Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Жегичтер: “Жерүй, Жерүй” дээр,


Шайлоо алдындагы аракеттер, саясат, экономика, эл турмушу... Гезиттин жаңы сандарынын өзөктүү темалары ушулар болду.

“Учур” гезити Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин “Кудайдын сөзүндө кылмыштуулук жок” деген ат менен билдирүүсүн басып чыкты. Атамбаев анысы аркылуу: “Күнөөсүз соттолгондорго жана алардын жакындарына кайрылаар элем, Кудай силерге ден соолук менен сабырдуулук берсин. Акыйкат күнү алыс эмес экенине мен ишенем. Күнөөсүз соттолгондорду бошотуу үчүн, массалык башаламандыктын анык уюштуруучуларын - Ноокат районунун акими менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, аларды калкалаган борбордук бийлик өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу үчүн күрөштү улантууга укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүн, бардык мекендештеримди чакырып кетет элем” деп кайрылган.

Ушул эле гезит А. Жекшенкуловдун сот 11-июлда улантыларын кабарлап, журналист Семетей Талас уулунун маркум Дооронбек Садырбаевди эскерген макаласын, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын “Кен байлыктарыбыз элге иштебей калды” деген аталыштагы маегин сунуштады. Роза айым маегинде Кумтөр менен түзүлгөн келишимдин 4-статьясынын 2-пунктунда: “жаңы салык режими жер астындагы пайдалуу кендерди иштетүүгө кошумча лицензия алуусуна өбөлгө болот” деп жазылган мандем бар экенине окурман көңүлүн буруп, “буга ылайык биздин тоодо пайда болгон “Центерра” аттуу ажыдаар “Жерүй” жана “Талды Булак”аттуу алтын кендерин жутууга обдулуп жатат” деп айткан.

“Күч органдары кылмышкерлерге адвокат болууда” деген ат менен Сузак районундагы Орто Азия айлынын тургуну, жалгыз бой эне Базарова Махабархандын Акүйгө жазган арыз-муңу да ушул санда. Гезит ошону менен бирге эле “Арзыматтарга коңгуроо” деген рубрика алдында көрүнүктүү атуулдардын ойлорун ортого салган. Маселен Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев, чындап келгенде азыркыга чейин эл, жер деп күйгөндөр бийлик башына келелектигин, эгемендик алгандан бери бийликке талоончулар келип алганын, ошондуктан пейилдүү элдин пейили бузулганын сөз кылып, Арашан айлында өткөн 111 Элдик Курултайдан кийин ар кандай интервью берген жазуучулардын айрымдары калп айтышканын, мурда ким эки жүздүү болсо ошолор ошол эле бойдон калганын айтып берген.

Мурдагы депутат Султан Урманаев Ысык - Көлдүн жээги бүгүн казактарга эле эмес, корей, армян ж.б. улут өкүлдөрүнө толгонун, Үзөңгү-Кууш, Каркыра сатылып жаткан соң көлдүн жээги кадыресе эле талоонго түшкөнүн айтып жаны кашайса, мударис Кусейин Исаев мугалимдердин абалына эч ким кызыкпай калганын, 20 миң кишиси бар айылдарга институт, университет ача берип, жогорку билимдин кадырын качырып, сапатын кетиргенибизге кейиген.


“Аалам” гезити баяндамачылар Жолдошбек Зарлыкбековдун “Эне тилден экзамен эмне болуп жатыры?” жана Үсөн Касыбековдун “Майда жана чоң чиновниктер үчүн шайлоо алдындагы инструкция” деп аталган макалаларын, саясат иликтөөчү Калнур Ормушевдин “Атамбаев - Сариев тирешүүсүнөн ким утат?” деген иликтөөсүн сунуш кылган. Анын божомолу боюнча Курманбек Бакиев 1-турда эле өтүп кетерин, 2-тур болуп калса анда Бакиевге оор болуп каларын, 2-турдун болушун бийликтин утулушу катары эсептесе болорун белгилеген. Ушул эле басылманын жаңы санындагы Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков менен анын бир тууган агасы Кемел Байтерековдун алым-сабак маегинин аты “Сизге саясаттын эмне кереги бар?” жана “Шерниязов менен уруша кеткем” деп аталат. Булардан тышкары эркин журналист Үсөн Касыбековдун баяндамасында акыркы күндөрү аткаминерлердин арасында жандануу башталганын, алар биринин артынан бири маарап, турмуш оңолуп баратат дегенди ооз көптүрүп айтып киришкенин белгилейт. Автор Коррупцияны алдын алуу агенттигинин башчысы Садыр Жапаровдун сөзүн мисалга тартат. Анын “Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли башка постсоветтик өлкөлөргө караганда көп деле эмес...” деген сөзүн шилтеме кылып, кыскасы чиновниктер канчалык көз бомочулукка салып элди алдабасын, экономикалык жагдай оңолмоюн эл президент К. Бакиевдин 2-мөөнөтү үчүн добуш бериши кыйын деген жыйынтыкка келет.

“Айат пресс” гезити өткөн санында жарыяланган мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков менен маегинин корутунду бөлүгүн жарыкка чыгарды. Ишенбай Абдуразаков бийлик кылмыш дүйнөсү менен чырмалышып, элдин көбү динге сокур сезим менен кирип кеткенин, президент деген кызматтын кадыры ушунчалык түшкөнүн, анткени “мен деле иштей алам” дегенсип баары эле жабыла президенттикке аттанып чыга баштаганын, ж.б. жагдайлар жаатында намыска камчы чабар ойлорун ортого салган.

“Асман преss” гезити Мирбек Элчиевдин “Алмазбек Атамбаев саясатта ким?” деген макаласын сунуш кылды. Буга улай эле Баяс Турал деп аталган автордун “Тилине кызмат кылбай туруп, элине кантип кызмат кыла алат?” деген аталыштагы көлөмдүү макаласына да орун берген. Макалада кыргыз тилинин тарыхтагы орду тууралуу кенен кеп болуп, президенттикке талапкерлердин бири, доктор Жеңишбек Назаралиевге кыйла сын пикирлер айтылган.

Ушул эле гезитте Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбеков дайынсыз жок болуп кеткен уулун издеп Орусия, Казакстан менен Тажикстандын жарымын кыдырып чыкканын, ортодо аферисттерге ишене коем деп 1 жары миң доллар алдырып жиберген учуру да болгонун, баласы Бахтияр жоголгондон бир жумадан кийин президентке киргенин, бирок анын “укпапмын” деген сөзүнөн кийин таяк менен башка чапкандай болгонун баяндаган маеги да жарык көрдү. Булардан тышкары “Революционер Мотуев” деп аталган автору жок макала, Вера Черникованын “... мансап жеке турмушуңду курганга тоскоол болот экен” орус тилдүү интервьюсу менен таанышса болот.
XS
SM
MD
LG