Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Ж. Акматов: БШК элдин ишеничин актоого аракеттенди


Жеңиш Акматов
Жеңиш Акматов

Парламенттик шайлоо, анын жыйынтыгы, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мүчөлөрүнө депутаттык мандат берүү маселеси тууралуу БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азатыкка” маек курду.

- БШК бул күнгө узак убакыт даярданды окшойт. Ошентсе да сиздердин төрага парламент соттук териштирүүлөр бүтмөйүнчө ишин баштай албасын билдирген эле. Бирок бүгүн ЖКнын жаңы чакырылышы алгачкы отурумуна чогулары расмий кабарланды, ал эми соттук териштирүүлөр уланып жатат. Муну кандайча түшүндүрүп бере аласыз?

- Өзүңүздөр билесиздер, биз депутаттык мандатты өткөн аптада тапшырмак элек. Бирок “Мекен шейиттери” кыймылы жаңы парламенттин мүчөлөрүн каттоо жараянын токтотуу тууралуу өтүнүч менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу. Аталган сот алардын арызын канааттандырган жок. Биздин маалыматтар боюнча алар Жогорку Сот бутактарына кайрылышкан жок. Мындан башка дагы бир катар соттук териштирүүлөр биздин пайдабызга чечилди. Азыр жүрүп жаткан сот процесстери шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан биз парламент депутаттарын каттап, аларга мандат тапшыра берүүнү чечтик.

- Бүгүнкү ЖК депутаттарына депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшыруу мурдагылардан эмнеси менен айырмаланышы мүмкүн?

- Негизинен айырма деле болбойт. Бүгүн саат 10го шайланып, каттоодон өткөн депутаттарды, маалымат каражаттарынын баарын чакырдык. Жогорку Кеңештин имаратында жаңы парламент мүчөлөрүнө салтанатуу түрдө депутаттык мандат тапшыруу аземи болот. Башка эч кандай жаңылык деле киргизилген жок.

- БШК кечээ кечки отурумунда жаңы шайланып келген партиялардын депутаттарын каттады. Каттоо кандай негизде жүрдү? Анткени айрым партиялардын тизме башында турган талапкерлер депутаттыктан баш тартышты эле?

- “Ата Мекен” партиясынан 3-катарда турган Жоомарт Оторбаев, “Республика” партиясынан көп адам депутаттыктан баш тартарын билдирип, арыз менен кайрылышкан. Бул алардын укугу, кааласа депутат болот, кааласа болбойт. Ошондуктан кечээ биз көптөгөн талкуулардан кийин алардын өтүнүчүн канааттандырып, алардын ордуна Шайлоо кодексине ылайык кийинки орундагы талапкерди каттадык.

- Кечээ “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер Актан Арым Кубат өз ордун шайлоодо көп добуш топтогон талапкерлерге бошотуп бергенин билдирди. Мындай учурда тизмеде акыркы орундарда туруп, бирок көп добуш топтогон талапкерлер тизмени аттап кетсе Шайлоо кодекси бузулбайбы?

- Жок, депутаттардын тизмесин каттоодо Шайлоо кодексинин нормалары бузулган жок. Нормага ылайык тизмеде алдыңкы орунда турган киши кетсе, андан кийинки талапкер депутат болуп каттала берет. Мисалы, “Республика” партиясынан тизмеде катар турган бир нече киши кетип, алардын ордуна башкалары келип отуруп, мурдагы тизме боюнча 44-орунда турган талапкер 23-орундагы талапкердин ордуна депутат болуп катталды.

- Акыркы парламенттик шайлоону эркин, демократиялуу түрдө өттү деп айтылып атат. БШКнын мүчөсү катары өзүңүз шайлоого, комиссиянын ишине кандай баа бердиңиз?

- Бааны башкалар, кыргыз эли менен тарых берет.

- Шайлоо жыйынтыгынын создугуп кетиши, нааразылыктардын көп болушуначы?

- Менимче, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби мен башынан эле шайлоону ачык-айрым өткөрүүнү убада кылганбыз. Ошондуктан бизге келип түшкөн арыздарды толугу менен карап, баары менен иштеп, алардын баарына жооп бергенден кийин гана жыйынтык чыгардык. Буга чейин деле мен БШК мүчөсү болуп жүргөм, анда жыйынтык үч күндүн ичинде чыгышы керек деген жобо менен иштеп, нааразы тараптардан келген арыздарга көңүл бурулбай калчу. Бул жолу андай болбой, элдин арасында БШКга ишенбөөчүлүк болбосун деп, келген арыздардын баарын карап, ошого жараша жыйынтык чыгардык.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG