Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

О. Артыкбаев: Энергетиканы коррупциядан арылтуу механизми түзүлүүдө


Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

Кыргызстандын энергетика тармагындагы маселелер, жасалып жаткан иштер тууралуу энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Энергетика тармагында ачык иш жүргүзүү жана бул тармакта коррупцияны ооздуктоо жөнүндө президенттин жардыгы чыкты. Буга чейин оппозиция, анын ичинде сиз да Токтогул суу сактагычында суу мыйзамсыз сатылып жатат деп коңгуроо кагып чыктыңыз эле. Ага тиешеси бар чиновниктердин бирөө жарымы жоопкерчиликке тартылдыбы?

Осмонбек Артыкбаев: Негизинен бул боюнча азыр укук коргоо органдары иш жүргүзүп атат. Иштин көлөмү чоң болгонуна байланыштуу алар азырынча жыйынтык боло элек деп түшүндүрүп атышат. Бардык багыт боюнча прокуратура, УКМК, Каржы полициясы иш жүргүзүүдө. Азырынча бирөөнү отургузганын көрө элекпиз. Бизден мурдагы Мүлк комитетинин төрагасына иш козголуп, ал үй камагында отурат. Бул дагы элге таандык тармакты менчиктештиргенине байланыштуу болгон иш.

- Ал эми буга чейинки жетекчи Иляз Давыдов дагы сурак берип жатат деген маалымат болду эле? Бул боюнча эмне болду?

Осмонбек Артыкбаев: Иляз Давыдов да мурунку иштер боюнча сурак берип жатат. Бул чын.

- Сиз энергетика тармагына жетекчи болгондон берки мезгилде электр кубатын уурдоо канча пайызга кыскарды?

Осмонбек Артыкбаев: Электр кубатын уурдоо мен келгенден бери 29 пайызга чейин кыскарды, көрсөткүч азыр ушундай болуп атат. Бир аз болсо да 1-2 айдын ичинде кыскартканга жетиштик. Азыр аракет кылып, ушуну 25 пайызга чейин түшүрөлү деп системалык реформаны баштап атабыз. Бул бир күндө боло турган иш эмес, азыркы алынган декрет да энергетика багытын коррупциядан арылтуунун чоң жолу, механизми түзүлүп атат.

Бул бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн биздин ишке, энергетика тармактын да ички иштерине аралаштырып, алып сатуулар кандай жүрүп жатканын ачыкка чыгарып, коомчулуктун көзөмөлүнө кое турган декретке кол коюлду. Ушунун автору да биз болчубуз, биз жазып чыктык. Кечээ Роза Исаковна кол койду, эми муну ишке ашыруу бизге тапшырылды, ушуну тез аранын ичинде ишке киргизебиз.

- Сиз жетектеген тармакты коррупциялаштырган мурдагы жетекчиси качып кетти эле деген маалыматтар бар. Мисалы, Сапарбек Балкыбековдун кармалышы тууралуу кандай маалыматтар бар?

Осмонбек Артыкбаев: Ал менин оюмча тартип коргоо органдарынын иши, биз буга киришпейбиз. Биздин максат – азыр энергетика системасын өз калыбында кармап, элге кызмат кылып, электр энергия берүү, кышкы даярдыкка кам көрүү, анан уурдоолорду ушул убакыттан баштап токтотууга күнү-түнү иш жүргүзүп атабыз.

Ал эми мурун кылмыш кылгандарды кармоо биздин милдет эмес, бул тартип коргоо органдарынын милдети. Биз болсо колубуздан келишинче тартип коргоо органдарына жардам берип, иликтөө документтерди, маалыматтарды берип атабыз. Тескерисинче, биз эки айдын ичинде уурдоолорду токтотуу үчүн бир топ иштерди жасадык. Мисалы, Камбар-Ата-2 боюнча 300 млн. сомдун тегерегинде үнөм болду.

Жакында көмүр боюнча тендер өткөрдүк, 1 млн. доллар акча бир тендерден үнөмдөдүк, бул 46 млн. сом. Дагы бир жерден туз алдык, ошол жерден да 13 млн. сом үнөмдөп калдык. Ар бир кадам сайын биз ошол механизмдерди киргизип, элдин акчасын үнөмдөп, жетпей аткан жыртыктарды бүтөп атабыз.

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 11-августта ишке кирише турганы тууралуу маалымдалды эле, бул иш мөөнөтүндө аткарылабы?

Осмонбек Артыкбаев: Кудай буйруса өтө жакшы жогорку деңгээлде иш жүрүп атат. Убагында Камбар-Ата-2 ГЭСти мурдагы бийлик өтө жаман акыбалда калтырып кеткен, жасаган иштеринин баары сапатсыз болчу. Анан аттырганда турпак да керектүү өлчөмдө түшпөй, суу өтө көп келгенине байланыштуу, аз жерден тосмону жууп кетерге аз калды. Быйыл суу өтө көп, секундасына 2 миң кубметр келди. Стандарт боюнча секундасына 300 кубметр болуш керек. Биз күнү-түнү иштеп, бекитип, баарын жакшынакай куруп, азыр жакшы иштей баштады. Андан сырткары азыр биз агрегаттарды монтаж кылып, электр бере турган системаны куруп, 30-августка, кудай буйруса, элге чоң белек кылып ушуну тапшырабыз. Азыр мунун аягы көрүнүп калды.

XS
SM
MD
LG