Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Мухаммед пайгамбардын туулган айына арналган иш чара


12-мартта Бишкектеги спорт сарайында Пайгамбар Мухаммед Алейхи-Саламдын туулган айынын урматына арналган Мавлүд окуулук өттү. Кыргызстандын Муфтияты менен “Адеп башаты” коомдук фонду биргелешип өткөргөн бул иш-чарага катышкан 2 миңден ашык адамдан сырткары 500 дөй киши кире албай сыртта турду.

12-мартта Спорт сарайында Пайгамбар Мухаммед Алейхи-Саламдын туулган айына арналган Мавлүд окуулукка – Пайгамбарды эскерип, даңазалоого арналган иш чарага катышууга батпай сыртта турган 500 дөй кишинин ичинен Ажы Имамидин Низамидинов буларды айтты:

 

 - Элдин келгенин көрүп турасыз. Элдин ыйман угууга суусаганы билинип турат. Бул иш-чараны стадионго уюштурушса болмок экен.

 

 Кыргызстандын  Азирети  муфтийи Муратаалы Жумановдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, аталган Мавлүд окуулукта – төкмө акындар Мухаммед Алейхи-Саламды, ыйман жолун даңазалап ырдашты.

 

 Муратаалы ажы Спорт сарайындагы Мавлүд окулуктун өтүшү тууралу буларды маалымдады:

 

  Бул иш-чаранын максаты – Пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхи-Саламдын туулган айында өмүр-баянын эскерүү, ыйман жолунан сөз сүйлөө, Пайгамбарыбызды даңазалоо болду. Эми Спорт сарайына 2 миңден ашык эле адам батат экен. Сыртта батпай калгандардан кечирим сурадык. Алар батпай сыртта турушса да, Пайгамбарыбыз деп ниет менен барышкандан кийин, Пайгамбарыбыздын ыраазычылыгы аларга тиет. 

 

 Пайгамбар Мухаммед Алейхи-Саламды эскерүүгө арналган кечеге катыша албай сыртта турган Бишкектеги Ислам университетинин студенти Бүайша Мендибаева ыйман жолуна чакырган мындай окуулуктар – Пайгамбар туулган март айында эле эмес, башка айларда деле өтүп турса деген пикирин айтты:

 

 - Мындай окуулуктар өзгөчө жаштарыбызга пайдалуу деп ойлойм. Пайгамбарыбызга ызаат көрсөткөн ыйман кечелер башка айларда деле өтсө болбойбу... 

 

 Мындан кийин мындай иш-чарага катышууну каалагандардын батпай калганынан улам, ачык асман астында эле өтөт го деген оюн билдирди:

- Мындай иш-чараларды ачык асман астында же борбордук стадиондо эле өткөрбөсөк, катышууну каалаган эл көп экен, көрбөдүкпү...

 

 Ажы Шаршенаалы Абдрахманов аксакал Пайгамбар Мухаммед Алейхи-Саламдын туулган айында Кыргызстан элине жакшы тилектерин билдирди:

 

 - Элибиз ыйман жолун аркалап, Кудай-Атабыздын, Пайгамбарыбыздын баркы дагы көтөрүлүп, элибиз тынччылыкта, токчулукта жашасын.

 

 Пайгамбар Мухаммед Алейхи-Саламдын туулган айына арналган Мавлүд окуулуктар Бишкектин борбордук жана дагы башка мечиттеринде ай аягына чейин өтүп турмакчы.

 

 

 

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG