Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

ЖТР төрайымын коркуткан адам табылды


ЖТРдин жаңы имараты, 20-май, 2009-жыл.
ЖТРдин жаңы имараты, 20-май, 2009-жыл.

Бир нече күндөн бери Жалал-Абад облустук телекөрсөтүүсүнүн төрайымы Бактыкан Ажымаматовага телефон аркылуу коркутуулар жасалып келген эле. Облустагы тартип сакчылары 28-январда бул кылмышка шектүү адамды кармады.

Жалал-Абад облустук телеишканасынын башчысы Бактыкан Ажымыматованы коркутуп сүйлөгөн телефон чалуу өткөн аптада башталган. Аты-жөнүн айтпаган белгисиз адам адегенде кызматтан кетүүсүн талап кылып, болбосо өмүрүнөн айрылаарын эскерткен. Анын ким экенин сураган төрайымдын суроосу жоопсуз кала берген.

Чоочун киши 27-январь күнү бешим ченге дейре “Бактыкан, жашагың келсе, ЖТРден кет, өлөөрүңө аз калды, сени өз колум менен өлтүрөм!” деген жана башка шылдыңдаган сөздөрдү жазып, СМС аркылуу төрайымдын телефонуна жиберип турган. Өз өмүрүнө коркунуч туулганы тууралу арыз менен Бактыкан Ажымыматова күч уюмдарына 24-январда кайрылган.

Облустук ички иштер башкармасынын кызматкерлеринин аракети менен түндө кылмышка шектүү адам кармалган. Ошентип Барс жылында журналисттерге болгон алгачкы телефондук коркутуу окуясынын бети ачылды.

Окуяга байланыштуу башкармалыктын 1- орунбасары Мелис Шералиев бүгүн журналисттер үчүн чакан жыйын курду. Анын айтымында былтыр болгон телефондук коркутуу убагында аныкталган. Жыйында ал тергөө ишинин талабына ылайык бүгүн кармалып, камакка алынган адамдын аты-жөнү тууралу маалымат айта албай турганын, бирок ал ЖТР телеишканасында мурда иштеп кеткен жигит экенин билдирди:

- Ал жерде “Жашагың келеби? Өлгүң келбесе, жөн жүр! Сени өз колум менен өлтүрөм! Жашагың келсе, ЖТР деректиринин кызматынан кет! “ деген ар кандай коркунучтуу сөздөр түшкөн. Ошол окуя боюнча Ички иштер башкармасынын башчысынын буйругу менен иликтөө тобу түзүлүп, ошол топтун жүргүзгөн оперативдүү ишинин жыйынтыгында шектүү адам кармалды. Кармалган жигиттен далил буюм катары уюлдук телефонун жана бир нече СМС жазууларын алдык. Азыркы күндө тергөө жүрүп жатат.

Бактыкан Ажымаматованын белгилешинче, телефондук коркутуп-үркүтүү өч алуу максатында жасалганы анык болду. Тынымсыз телефондук жазуулар анын жана ал баштаган теле-радио ишканасынын жамаатына көрсөтүүлөрдү даярдоодо тескери таасирин тийгизди. Ал баштапкы талаптардан улам “ ЖТРдин жетекчилигине кызыккан адамдар болсо керек” деп боолгогон. Кимдир-бирөөлөр өч алып, кек санагыдай, үчүнчү ирет деректирлик кызматта олтурган учурунда деле сыналгы аркылуу эч кимди сындай электигин билдирди.

- Башында мен кызмат талашуу го деп ойлогом, ушул менин ордум керек болуп аткан го деп. Кармалган шектүү адамдын билдиргенине караганда, жеке өчүн алуу максатында ушундай кылган экен. Мага эки күн катары менен телефон чалат. Эки күн катары менен СМС жазуулар келди. Телефон чалат, өчүрүп коет, сүйлөбөйт. Телефон чалганы “мен бармын!” деген белгиси болсо керек.

Анын жетекчилик маалында он жылдап курулган телеишкананын имараты бүтүп, ЖТР облустук сыналгылардан алгачкы болуп, өзүнчө жыштыкка ээ болгон. Байкоочулардын баамында бийликтин саясатын жүргүзгөн ЖТР өңдүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө бийлик, же кылмыш дүйнөсү, болбосо оппозиция тараптан коркунуч туулушу мүмкүн эмес.

Ички иштер башкармасынын орунбасары Мелис Шералиев Бактыкан Ажымаматованын таза жүргөнүн жана анын талапкөйлүгүнө чыдабаган мурдагы кызматкери коркуткан ыкмага өтсө керек деген божомолун ортого салды:

-Эженин ишке болгон, тартипке болгон талабынан ал адам ошо жумуштан кеткенден кийин эженин талабына ал жигит чыдай албаган. Мен ушинтип ойлойм.

Башкармалыктын тергөө иштери боюнча орунбасары Мырзалы Жумабаев шектүү адамга кылмыш кодексинин 113- беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун , ушул берене менен айыбы аныкталган адам 3 жылга дейре эркинен ажыратылуусу мүмкүн экендигин маалымдады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG