Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Бакиев студенттерге “президенттик” убадасын берди


12-июнда Президент Курманбек Бакиев Орусия күнүн утурлап Кыргыз-Орус Славян университетинде студенттер менен жолугушту. Өз сөзүндө мамлекет башчысы билим берүү системасынын оош-кыйыштары менен жакшы тааныш экендигин айтып, келээрки жылдары бул тармак тартипке салынат деп ишендирди.

Жолугушуу башында мамлекет башчы, бир эле учурда мамлекет башчылыкка талапкер, Курманбек Бакиев Славян университетинин студенттерин каалаган суроолорун берүүгө чакырды. Студенттердин көпчүлүгү билим берүүгө байланышкан суроолорун узатты. Өлкө башчысы болсо бул тармакта болуп жаткан оош-кыйыштары тууралуу толук кабардар экенин ырастады.

Мына бул жерде азыр билим берүү министри отурат. Ал ойлоп атса керек президент мунун баарын кайдан билет деп. Мен билем... Маселен, айрым жогорку окуу жайларында студент сабакты төрткө билсе да мугалим баасын койбойт. Кыйнайт бир деме үмүт этип. Буюрса мындай күнкор системаны бир эки жыл аралыгында жок кылабыз. Натыйжа болот”, - деди Курманбек Бакиев.

Студенттердин суроолоруна жооп берген президент бир жарым саат аралыгында өлкөдөгү экономикалык жетишкендиктер, саясий стабилдүүлүк турукташкандыгы жана өзүнүн жеке жашоосу тууралуу айтып бергенге үлгүрдү. Жаңылануу багыты тууралуу кеп улаган президент анын алгачкы кадамы – бийликтин натыйжалуулугуна жетишүү жана бюрократияны элдин таламдарына баш ийдирүү болоорун айтты. “Эл атка минерлерге эмес, алар элге кызмат кыла турган болот”, - деп ынандырды президент.

КРСУнун студенти Дилбара Муратова президент менен баарлашуу ага абдан жакты дейт. Анын айтымында баарлашуу протоколдук чектөөлөрдөн тышкары жылуу шартта өттү:

-Мага бул жолугушуу жакшы таасирин калтырды. Себеби президент жаштардын көптөгөн көз караштарын колдой тургандыгын билдирди. Анын үстүнө президент менен жакындан тааныша алдык. Келечекте мындай жолугушуулар болуп турат деп үмүттөнөм.
Жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиев бүгүнкү иш чараны шайлоо алдындагы кампаниянын бир бөлүгү катары сыпаттоодо. Анын айтымында учурда жаштар арасында президенттин беделин көтүрүү үчүн саясий технологдор жан үрөп иштеп жатышат.

-Мен университеттие системаны билем. Алгач деканаттарга лоялдык студенттерди чогулткула, жолугушууда эч кандай критика болбосун деген буйрук келет. Ал эми президент келээрге бир эки саат калганда президенттин жардамчылары келип, президент менен кантип учурашыш керек, кандай суроо бериш керек деген сыяктуу учуралрды такташат. Менимче мунун баары алдыдагы шайлоо менен байланыштуу.

Мирсулжан Намазалиев жаштар шайлоо алдында гана эске алынып саясий курал катары кабылданып калышына кабатырланганын кошумчалады. Чакан конференц-зал ичинде болгон жолугушууда он миңге чукул студенти бар КРСУнун болгону элүүдөн ашуун гана студенти отурду.

XS
SM
MD
LG