Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Фергананы Өрттөгүсү келгендер...


“Кимдир бирөөлөр көптөн бери эле Фергана өрөөнүн өрткө айлантууну көздөп келет. Кыргызстан ошон үчүн тандалып алынган”. Мына ушундай аталыштагы макала менен жарык көргөн “Дело №...” жумалыгы өзбек диаспорасынын эмиссарларынын бири Кадыржан Батыров өз ишмердүүлүгүн Бакиев качып кетери менен жандантып баштаганын, анын нускоосу менен А. М. деп аталган журналист жана укук коргоочу, азыр Борбордук Шайлоо Комиссиясынынын кызматкери болуп эмгектенип жаткан адам иштегендигин, ал дароо эле айланасына түштүк аймагындагы кыргыз эмес журналисттерди топтоп, аларды ыкчамдык менен ноутбуктар, мобилдик-монемдер, видеокамералар, уюлдук телефондор менен камсыз кылганын, көрсө ушунун баары алдын ала алдыдагы каргашада маалымат согушу үчүн даярдалганын баяндады.

Макалада андан ары Х1Х кылымдын аягында Улуу Британияда иштелип чыккан “Чоң Борбор Азия” аттуу долбоор жөнүндө эскерилет. Мына ушул долбоор тууралуу билген соң баары түшүнүктүү болорун, АКШнын колдоосу астында аны жүзөгө ашыруу планы ушу тапта да жүрүп жатканын, максаты Перси булуңунан тартып, Алтайдын тоолоруна чейинки аймакты өз көзөмөлүнө алуу экендигин сөз кылат.

“Июнь окуясынан кийин жүздөгөн жаш жигиттер Ооганстан менен Пакистандагы моджахеттердин лагерлерине жөнөп кетишти. Эми аларды НАТОлуктар жайыл дасторкон болуп тосуп алып, согушка үйрөтөт. Анан алар көп өтпөй жашыл туунун алдында Фергана өрөөнүн көздөй кезектеги жихадга аттанышат... Ушундан улам эки элди кандай яар, айла-амалдуу жолдор менен бири-бирине тукуруп, бири-бирине кагыштырганын көрсө болот. Демек, атайылап карөзгөй максатта иштелген бул калаба чет элдик күчтөр тарабынан күн мурдатан ойлонулган деген бүтүмгө келсе болот” деп жазып чыкты.

“Эгер ушак-айың менен ууландырбаса кыргыздар менен өзбектер өздөрү эле элдешип алышат” деди ушул эле гезит аркылуу Оштун коменданты Курсан Асанов.

-Ошентип, өзбектер менен кыргыздарга көрүнгөнү сырттан келип эле андай-мындай деп акыл үйрөтө бергендерин токтотсо акыры өзүлөрү элдешип алышат дедиңиз. Ошто андан бөлөк тынчсыздандыра турган окуялар жокпу?- деген кабарчынын суроосуна полковник Асанов:

- Оштогу туруктуулукту калыс өтпөгөн шайлоо гана бузушу мүмкүн. Албетте бул нааразылык июндагыдай окуяга алып келбейт, бирок элдин нааразылыгы күчөйт. Ошондуктан шайлоо өнөктүгү мурдагыдай бурмалоосуз, админстративдик каражаттарды колдонуусуз, ачык, таза өтүшү керек,-деп жооп берди.

- “Админстративдик каражат...” дегендердин бири сиздердин милиция эмеспи?-
деген суроого ал:

-Биз бул шайлоого кийилгишпейбиз, тартипти гана сактайбыз,-деди полковник мырза.

Жакында эле өз арызы менен кызматтан кеткен Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов, ага күтүүсүз жерден президент Роза Отунбаева Пакистанга элчилик кызматты сунуштаганын, ал бул сунушту кабыл алганын айтып берген. Алик Орозовдун ошондой эле ЖККУ тууралуу айткан өзөктүү ойлору да ушул санда.

