Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Ошто ЕККУнун полициясына каршы митинг өттү


Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция тобунун Кыргызстандын түштүгүнө киргизилишине каршы митингге эки миңден ашуун киши катышты. Алар адегенде мындайга чечимди кубаттаган өлкө жетекчилигин айыпташып, аларды элдин пикири менен эсептешүүгө чакырышты.

Андан соң акция катышуучулары түз эле ЕККУнун Ош шаарындагы кеңсесин карай жүрүш жасап, уюмдун аймактагы башчысына талаптарын тапшырып, ал аткарылбаса 29-июлда уюм өлкөдөн чыгып кетиши керектигин эскертишти.

Ош шаарынын борбордук аянтында колдоруна «Кыргыз эли ЕККУ полициясына каршы», «ЕККУ полициясы жоголсун», «Ош шаары экинчи Косово болушуна каршыбыз», «Кыргызстандын ички проблемасын эл өзү чечсин! Тышкы күчтөр кийлигишпесин!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөргөн акцияга байкоочулардын баамында, эки миңден ашуун, уюштуруучулардын эсебинде беш миңге жакын киши катышты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири – “Мыйзамдуулукту коргоо” коомдук бирикмесинин башчысы Абдыкайым Кангелдиев элдин тынчсыздануусун төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Оштогу акыркы коогалаңды алдын албагандыктан миңдеген кыргыздар өлүп, дайынсыз болуп жаткан чакта Отунбаева башында тургандардын бийликте отурганга моралдык акысы жок. Кокус өлкөгө полициячылар киргизилсе, анда түндүк-түштүк кылып бөлүп-жаруу саясаты жүзөгө ашат.

Ал эми жаштардын атынан сүйлөгөн Юруслан Истанов буларга токтолду:

- Өлкөдөгү башаламандыкка тиешеси бар деп шектелген Бакиевдерден башкалары неге кармалбайт? Июндагы жаңжалды уюштуруп, атүгүл каржылаган, учурда чет өлкөдө качып жүргөн өзбек лидерлери кармалып, эл алдында жооп беришин талап кылабыз!

Акцияга катышкан «ЭрК» партиясынын төрагасы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу маселе чечилип калгандыгын, аны көтөрүү зарылчылыгы жоктугун белгиледи:

- Бирок булар кеткенден кийин эртедир-кечтир кайра согуш башталса кантип табасың? Анткени алар артка кайрылышпайт. «Кандайсың кыргыз? Кандайсың өзбек?» деп сурап да коюшпайт. Ошондуктан полициячыларды алгачкы күндөн тарта бийлик эмес, эл жана коомчулук такай көзөмөлдөшү абзел. Алар катачылык кетирсе анда ишенбестик көрсөткөн оң.

Турсунбай Бакир уулу өз сөзүндө жакында ишке кирише турган Ош окуясын иликтөөчү эл аралык комиссиянын жоопкерчилиги кыргыз бийлигинин мойнунда экендигин кошумчалады:


- Маалымат согушунда ансыз деле жеңилдик. Эми ЕККУнун комиссиясы Кыргыз мамлекетине каршы чечим токуса, булар эки элдин ортосуна от жагып, жаңжалды ырбатса, ошентип жергебизде тынччылык орнобосо, анда бул чыккынчылык десек жаңылышпайбыз. Себеби биз эмес комиссияны өлкө жетекчилиги чакырбадыбы.

Акциянын катышуучулары андан ары Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун Оштогу кеңсесине карай жүрүш жасашты.

ЕККУнун Оштогу кеңсесинин башчысы Хюго Карлсон
Нааразы болгондор талаптарын уюмдун аймактагы башчысына тапшырышты. Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун Оштогу кеңсесинин башчысы Хюго Карлсон жооп эки күндөн кийин угузуларын билдирди.

- ЕККУнун Оштогу кеңсеси полициянын кеңешчи тобунун аймакка киргизилиши жараянына катышкан жок. Бул маселе Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн өтүнүчүнүн негизинде ЕККУга мүчө 56 мамлекеттин катышуусунда талкууланып, анан чечилген. Буга Бишкектин да тиешеси жок. Бирок талабыңарды сөзсүз Венага жөнөтүбүз. Анткени ал жакта ЕККУнун бардык жетекчилери отурушат.


Акциянын катышуучуларынын бири Арстанбек Алибаев талап алдыдагы эки күн ичинде аткарылбаса жердештери башка кадамдарга бара турганын эскертти:

- Көрсөтүлгөн мөөнөттө, тактап айтканда, 29-июлга дейре талаптарыбыз аткарылбаса, анда биз ЕККУну таптакыр жаптырып салганга аракет кылабыз. Адам укуктарын коргобогондон кийин мындай эл аралык уюмдун кимге кереги бар?

Тасмада: ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг

26-июлда Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө киргизүүгө каршы митинг өттү. (MiT)

ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

XS
SM
MD
LG