Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

А.Абдрасулова: Түштүктөгү окуялардын чыгышына көп себеп бар


Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар, Нариман айылында жүргүзүлгөн аскердик операция тууралуу “Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз жана укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова учурда Оштогу кандуу окуяны иликтеп жүргөн экенсиздер. Башаламандык, курал колдонгон жерлерде адам укуктары корголбой калчу эле. Ал жерде адам укуктарына кандай маани берилүүдө?

Азиза Абдрасулова: БУУнун декларациясынын дагы бир багыты куралдуу кагылыштар болгон убакта адам укуктарынын сакталышы зарыл экендигин баса көрсөтөт. Ошондуктан Ош шаарында, Ош облусунда болгон окуялар, куралдуу кагылыштар убагында адам укуктарынын сакталышы боюнча байкоо жүргүзүп, зарыл учурларда аларга түздөн-түз жардам көрсөтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө адам укуктарынын дээрлик бардык көрсөтмөлөрү, жашоого болгон укуктары, кол тийбестик жана башкалардын баары бузулду деп айтсак болот.

- Сиздер Оштогу окуяны иликтөөдө улут аралык араздашуунун чыгышына эмне себептер болгонун аныктай алдыңыздарбы?

Азиза Абдрасулова: Биз бул боюнча кенен маалымат беребиз. Бирок өтө көп себептери бар. Бул жерде эң биринчи социалдык-экономикалык жагдайга келгенде маани берилген эмес. Бир гана 90-жылдан берки эмес, 90-жылга чейинки да жарандардын абалдары боюнча таптакыр маани берилген эмес. Биз да бир жыйынтыкка келдик, жарандардын социалдык-экономикалык абалы жакшырмайынча мындай кагылыштар боло бериши мүмкүн. Мамлекет эң биринчи кедейлерге колдон келишинче жардам бериш керек. Мамлекет ошого көңүл бөлүш керек.

Экинчиси, саясий себептер. Саясий себептер бул жерде абдан чоң ролду ойноп, түрткү берген. Бул маалымат таркатуу боюнча өзүнчө себеп болду. 10-11-июндагы окуялар, май айындагы окуялар кийинки шылтоо болуп калды. Себептери өтө терең болуп атат.

- Айрым маалыматтарда бул жаңжалдын чыгышына мурдатан даярдыктар көрүлгөнү, үчүнчү күчтөр бардыгы айтылууда. Аны кайсы тарап уюштуруп, баштаганын тактай алдыңыздарбы?

Азиза Абдрасулова: Биз тергөөчү эмеспиз, биз бүгүнкү күндө тигил, же бул күч деп айткандан алыспыз. Бирок алдын ала даярдыктар болгонуна биздин көзүбүз жетти, бизде толук фактылар бар. Ошондуктан албетте бул бир күндүн ичинде эле кокусунан чыга калган нерсе эмес. Мисалы, бир нерсени айтсак, алдын ала даярдалган КАМАЗдар болгон, алдын ала жигиттердин үстүндө кара футболкалар, же кызыл баш кийим пайда болуп калган. Ушундай нерселерди иликтей келгенде бул алдын ала даярдалып, өтө көп каржыланган. Буга биздин көзүбүз жетти.

- Брондолгон унаалар кайсы айылдан табылып отурат?

Азиза Абдрасулова: Аны укук коргоо органдары берсин. Бирок брондолгон КАМАЗдарды өз көзүбүз менен көрдүк, жетишээрлик далилденген фактылар бар.

- Ал эми дүйнөлүк ММКларында күч органдары Нариман, Калинин айылдарында тазалоодо тынч атуулдарга зомбулук кылганы айтылууда. Анын чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

Азиза Абдрасулова: Нариман айылында чындыгында эле күч колдонуулар болду. Себеби Нариман айылына Кара-Суу районунун милиция кызматкерлери киргизилген. Албетте мен Кара-Суу районунун милиция кызматкерлерин түшүнөм, балким алардын ордуна башка адам болгондо ушундай мамиле кылышы мүмкүн эле. Себеби Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси кандай мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн баары билет. Ошол айылда өлтүрүлгөн. Анын кол алдында иштеген кызматкерлери кандай мамиле кылыш керек болчу?

Ушундай операцияларды жасаганда кылдат мамиле кылуу жетекчилердин иши деп ойлойм. Милиция кызматкерлери бүгүн психологиялык жактан жаракат алып, алар да кан кечип жүрөт. Алар ушундай оор убактарда октун алдына кирип атат. Ошондуктан милиция кызматкерлеринин психологиялык жактарын карап, Кара-Суунун гана эмес, башка жактын милицияларын киргизсе деле болмок. Албетте Кара-Суунун милиция кызматкерлери Нариман айылына киргенде өзүнүн жетекчиси кандай өлгөнү көз алдында турду да.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG