Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Оштогу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кимдер уурдап кетти?


БШК мүчөсү Жеңиш Акматов "Азаттыктын" студиясында.(Сүрөт 2008-жылдын 6-декабрында тартылган.)
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов "Азаттыктын" студиясында.(Сүрөт 2008-жылдын 6-декабрында тартылган.)

Ошто кечээ шайлоо комиссиясынын беш мүчөсүн белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, төртөө кайра табылганын БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда алдыдагы референдумга даярдыктар, коопсуздук маселелери боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди.

- Жеңиш мырза, 27-июнда өтүүчү референдумга даярдык толук бүттүбү?

- Биздин өзүбүздүн бекиткен календардык план боюнча иш аракеттерибиз өз нугунда өтүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата даярдыктар бардык жерде бүтүп калды. Бир гана Ош шаарында участкалык шайлоо комиссияларын окутуу проблема болуп жатат. Калган региондордо шайлоо комиссияларынын толук курамын бардык деңгээлдеринде окутуулар бүтүп, бюллетень жана бармакка белги коюучу жабдыктары, окутуу колдонмо куралдарыбыз бардык райондук комиссияларга жеткирилди. Кудай буюрса даярдык жакшы эле.

- Шайлоочулардын тизмеси толук такталып бүттүбү?

- Шайлоочулардын тизмесин өзүбүздүн “Шайлоочу” деген автоматтык система боюнча бергенбиз. Бирок өзүңүздөр билесиздер, кийинки кездерде Убактылуу өкмөттүн декрети чыгып, жергиликтүү бийликтер менен тактоо жүрүп жатат. Кечээ кечинде сиздердин «Ыңгайсыз суроолоруңуздарда» Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев дагы айтып кетти, бул иш кечирээк башталгандыктан толук бүтө элек. Бирок шайлоо күнгө чейин тактоо иш чарасы бүтүп калат го.

- Ош шаарында кечээ шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу бүткөңдөн кийин шайлоо комиссиясынын 5 мүчөсү белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетип, кайра табылды деген маалымат айтылып атат, ушул боюнча кыскача айта кетсеңиз?

- Бизде бекитилген план боюнча ар бир участкалык шайлоо комиссияларын окутуу каралган. Себеби биз быйыл референдум ачык, акыйкат өтүшү үчүн шайлоо комиссияларынын курамдарын 80-85 пайызга жаңыртканбыз. Ошондуктан буларды окутуу абдан проблемалуу маселе болчу. Башка жерлерде түзүлгөн график боюнча өткөн, бул өзүңүздөргө белгилүү окуяларга байланыштуу Ошто бул маселе токтоп турат эле. Бирок кечээ комиссиялардын мүчөлөрүн таап чогулутуп, 122 кишини окутуу болгон, колдонмо материалдарды таратуу учурунда белгисиз аялдар тарабынан шайлоо комиссиясынын 5 мүчөсү алынып кеткен. Кечээ кечинде шаардык комиссиясынын төрагасы менен сүйлөшкөндө төртөөнү алып келип беришиптир, бирок бир шайлоо комиссиясынын төрайымы азырынча белгисиз болуп атат деп кечээ сегизде маалымат берген, андан кийин менде жаңы кабар жок, байланыша албай атам.

- Ушундан улам референдум өткөрүү боюнча комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугу тууралуу маселе койдуңуздарбы?

- Биз муну башынан эле коюп келатабыз, өзүңүздөр биленсиздер, коопсуздук маселеси бул укук коргоо органдарынын иши. Бирок алардан “бардыгы жакшы, күчөтүлгөн режимде болот” деген кат жүзүндөнү билдирүүлөрүн алып келгенбиз. Бирок кечээ болгон Оштогу окуяга байланыштуу бүгүнкү жыйында атайын ушул маселени коюп, укук коргоо органдарын көзөмөлдөөчү төрайымдын орун басарын баш кылып, укук коргоо органдарынын жетекчилерин жыйынга официалдуу түрдө чакырдык.

- Референдумга чакыруу баракчалары көпчүлүк жерде таратылбаганы айтылып атат. Ушул маселе элдин келүүсүн солгундатып койбойбу?

-Тынч жерлерде бардык жерде эле таратылды. Коогалаң болгон жерлерде таратуу болбой атат, аны өзүңүздөр жакшы билип атасыздар, кечекидей барымтага алып кетет, бул жерде ММКлар аркылуу таратуу маселелери жүрүп жатат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG