Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Садык Шер-Нияз: “Манастан” айрылсак чоң жарака кетет”


“Башканы коюп Манасты айт!” дегендей, бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасы “Манас” болду.

“Манас” темасы бүгүн жарыкка чыккан гезиттердин бардыгынын олуттуу темасына айланды. Кыргыздардын арасын дуу түшүргөн окуя – Алатоолук элдин айтылуу “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынын атынан кирип калганы болгон. Мына ушул боюнча оюн билдирген Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев Кытай бийлиги “Манас” эпосунун 18 томдугун китеп кылып басып чыгарса, кыргыздардын ыкшоолугунун айынан “Манастын” фундаменталдуу бир китеби чыгалектигине жаны кашайып, жаңы жарык көргөн “Назар” гезити аркылуу ызаланды.

Манасчы Талант Бакчиев:

- Бир жарым миллиарддай кытайлардын өздөрүнүн бир да эпосу болгон эмес. Алар айтып аткан “Кэсэр” эпосу тибеттиктердики, “Жангор” эпосу монголдордуку. “Манас” эпосу кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин энчиси.

ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы баш катчысы Жыпар Жекшеев:

- “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кытай Эл Республикасынын атынан киргизилгени одоно ката катары бааланып, бул катачылыкты оңдоо боюнча азыр өкмөттүк деңгээлде кайра сунуштоолор болуп жатат.

Ушул эле темага кайрылган “Эл сөзү” гезитине “Айтыш” коомунун жетекчиси, кинорежиссер Садык Шер-Нияз “Манас” туралуу маек курду. Маегинде ал “Манасты” дүйнө эли Кытайга таандык экен деп ойлоп калуу коркунучу бар экенин, себеби ЮНЕСКонун расмий сайтында Кытай Эл Республикасынын атынан “Манас” деп жазылып турганын, кезинде биздин ата-бабалардын ташка жазган жазуулары да дүйнөгө Руникалык, Орхон Эне-Сай жазуулары деген ат менен тарап кеткенин, а чындыгында ал таш жазуулар кыргыздардын өздөрүнүкү экенин белгилеп, “Манасты” тарттырып жиберсек маданий дүйнө эле эмес, кыргыз элинин жашоо-тагдырына да чоң жаракка кетет” деп айтты.

Андан ары ал “Айтыш” коому жана “Манас мурас” уюму тарабынан Президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кат жөнөтүлгөнүн, азыркы максат мен кыргызмын деген атуулдардын бири да калбай “Манасты” сактап калыш үчүн аракет кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Садык Шер-Нияз: - Кыргыз эли эмнеси менен сыймыктанат? Экономикасы мененби? Биздин бюджетибиз Казакстандын бир облусу болгон Жамбылдын экономикасына жетпейт. Биздин эч нерсеге алмаштыргыс эки чоң байлыгыбыз бар. Бири – тилибиз, бири – маданиятыбыз, - деп айтты.

“Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылышы керек” деп сүйлөгөн президент К. Бакиевдин сөзү менен жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити президенттин кайрылуусуна үн кошууларды тартуулады.

Ош облус губернаторунун 1-орунбасары Айтмамат Кадырбаев: -Кыргызстан бакубат өлкөгө айланат,-деп,

Депутаттардын Баткен шаар кеңешинин төрагасы Мамасадык Султанов: - Мындай бурулуш, кескин өзгөрүүлөр болорун башкаруу системасындагы чиновниктер күткөн эмес, тактап айтканда президент кезектеги косметикалык ремонт жасайт деген ойлор болгон. Президентибиз К. Бакиевге толук колдоо көрсөтүү менен демине-дем кошуп, жөлөк-таяк боло турган мезгил келди деп ойлойм,-деп,

Баткен облустук мамлекеттик аддминстрациянын аппарат башчысы Саитбек Абдрахманов: - Реформа чыныгы өзгөрүүлөргө багыт алды,-деп,

Ош электр тармактар ишканасынын деректири Абдыкалык Молдоисаев: - Бул мамлекет башчыбыздын да, элибиздин да бийик утушу деп баалаймын,-деп,

Баткен шаардык жаштар уюумунун өкүлү Гүлназ Айжигитова: - Биз албетте колдоп кубаттайбыз жана муну өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз убагында жасалган чечкиндүү кадамдар деп билебиз,-деп кубануу менен кубаттап чыгышты.

“Назар” гезитинин суроолоруна саясат иликтөөчү Марс Сариев жооп берди.

Кабарчы: - Жаңы өкмөт толугу менен куралып бүттү. Бирок баягы эле адамдар ордунда калышты. Бул кадрдык кризистен улам болдубу?

Марс Сариев: - Ак үйдө таасири күчтүү эки чоң күч бар. Азыр секретариаттагы күчтөр көтөрүлүп жатат. Данияр Үсөновду “басаңдатуу” максатында өкмөткө ошолор жылдырышты. Ошондой эле Мадумаровду да байкап атасыңар, азырынча позициясы ачык боло элек. А Данияр Үсөновдун өкмөтү деле өкмөт деп айта тургандай болбой, координатор эле болуп калды, анткени өкмөттүн бюджетин түзүү президентке карап калды. Үсөновду пайдаланып туруп бир жылдын аралыгында кайра алып салышат.

Саясат иликтөөчү андан ары Кыргызстанда тарыхый жүрүштөр өз агымы менен кетпестен атайын математикалык эсеп-чот менен жүргүзүлө баштаганын, оппозиция эч нерсе кылалбай калганын кошумчалады.

“Жаңы өкмөттүн курамына оппозициялык маанайдагы саясатчылар аралашып калышы мүмкүн” деп Данияр мырза өзү айтты эле, өкмөттүн курамына бир дагы оппозиционер же революционер илинген жок” деп жазды ушул эле “Эл сөзү” гезити өкмөттүн тышкы саясаты президенттик институтка, финансы саясаты Өнүктүрүү Фондуна өтүп кеткенин кеп кылып. Гезит ошону менен бирге эле: “Эми ушул өкмөт эмнени чечерин элестете бергиле. Эгерде 16 млрд. сом акчасы бар Соцфондду Елисеев башкарган Өнүктүрүү Фонду өткөрүп алса, анда эле алардын иши бүткөнү. Акчасы жок аткаруу бийлигинин огу жок мергенчиден кандай айырмасы бар?

Баарынан да бул боюнча финансы министри Марат Султановдун айтканы кызык. Анын айтымында, өкмөттүк төлөмдөрдү Өнүктүрүү Фонду өткөрүп алып, анан “Азия Универсал Банкы” аркылуу операцияларды жасап, кечке чейин акча чогултуп, кечке жуук акчаны казначылыкка которуп берип, ошол иши үчүн акча алат экен. Эгер мындай болсо, салык, бажы, электр энергиясына, жылуулукка, сууга, коммуналдык тейлөөгө, сотко, кыскасы мамлекеттик төлөмдөрдүн баары ушул банкка келип түшөт дегендик. Анда акчасы жок финансы министрлигинин кандай кажети бар, айтор бул реформа башталары менен эле Конституцияга карама-каршы келген бардак башталды деп баалайт аталган гезит.
XS
SM
MD
LG