Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Ош окуялары: арыз арбын, жумуш көп


Комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын жашоочулары менен жолугушууда.
Комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын жашоочулары менен жолугушууда.

Июнь айындагы коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөөчү улуттук комиссиянын Ош шаарында коомдук кабылдамасы иштей баштады. Ага калаанын гана эмес Ош облусунун райондорунан да тургундар кайрылышууда. Ошентсе да этностор аралык кагылышуунун айрым күбөлөрү жана катышуучулары комиссия аймактын бардык булуң-бурчун түгөл кыдырып, калыс корутунду чыгаруусун талап кылышууда.

- Алло, улуттук комиссия бекен?
- Ооба, улуттук комиссия. Анын мүчөсү Абдыкадыр Сапарбаев угуп атат.
- Алайдан чалып жаттык эле. Дайын-дарегиңиздер кандай?
- Даярсыңарбы? Жазып атасыңарбы? Ош шаары, Ош облустук
акимчилигинин имараты, биринчи кабат, 8-бөлмө. Дал ушул жерде коомдук кабылдама иштеп жатат. Телефондорубуз: (03222) 5-66-21; (0553) 100137; (0555) 496161.

Июнь айындагы коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөөчү улуттук комиссиянын Ош шаарындагы аймактык кабылдамасы күн сайын ушундай телефон чалуулар көп болот.

Чынара Салиева
Массалык башаламандык мезгилинде Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн 28 тургуну каза тапкан. Дагы көбү ок жеп жараланып, жашында майып болушту. Бул туурасында улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө кабарлаган Кыргыз-Чек айылынын тургуну Чынара Салиева Ошко жакын кыштакка чоңдор барып, ушул күнгө чейин кабар албаганына жердештери нааразы экенин айтты:

- Карапайым калктын абалын сураштырган биринчи сиздер гана болуп атасыздар. Азыр биз бышактап көз жашыбызды төгүп, илгеркидей мүңкүрөп отура турган заман эмес. Ар бирибиз андан көрө укугубузду талашканыбыз оң. Айлана өрткө чулганып, эл кан жутуп отурганда, кандын үстүнө референдум өткөрүштү. Мамлекеттик деңгээлдеги биз ишенген аткаминерлердин кыла турган жоругу ушул беле? Так маалыматтын жоктугунан биз кырылып калдык. Сабаты жок кишилер кимге кайрылып, кимге сурак беришин билбей дале кеңгиреп отурушат. Чынында окуянын чын-бышыгын дыкаат иликтеген пенде жок.

Чынара Салиева июнь коогалаңында курман болгондордун жана жабыркагандардын макамын апрель ыңкылабынын катышуучуларына теңештирүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Даана Маражапованын айтымында, калаанын кыргыз жана өзбек улуттарындагы жаштары 10-июнь күнү кечки саат 5 чамасында Имам Ал-Бухарий мечитинин жанында экиге бөлүнүп чогулушкан. Жигиттердин шектүү аракеттери туурасында Ак-Буура милиция бөлүмүнө кабарлаганда, ички иштер кызматкерлери анын сөзүн укпай, өзүн абдан шылдыңдашкан. Ошол маалда Маражапова айткан жерде жаңжал тутанган. Ал мечиттин тегерегиндеги аксакалдарга жардам сурап кайрылганда, карыялар кол шилтеп тарап кетишкен.
Улуттук комиссия мүчөлөрү Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургундары менен жолугушуу маалында.


- Азыр аксакалдар ошондо көргөн-билгендерин төкпөй-чачпай айтар бекен деп үмүттөнсөм, алар акыйкатты ачыкташкыдай эмес. Балык башынан сасыйт деген ушул да. Июнь айында Ош жергеси чыныгы Чеченстанга айланды. Эми мындан ары эки эл эзели элдешпейт десеңер, албетте, адашасыңар. Бирок мечиттер жана мектептер мындан ары бир же аралаш болсун! Улуу муундагылар араздашпай, эрте ыктымакташса анан жаштар жарашабы? Улуулар антпесе, биз, жаштар, кайдан бирикмек элек?

Даана Маражапова тополоңго чейин жумушуна кайдыгер мамиле жасаган милиция кызматкерлерин жазаламайынча көптөгөн жосунсуз жоруктардын жүзү ачылбай каларын эскертти.

Улуттук комиссиянын мүчөлөрү сүйлөшкөн Ош шаарынын жана облусунун тургундары июнь коогалаңынын чыныгы уюштуруучулары кармалып, жазаланмайынча өлкө тынчыбай тургандыгын айтышууда. Ошондой эле жаңжал маалында каза тапкандардын үй-бүлөлөрү мамлекет тарабынан социалдык колдоого муктаж экендиктерин билдиришүүдө.

Абдыкадыр Сапарбаев
Бул аралыкта коомдук кабылдамага телефон чалган этникалык кагылышуунун айрым күбөлөрү жана катышуучулары улуттук комиссия аймактын бардык булуң-бурчун түгөл кыдырып, калыс корутунду чыгаруусун талап кылып жатышат.

Муну ырастаган улуттук комиссиянын мүчөсү Абдыкадыр Сапарбаев буларга токтолду.

- Улуттук комиссиянын Ошто бир нече мүчөлөрү бар. Алар кезектешип саат эртең мененки тогуздан кечки жети-сегизге дейре коомдук кабылдамада отурушат. Андан тышкары телефон да эл кызматында. Бир-бирден келгендерди жанагы облакимчиликтин 8-бөлмөсүндө кабыл алып атабыз. Таптакыр мүмкүнчүлүгү жокторду шартына карап жер-жерине барып же өзүнө же жамаатына жолугуп, сүйлөшүп жатабыз.
XS
SM
MD
LG