“Лозунг” гезити журналист Алым Токтомушевдин “Чамгыр” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор макала башында: “Роза Исаковнаны өткөөл мезгилдин президенти кылып, ушунчалык оор жүктү аяр аялзатына тапшырып чыга беришти. Бир четинен туурадыр. Өздөрү болсо партия уюштуруп, акча чогултуп, кандай гана жол менен болбосун бийликке жетүү аракетинде” деп белгилеп, Убактылуу өкмөттүн кадр маселесин сынга алды. Андан ары өлкөнүн ал-абалына токтолуп: “Акаев мезгилинде сырткы карызыбыз 2 млрд. доллардан ашып кетти, Бакиев аны дагы 2 эседей арбытып кетти. Ошентип бизде карыз экономикасы гана өнүп-өрчүдү. Ал дагы 2-3 эсе көбөйүшү ыктымал. Эми непадам карыз алсак баягы эле жерибизди, кенибизди, суубузду сатып же күрөөгө коюп карыз алабыз” деп жазды.

Иса Кадыралиев аттуу автордун чакан макаласында: “Укмуштардан уламбы, башта Бакиевди “Бакс” деп тергешсе, эми Бекназаровду “Бекс” деп тергеп алышыптыр. 2005-жылдагы төңкөрүштө 100дөн ашык кылмыш иштин бетин ачтым деп төш какканы менен бир дагы ишти сотко ашырганы жок. Ошол кезде гезиттерге жазылды, эл оозунда айтылып жүрдү, Шалхар Жайсаңбаев менен Эдуард Пак өңдүү мамлекетти майкандап жеген күркүлдөрдү алардан миллиондогон жашылбайларды алып куткарып жиберген деген сөз.

Азыр да бул адатын карматып жатат сыяктанат. Болбосо Үсөн Сыдыков, Оксана Малеваная, Игорь Чудинов, Нурлан Сулайманов, Турсун Турдумамбетов, Исках Масалиев неге “үч” тамга түрмөсүнө кармалды дагы, үч күн өтпөй үй камагына бошотулду? Алар эми акчанын күчү менен ар кайсы партияларга кирип, депутат болом деп шымаланып турат” деп окурмандардын жанын кашайтты.

Ушул эле “Лозунг” гезити айрым атуулдарга кайрылып: “Кылмыш ишине байланыштуу деп камалган бакиевдердин жан-жөкөрлөрү “үй түрмөгө” чыгарылып аткандыгына кандай карайсыз?” деп суроо салды.

Саясатчы генерал Мирослав Ниязов: Буга чейин ар бир бийликке келген адам мыйзамды бузуп, элге жаман үлгү көрсөтүп келген. Эгер мыйзамды мындан ары да сыйлабасак, революция үчүнчү жолу кайталанат,-деп,

Генерал Өмүрбек Субаналиев:
Бүгүн камайт. Эртең үй камагына чыгарат. Эл арасында күлкү болду. Мунун баарын Бекназаров чечүүдө. Ушундай жоруктары менен Кыргызстанды уят кылып атышат,-деп,

Мурдагы депутат Ибрагим Жунусов: Ошол кармалган адамдардын кылмыш ишин терең караш керек. Аларды жөн эле үй камагына чыгарып койсо коомго зыяны жокпу, бул да маанилүү нерсе,-деп жооп берди.

Гезитке булардан тышкары укук коргоочулар Азиза Абдрасулов менен Турсунбек Акундун бири бири тууралуу маеги жана ала экөөнө саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин берген баасы басылып чыкты.

Күзүндө азык-түлүк кризиси түзүлүшү мүмкүнбү? Мына ушул суроого жооп алуу үчүн “Лозунг” гезитинин жаңы санынан “Россия дүйнөнү ачарчылыкка түртөбү?”, “Бир кочуш буудай бир кочуш алтынга айланабы?”, “Нан болбосо, шайлооң да болбойт!” деген макалаларды окуса болот.
XS
SM
MD
LG