Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Конституциянын маани-маңызын эл түшүндүбү?


27-июнда бүткүл элдик добуш берүүгө коюла турган Конституциянын жаңы долбоорун түшүндүрүү жана талкуулоо иштери соңуна чыгып калды. Өлкөнүн бир катар аймагында бул багытта алгылыктуу иштер жүргөнү менен өзгөчө түштүк аймагында долбоор туурасында маалыматтар калкка толук жетпей жаткандыгын демилгечи топтун бир катар мүчөлөрү билдиришет.

Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр туурасында калкка маалымат жеткирүү иш-чаралары 7-июнда башталган. Ушул күндөрү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшүндүрүү иштери уланып жатат. 25-июнда аяктай турган бул иш-чарага Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, бир катар өкмөттүк эмес уюмдар жана ыктыярчылардан турган 500дөн ашык демилечи топтун мүчөлөрү катышууда.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманбек Дыйканбаев белгилегендей Баш мыйзамдын жаңы долбоорун калк ичинде толук талкуулоого убакыт тартыш болуп жатат:

-Ар кайсы жерлерде чогулуп жатканда 100-150гө чейин адамдар чогулуп жатты. Кызуу талкуулар, көп суроолор болду. Тилекке каршы, убакыт аз болуп калды. Колубуздан келгенин кылдык. Бирок убакыт азыраак болуп калды. Жанакы долбоор дагы ар бир үйгө жетет деп ойлогом. Бирок региондордо сурасак ар бир үйгө, ар бир түтүнгө Баш мыйзамдын долбоору жетпептир.

Кыргызстандын аймактарында долбоорду түшүндүрүп, калктын кайсы мыйзам үчүн добуш бере тургандыгы туурасында маалымат жеткирүү үчүн 25 мобилдүү топ түзүлгөн. Бул топтун түзүлүшүнө көмөктөшкөн “Интербилим” борборунун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдиргендей мобилдүү топтор ар бир облуска бөлүнүп, иш алып барышууда:

- Ар бир мобилдүү топто эки киши бар. Мобилдүү топтор конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен бирге иштешишкен. 7-июндан баштап иш алып барып жатабыз. Бирок ага чейин биз топторду Конституциянын жаңы долбоору боюнча маалымат берип, окутканбыз.

"Интербилим" борборунун берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын түндүгүндө 40 миңден ашууна жарандардын арасында түшүндүрүү иштери, талкуулар жүргүзүлгөн. А бирок түштүктөгү болгон окуялар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында долбоорду толук кандуу түшүндүрүү иштерин кыйла кечеңдеткен. Кыргызстандын түштүгүндө Референдум жана Баш мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берип келген Конституциялык кеңешменин мүчөсү Шайырбек Маматокторов, болуп өткөн тополоңдор түшүндүрүү жана талкуу иштерин дээрлик токтотуп койгондугун айтты:

-Түштүктөгү окуяларда калкка маалымат эмес, жөнөкөй эле гуманитардык жардам жетпей жатат. Көп нерсе токтоп калды. Ошолордун катарында Конституциялык кеңешменин түшүндүрүү иштери да өзүнөн өзү токтоду. 16-сынан бери бир топ иш жасалды. Эртеңден баштап дагы убакыт бар. Дагы эле айыл башчылары менен, жетекчилер менен, жамааттын башчылары менен иштерди референдум өткөн күнгө чейин жүргүзөбүз.

Түшүндүрүү иштери Бишкек шаарында да жүргүзүлүп, аларга бир катар жаштар уюмдары жана студенттер дагы катышып жатышат. Бул багытта иш алып барып жаткан мобилдүү топтун мүчөсү Элдияр Карачалов борбор шаардагы түшүндүрүү иштери туурасында буларды айтат.

-7-июндан бери Бишкекте 35 жолугушуу болду. Райондук акимчиликтер, мэрия менен чогуу ар кайсы жерлерде талкуулар өткөрүлдү. Фабрикаларда болду, заводдордо болду. Мектептерде да өткөрүлдү. Студенттер арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Күнүнө жок дегенде эле эки же үч жолугушу болуп жатат.

Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн демилгеси топтун бир катар мүчөлөрү белгилешкендей, өлкөдө 27-июнда боло турган Референдум жана Конституциянын жаңы долбоору туурасында маалыматы болбогон жарандар бир кыйла. Алдыңкы эки күн ичинде калкка түшүндүрүү иштерине жетишүү дагы бир маселеге айланууда.
XS
SM
MD
LG