Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Өлкөнү “террор” башкарабы?


Журналист Геннадий Павлюк
Журналист Геннадий Павлюк

Бүгүн жарык көргөн гезиттер Алматыда өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюк менен коштошуп жатат. Кечээ ал Алма-Ата шаарындагы №1- клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүндө эс-учуна келалбаган бойдон каза болгон.

Геннадий Павлюк биздин өлкөдө “Комсмольская правда в Кыргызстане”, “Аргументы и факты в Кыргызстане” жана “Белый пароход” гезиттеринин башкы редактору катары белгилүү болучу.

“Кош бол, Гена...” деген макала менен жарык көргөн “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Геннадий Павлюк колу-буту таңылып байланган бойдон көп кабатттуу үйдүн 6-кабатынан ыргытылганын, ал Алматыга өткөн шаршембиде барганын, “Казакстан” мейманканасынын 11-кабатын эки сутка бою азиат ороюндагы бир киши брондоп жатканын, журналист мейманканага жайгашкандан кийин болжол менен саат 3кө 10 мүнөттөй калганда кепкасын көзүнө түшүрө кийген, капкара кийимчен киши келип, Павлюк анын машинасына түшүп, түндүк тарапка жөнөп кеткенин жазган...

Бириккен Элдик Кыймылы өз билдирүүсүндө журналист Г. Павлюктун өлүмүн “атайылап уюштурулган террордук акт” катары баалады.

Макаланын аягында “МК Кыргызстандын” редакциясы Геннадий Павлюк жашоону жакшы көргөн, өз кесибин мыкты билген жакшы адам жана жакшы жолдош катары өмүр бою эсте каларын эскерип, маркумдун тууган-туушкан, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшкөн. Бул көңүл айтууга биз да кошулуп, “Азаттыктын” бүтүндөй эмгек жамаатынын атынан белгилүү журналисттин каргашалуу өлүмүнө терең кайгыруу менен маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болушун тилеп кетмекчибиз.

Ушул эле санга журналист Елена Агееванын “К” операциясы” аттуу макаласы жарык көрдү. Макалада автор Кыргызстандын буга чейин далайды көрүп, тамтыгы чыккан Башмыйзмына дагы “операция” жасалганы калганына, бир карсаң операция эмес эле кадимки улак тартыш оюнун эске саларына, бир гана айырмасы мамлекет башчысы депутаттар менен бир болуп, улак ордуна Башмыйзамды“улак кылып” Конституциялык Сот менен биргелешип тартып атканына, ошентип эегемендикке ээ болгондон бери Башмыйзам сегизинчи жолу оңдолуп олтурганына токтолгон.

Журналист макаласында Бакиев сунуштап жаткан вариант КМШ өлкөлөрүндө эле эмес, дүйнө жүзүндө жок жолой экенин белгилеген. Кокус президент түрдүү себептерден улам өз милдетин аткара албай калса анын милдетин ким аткарышы керектиги КМШ өлкөлөрүнүн Башмыйзамдарында кандай жазылгандыгы аркылуу мисалдаган.

Грузияда президенттин милдетин Парламенттин төрагасы, эгер парламент таратылып жиберилсе, өкмөт башчысы, Украинда өкмөт башчысы, Түркмөнстанда – Министрлер кабинетинин орунбасарларынын бири, Өзбекстанда Парламент депутаттары менен сенаторлордун биргелешкен кеңешмеси аркылуу убактылуу шайланган адам, Тажикстанда Парламенттин төрагасы, Арменияда Улуттук Чогулуштун төрагасы, Азербайжанда Парламент төрагасы же өкмөт башчысы, Казакстанда да Парламент төрагасы же өкмөт башчысы аткарат деп жазылган.

“Дело №....” гезити “Журналисттерди сабап, коркутуп, өлтүрүп жатышат... Эмне үчүн? Мунун кимге кереги бар эле?” деп суроо коюлган баштема менен жаңы санын ачты.

Аталган басылма гезит редакциясына электрондук почта аркылуу: “Князев адегенде уккан жок. Биз силерге дагы бир жолу эскертебиз. Силер – орустар, корейлер, армяндар, сарттар – баарыңар акаевдин адамдарысыңар. Силер биздин Кыргызстандан чыгып кетишиңер керек” деп жазылган кат келгенин мисалга алып, айрым атуулдардын буга карата ой-пикирин сураган.

Саясат таануучу Марс Сариев:
- Бул көрүнүш кадыресе системага айланды. Активдүү делген журналисттер менен эксперттерди комплекстүү түрдө коркутууга өтүштү. А бирок булар ким тарабынан жасалып жаткандыгы белгисиз. Александр Князев муну атайын кызматтын кылганы деп эсептейт. Менин оюмча бул саясый күрөш. Көөнүн бары азыркы бийликке жабылууда. Дүйнө коомчулугунун аң-сезими – Латын Америкасындагыдай Кыргызстандын бийлигин “өлүмдүн эскадрону” башкарат экен деген ойлорго шыкалууда. Мындай жаманаттыга калган бийликти дүйнө цивилизациясы эшигин тургай босогосун аттатпай калат. Буга кошул-ташыл тарифтер кымбаттады. Коомчулукта эртеңки күнгө ишеним өчүп, коркуу пайда болуп, орус тилдүүлөр өлкөдөн көчүп кетүү абалына келүүдө. Дал ушунун баарын айла-амалдардын баарын жакшы билген саясый технологдор жасап жатат.

Улуттук жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча эксперт Леонид Бондарец: - Муну Кыргызстан менен Орусиянын ортосуна шынаа каккысы келгендер же жергиликтүү күчтөрдүн колу менен иштеп аткан сырткы күчтөрдүн кылганы.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: - Бул провокациялардын баары – революция алдындагы Орусияны, Гитлер бийликке келердеги Германияны, 90-жылдардагы этникалык жаңжал менен 30-жылдардагы басмачылыкты башынан өткөргөн Кыргызстанды эске салат. Мен муну Кыргызстанда бийликеке жетпей көздөрү кызарган күчтөр менен кландардын кылганы деп ойлойм. Дал ушундайлар Кыргыз бийлигинин мамлекетти жана өз элинин коопсуздугун сактоону билбегендигинен пайдаланып жатат.

КР президентинин алдындагы стратегиялык анализ жана баа берүү Институтунун деректири Сергей Масаулов:- Мен азыр дал ушул маселелер боюнча иштеп жатам. Комментарий кийинчерээк болот.

Гезит андан ары мурдагы президент Аскар Акаев “Фергана. Ру” маалымат агенттигинин кабарчысына берген жообунда ал башкарып турган маалда журналисттердин сабалган, кордолгон учуру болбогонун айтканына каяша кылып, күн тийген жердин күкүгү болгусу келбеген журналисттерди тазалоо дал ошол Акаевдан башталганын, эркин гезиттерди сот менен жок кылуу, журналисттерди түрмөгө тыгуу Акаев жана анын куу союлу Ашыркулов аркылуу ишке ашып келгенин, тилекке каршы Акаевдин деле акылы “узун” болгон менен эси “кыска” экендигин дагы бир ирет эске салды.
XS
SM
MD
LG