Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Б.Байкожоев: Бакиев “автомат алып ак үйдү коргойм” деген сөзүн ишке ашырды


Болот Байкожоев "Азаттыктын" кеңсесинде, 2010-жылдын 13-апрели.
Болот Байкожоев "Азаттыктын" кеңсесинде, 2010-жылдын 13-апрели.

"Ысык-Көл-инвест" банкынын мурдагы ээси Болот Байкожоев эки-үч жылдан бери Курманбек Бакиевдин бийлигинин куугунтугуна кабылганын "Азаттыкка" берген маегинде кеп салып, азыркы кырдаалга өз баасын берди.

“Азаттык”: - Болот мырза, 7-апрелдеги элдик ыңкылапка, "Ала-Тоо" аянтында болуп өткөн окуяларга кандай баа бересиз?

Болот Байкожоев: - Мен бул боюнча азыр эки күндөн бери ойлонуп, мындай пикирге келдим. Кыргыздардын тарыхын карасаңыз илгертен бери аз болсок дагы эч качан эч кимге элибизди-жерибизди бербей эркиндикти сүйгөн эл. Мына кыргыздын чыдамкайлыгы күчтүү экен, Бакиевдин бийлигинин азаптарына аягына чейин чыдап, акыры азаттыгы үчүн октон жалтанбай өлүмгө тике карады. Элди мурда акча менен митингге чыгарат деп келишпеди беле, эми эл ушул Бакиевдин режимине каршы чыгып, өмүр бою калыстыкты эңсеп жүргөндүгун көрсөтүп койду. Илгери кыргыздардын жада калса кулпусу жок болчу. Ал убакта эч уурулук жок болчу. Уурулук кайдан, кимден, кайсыл жактан келгенин баамдап көрсөң, уурулук көрсө бийликке келгендерден жугат экен. Бүгүнкү күндө уурулук эпидемия болуп бийликке келгендер ошол оору менен ооруп калды. Ач көздүк менен ооруп калды, уурулук тутуу көбөйүп кетти. Мен ошого түшүнбөй атам.

Ал эми кандуу шаршембидеги окуяга токтоло кетсем, бул жерде "сокур" адамга деле көрүнүп турат да. Бул деген Курманбек Бакиевдин, Данияр Үсөновдун, президенттин иниси Жаныш Бакиевдин тегерегинде жүргөн кишилер элди атууга буйрук бергени - адам жасабай турган кылмыш. Булар кыргыз элинин келечеги барбы жокпу аларга баары бир болгону үчүн ушундайга барды. Бул окуяга тарых өзү баа берет. Муну кыргыз эли кечирбейт. Бардыгын тынчтык жолу менен, сүйлөшүү жолу менен бүтүрүш керек эле. Бакиев “автомат алып ак үйдү коргойм” деген сөзүн ишке ашырды. Бийликтин кылган кандуу кылмышы жөнүндө эмне деп айтууга сөз дагы жок.

“Азаттык”: - Сиз буга чейин "Ысык-Көл-инвест" банкын түптөп, ошол банкты жетектеп жүргөндө Бакиевдин бийлиги сизди куугунтукка алып, банкты алып коюшту эле. Ошол тууралуу да айта кетсеңиз?

Болот Байкожоев: - "Ысык-Көл" банкын тартып алуу баштала электе эле К. Бакиевге кат жазгам. Анда “Сенин балаң Максим криминалдар менен байланышып, азыр келип менин банкыма тийишип атат токтоткунуң же болбосо башка иш болот”- деп бир эмес эки-үч кат жазгам.

“Азаттык”: - Сиздин банкты күч менен тартып алышты беле?

Болот Байкожоев: - Түн ичинде бандиттерди алып келип, ошондо Биринчи май, Свердлов райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын эки орун басары, колониялардын башчыларын түрмөдөн алып келип, түнкү саат экиде эшикти, терезени талкалап кирип балдарды сабап, басып алышкан да.

“Азаттык”:
- Ал эми сизге кылмыш иши эмненин негизинде козголду эле?

Болот Байкожоев: - Мен оппозицияга кирдим. Бакиевдин бийлигине ачуу сындарды айтып, туура бийлик жүргүзүүсүн талап кылдым. Ал эми Бакиевдерге мен унчукпашым керек экен да. Анан мени коркутуштун амалы кылып болбогон жерден кылмыш ишин козгогон. Алар мени коркуп унчукпай калат деп ойлошсо керек. Бары бир мен аларга моюн сунган жокмун

“Азаттык”: - Балдарыңызга дагы кылмыш ишин козгоду деген маалымат бар?

Болот Байкожоев: - Ооба, бала-бакырамды коркутуп камаганга чейин барды. Куугунтукту аябай эле кылышты.

“Азаттык”: - Эми кандай кыласыз, ошол "Ысык-Көл-инвест" банкын кайра тартып албайсызбы?

Болот Байкожоев: - Жок, мен аларга окшоп “каракчылык” кылбайм. Мен мыйзам менен жүргөн адаммын. Бул маселени мыйзамдын чегинде чечишим керек.

“Азаттык”: - Азыр убактылуу өкмөттүн кадрлык маселелерди туура эмес чечип жатканы жөнүндө айтылууда. Буга сиздин пикириңиз?

Болот Байкожоев: - Бүгүнкү күндө мен аларды түшүнүп атам. Негизинен мындай учурда сыртынан туруп алып эле сындай берсең оңой. Өзүңөрдү ошолордун ордуна коюп көргүлөчү? Кандай болоор экен. Азыр убактылуу өкмөт ушунчалык оор кырдаалды, “бычактын мизиндеги” мезгилди башынан кечирүүдө. Ошон үчүн биз бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүк болсо жаңы өкмөткө жардам беришибиз керек. Эгер алар ката кетирип аткан болсо биз аралга убагында айтып, кемчилигиңерди жойгула деп убагында айтып турушубуз керек. Эң негизгиси убактылуу болсо дагы бийликке келгендер баары тең таза болушу керек. Айткан сөзү менен аткарган иши таза, калыс болушу керек. Антпесе эл эртең эле буларга дагы "азуусун" көрсөтүп коет.

“Азаттык”: - Бүгүнкү күнү Жалал-Абадда президент Куманбек Бакиев митинг өткөрүп, анын колдоочулары Бакиевди легитимдүү президент деп атышат. Буга кандай дейсиз?

Болот Байкожоев: - Баягы Акаевден баштап эле бүгүнкү күнгө чейин президенттик шайлоо эч качан таза болгон эмес. Керек болсо Акаевден баштап жасалма президент. Бул Бакиев да жасалма президент. Анткени алар шайлоону ыпылас бурмалап, өздөрүн өздөрү шайлап алышкан. Анын тегерегиндеги кошоматчыларды, шайлоо системасын бузган адамдарды дагы жоопкерчиликке тартыш керек.

Ал эми Жалал-Абаддагы окуяга токтолсом, эми эл деген ошондой экен да. Эмне дейлик, ошолордун арасындагыларды акча менен алдап жатышат. Анан тууганчылык, кыргызчылык деген бар экен. Балдарды, аялдарды астына коюп алып ошолорго жашынган президентмин деген адамды эмне деп атаса болот. Эң негизгиси Курманбек Бакиев акыл-эсинен оорукчан окшойт. Болбосо карапайым айылдаштарын "тирүү тосмо" кылат беле?

Ошондуктан мен айткым келет. БШК, Конституциялык соттун жетекчилерин, Ч. Баековалардын баарын тең жоопкерчиликке тартуу зарыл. Алар жасаган иштен жөнөкөй эл жабыр тартып жатат. Чиновниктер эки кабат, беш кабат үйлөрдү, миллиондогон акчаларды уурдап жыргап жашап жатышат. Ошондуктан биз азыр бүгүнкү күндө биринчи орунда адамдарды кошоматчы кылган, мыйзамдарды бузган чиновниктердин баарын тең силердин массалык маалымат каражатыңар аркылуу ачык айтып, абийирин ачуу керек. Эл билсин алардын ким экенин. Ошондо коом тазаланат. Биздин жөнөкөй карапайым эл 7-апрелде көтөрүлгөндөй, азыркы бийлик жакшы иштесе буттан-колдон алып коштоп, сүрөп кетет. Алар эртеңки күнгө ишенип, Кудайдан жакшылыкты тилеп жатышат. Бүгүнкү күндө баарыбыз бир кыргызбыз. Көлдүк, таластык, оштук, нарындык, баткендик, чүйлүк деп бөлүнбөй, “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарышыбыз керек. Эгер ынтымакка келсек, кыргыз элинин келечеги кең.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG