Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Кыргыз-казак өкмөт башчылары жолугушту


Казак премьер-министри Карим Масимов
Казак премьер-министри Карим Масимов

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары бүгүн Бишкекте соода-экономикалык жана суу-энергетика маселелерин талкуулашты

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Игорь Чудинов менен Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов жолугушуп, сүйлөшүүлөр жабык өттү.

Жолугушууда соода-экономикалык, суу-энергетика маселелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев билдирди:

-Астанада өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин чечимдеринин кандай аткарылып жатканы тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Анда энергетика маселеси, миграция маселеси, айыл чарба боюнча кызматташтык кандай уланып жатат, кандай чечилип жатат, ушулардын бардыгы эки өкмөт башчы тарабынан сүйлөшүлдү.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө казак тарап кыш мезгилинде Кыргызстанды көмүр жана кара май менен камсыздоого салымын кошууга даярдыгын билдирген.

Өзбекстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү электр алкагынан чыгуу аракетине байланыштуу Датка-Кемин-Алма-Ата жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу маселеси дагы талкууланган.

- Өзбекстан азыр Борбордук Азиянын бирдиктүү электр алкагынан чыгабыз деп атпайбы. Мына ошого кандай чара көрөбүз, кандай кадамдарды жасаш керек? Бул боюнча дагы сүйлөшүшүп принципиалдуу чечимдерге келишти.

Айбек Султангазиев белгилегендей, кыргыз-казак өкмөт жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө Ысык-Көлдөгү казак пансионаттарынан жер үчүн ижара акысы Кыргызстандагыдай ички баада алынууга макулдук берилди.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев болсо кыш күрөө келатканда Өзбекстан газ берүүнү чектеп жатканынан улам, кыргыз тарап Казакстанга электр кубатын сатуусу кооптонууну жаратарын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз бийлиги биринчиден, өлкөдө электр коопсуздугу боюнча маселени чечип алгандан кийин, андан соң арткан электр кубатын сыртка сатса жөндүү болмок.

- Бүгүнкү күндө Казакстан мунай жагынан жана башка жактан бай болуп, элинин азына карабай өтө бай болуп аткандыгы барыбызга белгилүү. Ошондуктан Казакстан чынында эле боор тартып турса Кыргызстанга, негизинен кыргыздын бүджетин көтөрүүгө, кыргыз элинин жашоо-шартын көтөрүү үчүн акча-каражатын аябастан берип, анан ошону биргелешип иштетелик десе туура болоор эле, Ысык-Көлдүн жээгин талашпай.

Токтогул Какчекеев белгилегендей, казак президенти Нурсултан Назарбаев быйыл жайда президент Курманбек Бакиевдин инагурациясына келгенде кыргыз элине боор тартып сүйлөгөн сөзүндө айтылгандарды кыргыздын атка минерлери өз элинин кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап, ишке ашыруунун ордуна, тарткынчыктап, убакытты создуктуруп жиберишүүдө.

Президент Курманбек Бакиев Казакстандын премьер-министри Карим Масимовду кабыл алып, жолугушууда казак өкмөт башчысы кыргыз тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктары туурасында айтып берди. Анын сөзүнө караганда, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык мамилелерге байланыштуу бир катар маселелер талкууга алынды.

2007-жылы 24-апрелде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келгенде боордош кыргыз элинин экономикасын көтөрүү багытында казак мамлекети колдон келген жардамын аябастыгын билдирип, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин курулушуна, Узун-Агаш - Кемин - Ысык-Көл автожолун курууга жана башка ишкана, өнөр жайларды ачууга кыргыз тарап шарт түзүп берсе, казак инвесторлору кол кабыш кылууга даяр экендигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG