзүбүздүн күчүбүздү жумшап, өлкөбүздөгү тынчтыкты сактап алууга өзүбүздүн болгон мүмкүнчүлүктү аракет жасаганыбыз оң болот.

- ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрүнүн Кыргызстанга келип эмне иш аткарары тууралуу Убактылуу өкмөт элге кенен маалымат бериши керек эле. Элге маалымат жетпей атканынан жанагыдай нааразылыктар күчөп атат деген пикирлер айтылып атат. Буга кандай карайсыз?

Болот Жанузаков: Мен ошону айтып атам. Эмне үчүн келишет, кандай кызмат аткарат, максаты эмне? Менин жеке оюм, 50 киши куралы жок келип, өйдө-төмөн карап, элдер менен сүйлөшүп, тигинден бир сөздү, мындан бир сөздү угуп, өзүнүн бүтүмүн чыгарып кете берет. Кокусунан ошол келген 50 кишиге бирөө кол салса эмне болот? Биздин жигиттер кайра кайтарып жүрөт экен, 50 кишиге 100 киши беришибиз керек, кайтар деп. Кокустук болсо эмне болот, ага биз жооп беришибиз керек.

- Мурда коопсуздук катчылыгын жетектеп турганда ушундай иштерди кимдер маалыматтар менен камсыз кылып, кимдер иш алып барчу эле? Азыр Убактылуу өкмөттө кимдер ушуга милдеттүү түрдө караш керек деп ойлойсуз?

Болот Жанузаков: Аны өкмөттү жетектеп тургандар бөлүштүрөт. Ал эми биз кызматташтыктын эң негизги максатын, боло турган ишин ачык-айкын убагында жеткирип турчубуз. Бул адегенде өкмөттүн иши.

Тышкы иштер министрлиги бар, ошолор эң биринчи маалыматты берет. Себеби бардык маселенин баары Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечилет. Элге ачык-айкын айтпаса, адатынча ар кандай ушак айың сөздөр жүрө берет, акыры бул чатакка айланып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн адегенде элге туура түшүндүрүш керек. Азыркы жүрүп аткан ар кандай маселелердин бардыгы ачык-айкын, так маалыматтын берилбегенинен чыгып атат.

- Баткен облусунан согушкерлер кирип бир топ коогалаң түшүрдү эле. Ал эми ушул тапта ошол тараптан коркунуч жокпу? Аны алдын алуу боюнча эмне иш кылыш керек деп сунушунузду бересиз?

Болот Жанузаков: Коркунуч жок деп айтканга болбойт. Себеби өзүбүздүн мамлекетибиздин коопсуздугун сактоого биз дайыма даяр турушубуз керек. Өзүбүздүн башыбыздан өтпөдүбү 99-жылы да, 2000-жылы да. Себеби өзүбүз даяр болбосок азаптын баарын өзүбүз тартабыз.

Коопсуздукту камсыз кылуу бул - бийликтин иши. Ошон үчүн эң биринчи биз согушка даярдык эмес, өзүбүздүн коопсуздугубузду сактап алууга даяр болушубуз керек. Ага атайын кызматтар да, куралуу күчтөр да, укук коргоочулар бар. Толук маалымат болбогону менен бүгүнкү жүргүзүлүп аткан иштердин кээ бирлерин угуп, окуп калып жүрөбүз. Жүргүзүлүп аткан иштер канчалык деңгээлде мамлекетибиздин, элибиздин коопсуздугун сактоого даяр экенин ачык айтууга мүмкүн эмес. Иштер жүрүп атыптыр.

Адегенде биз өзүбүздүн чек ара кызматын жакшылап жөнгө салышыбыз керек. Азыр чек ара кызматы Улуттук коопсуздук кызматына өттү. Бул туура маселе. Ага каршы чыккандар да болуп атат. Чек ара маселеси менен кооопсуздукту сактоо маселесин чогуу алып жүргөн туура болот. Бүгүнкү чечим, менин пикирим боюнча, туура чечим болду.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG