Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

Зыянга учураган ишкерлер: “Бизде эмне күнөө?”


8-апрелге караган түнү Бишкекте ири соода борборлору таланып тонолду. Анын кесепетинен жүздөгөн ишкерлер зыянга учурап, бир нече дүкөндөр талкаланды.

Бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенип келген Жылдыз Иманалиева 2005-жылдын 24-мартында “Дордой-Плазадагы” талап-тооночулукта чоң зыянга учураган. Андан берки беш жыл убакытта Жылдыз айым бизнесин кайрадан өркүндөтүп бир нукка түшүрүүгө жетишкен. Бирок 8-апрелге караган түнү ал кайрадан чоң чыгашага учурады. Бул жолу анын “Караван” соода жайындагы кийим кечелерин тоноп кетишкен.

- Биз экинчи ирээт талап тоноого тушугуп жатабыз. Бул коркунучтуу. 2005-жылдагы тоноочулуктан кийин бийлик бизге эч кандай компенсация төлөгөн жок. Биз бардыгын башынан баштаганбыз. Эми минтип кайрадан чоң чыгымга учурадык. Алган насыяларыбызды кантип төлөйбүз? Кимге жардам сурап кайрылабыз? Менимче, убактылуу өкмөт бул маселени чечип бериши керек. Мен түшүнөм, Бакиев элди ушундай акыбалга алып келди. Бирок мындан ишкерлер жапа чекпеши керек эле.

Жылдыз Иманалиева эмгектенген “Караван” соода жайындагы талап-тоноодон 100гө жакын ишкер жапа чекти. Алардын айтымында, орточо чыгым 10 миң долларга барабар.

Үч уулдун энеси Самира Абдрахманова “биз жеген наныбыздан айрылып отурабыз” деп билдирди:

- Мен Түркиядан товарларымды карызга алып келип турчумун. Эми минтип баарын тоноп кетишти. Аларга эмне деп айтаарымды билбей отурам. Эл-журтума жана убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылат элем: бул эмне деген шумдук?! Ошондо биз өзүбүздүн элибизди өзүбүз тоноп жатабыз. Үй-бүлөбүздү багабыз деген аракет менен кредит да алганбыз. Балдарым да ыйлап жатышат. Жеп турган токочубуздан айрылып отурабыз. Эми эртең ким бизди багат?

Бир түндүн аралыгында баш калаада он чакты “Народный” дүкөндөрү, “Гоин”, “Вефа”, “Бета Сторес”, “Семь дней”, “Лион”, “Караван” соода борборлору жана бир нече майда дүкөндөр тонолуп кетти. Бирок бул баш аламандыкка чейин кээ бир ишкерлер сатыкта турган оокаттарын алып чыгууга жетишкен.

“Дордой Плазада” эмгектенген Асыл Абакированын көңүлү жайдары.

- Мен 7-апрелде түшкө маал дүкөнгө келип, кийим-кечелерди алып чыгып кеткем. Ошондуктан чыгым деле тарткан жокмун. Бул жердегилердин көпчүлүгү оокаттарын алып кетишкен. Кечинде болсо соода жайга кол салуу болуп, бирок алардын аракети ишке ашпай калды. Азыр бул дүкөнчөлөрдү иштеткен адамдар кубанып отурушат. Себеби алар 2005-жылдагыдай чоң чыгымга учурашкан жок.

Бир түн ичинде өткөн талап-тоноочулуктан көптөгөн ишкерлер жапа чегишти. Учурда мындай кырдаалды колго алуу максатында элдик кошуундар түзулүп, алар элди ынтымакка чакырууда. Бишкек шаарынын тургундары мындай баш аламандыкка жол бербөө керек деп билдиришти.


Наргиза: Көчөдө өтүп жаткан нааразылык туура эле болду деген пикирдемин. Бирок дүкөндөрдөгү тоноочулук туура эмес. Эми бул чыгамдарды кайра калыбына келтирүү оңой иш эмес. Баш калаабыз талкаланып жатканына кейип турам.

Мирбек: Көчөгө чыккан элдин талап-тоноочулукка аралашканы туура эмес болду. Мындай кадамдар жасалбаш керек эле. Азыр болбосо да кийин өкмөт жабырлануучуларга колдоо көрсөтүшү зарыл деген ойдомун.
XS
SM
MD
LG