Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Марат Казакбаев: “Барктабасовго ишениш керек”


5-августта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын митинги тартип коргоо кызматкерлери тарабынан таратылды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясат таанучу Марат Казакбаев жооп берди.

- 5-августта Урмат Барктабасовдун курултай өткөрүү аракетин жана анын тарапкерлерин Киршелктун жанында таратылышына кандай баа бересиз?

Марат Казакбаев: Менин оюмча, күнөө бийликте. Барктабасов жана анын тарапкерлери элдик курултай өткөрөбүз деп чыгышкан. Ошону өткөртүп койсо деле болмок. Азыр “колунда курал болгон” деп айтып атышат. Бирок баарыбыз эле көргөнбүз, пикетке чыккан элдерде курал жок болчу. Алар элдик курултайды өткөрүп эле кетмек. Барктабасовду кыргыздын эң мыкты бизнесмени, саясатчысы катары билишет. Кылмыш иши боюнча беренени алып койсо деле болмок. Менин оюмча, атаандаштыктан коркуп атышат.

- Бул курултайды мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары каржылады деген да маалыматты айтып атышпайбы. Ошол эле учурда Балыкчыдан келаткан унаадан курал жана гранаталар табылды, ал Бишкектеги курултай бүткөндөн кийин атылышы, же жарылышы мүмкүн беле?

Марат Казакбаев: Бир машина курал табылды деп. Бирок муну изилдеш керек. Кээде бийлик жагынан атайлап жасап коюшат. Бирок визуально карасак көбүнчө элде курал жок болчу. Барктабасовго ишениш керек, булар элдик курултайын өткөрүп эле кетишмек, Бишкекте эч кандай башаламандык болбойт эле.

- Мурдагы президент К.Бакиевдин жакындары кармалмайынча Кыргызстанда кырдаал оңолбой турганы, эми парламенттик шайлоодо да алардын таасири тиери, башаламандык уюштурулушу мүмкүн экени айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Марат Казакбаев: Мен Барктабасов боюнча буларга кошулбайм. Бул жигит саясий атаандаштыкка чыгып, өзү да парламенттик шайлоого катышмак.

- Кийинки мезгилде кызматтан алынган адамдарды колдогон, же кызматка коюп бер деп эле митингдер өткөрүлө баштады. Деги эле ушундай көп өткөрүлүп аткан митингдерге сиздин көз карашыңыз кандай?

Марат Казакбаев: Бул адамдардын укуктары. Митингден, революциядан эл деле чарчап калды. Ош окуясы деле канча болду. Эмне үчүн митинг уюштуруп атышат, ушуну өкмөт карап чыгыш керек. Барктабасов боюнча деле талабын чечип койсо митинг болбойт эле. Өкмөттө иштегендер 2-3 айдын ичинде эле өзгөрүп кетти.

- Рахмат.

Барктабасов баштаган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

XS
SM
MD
LG