Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

А. Абазбеков: Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу иштери токтогон жок


Альберт Абазбеков, "Нарынгидрокурулуш" ишканасынын жетекчиси.
Альберт Абазбеков, "Нарынгидрокурулуш" ишканасынын жетекчиси.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна 7-апрелдеги ыңкылаптын таасири тийген жокпу, дегеле бул ГЭСтин курулушу качан аяктайт? Бул суроолорго "Нарынгидрокурулуш" ишканасынын жетекчиси Альберт Абазбеков жооп берет.



- Альберт мырза, Камбар-Ата-2 ГЭСинде азыр курулуш иштери кандай жүрүп жатат, соңку окуялардын, 7-апрелдеги ыңкылаптын таасири тийген жокпу?


- 7-апрелдеги окуядан кийин куруучулардын баары чыгып кеткен эле объекттен. Беш күндөн кийин, 13-апрелде алардын жарымын чогултуп кайра жумушка чыгардык. Азыр иш жүрүп жатат. Негизги максатыбыз - плотинаны куруу, баягы 22-декабрдагы жардыруудан кийин аны долбоорго ылайыктап чыгыш керек болчу. Москвадан келген адистер дагы кошумча пленка коюш керектигин айткан эле. Азыр ошол иштер жүрүп жатат.

Быйыл эми жаан-жачын көп, кышында кар да көп болду, эми жылдагыга караганда суу да көп болчудай. Биз плотинаны жапкандан кийин сууну өткөрүшүбүз керек. Өткөрүү көлөмү секундасына 2170 куб, азыр болсо чукул кырдаалдар министрлигинин божомолу боюнча 2500 куб. суу келе жатат. Ошондуктан 3-агрегаттын суу өткөргүчүн да кошуп пайдалануу үчүн иштерди жүргүзүп жатабыз.
Албетте кыйынчылыктар көп. 7-апрелден кийин цемент, күйүүчү май келиши да токтоп калган, эми келе баштады. Бул маселе менен азыр “Электр станциялары” иштеп жатат. Биздин негизги максатыбыз азыр плотина менен суу өткөрүү болуп жатат.

- ГЭСтин курулушуна буга чейин Өнүктүрүү фонду тарабынан 100 миллион доллар бөлүнгөнү айтылган. Ошол каражат багытталган дарегине толук жеттиби?

- Ооба, ал каражат толук келип, жабдыктардын жарымына буйрутмалар берилген, а түгүл 2-3-агрегаттар үчүн да. Иштери да жүрүп жаткан, бирок азыр плотина менен үчүнчү суу өткөргүч үчүн гана иштеп жатабыз.

- ГЭСтин биринчи агрегатын быйыл 25-майда ишке киргизүү белгиленген эле. Бирок Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмон Артыкбаев “Азаттыкка” берген маегинде аны бул убакытка бүтүрүү мүмкүн эместигин айтты. Биринчи агрегат качан ишке кириши ыктымал?

- Ооба, мурда 25-майга белгиленген, жабдыктарды койгонбуз, эми башка иштери калган, аны деле бир айда бүтүрүп, июнда бере бермекбиз. Эми азыр токтоп турат, графиктерин кайра карап чыккыла деп атышат. Азыр эми 31-августка даярдап жатабыз.

- ГЭС толук түрдө качан ишке кирип калышы мүмкүн?

- Азыр биринчи агрегатты бүтүрүү маселеси гана болуп атат. Аны бүткөндөн кийин экинчи жана үчүнчү агрегатты каржылоо маселесин чечиш керек. Каражат каяктан болот дегендей... Бирок үч агрегаттын тең бетондоо иштери негизинен 95 пайызга бүтүп калган. Азыр эми Орусиядан жабдыктарды алдырып, ошолорду монтаждоо иштерин жасоо иштери калган десек болот.

- Биздин угармандарга, окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтып койсоңуз, Камбар-Ата -2 ишке кирген учурда анын кубаттуулугу, энергетика тармагына кошчу салымы кандай болот?

- Ар бир агрегаты 120 мегаватт болот. Салыштырып айтканда, азыркы Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугу 40 мегаватт, демек Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты эле андай ГЭСтин үчөөнө барабар болот. Ошондо үч агрегаты ишке кирсе 360 мегаваттка жетет. Камбар-Ата-2 Токтогул ГЭСинин башында турат. Кышында электр кубатын бул жактан чыгарып, жай мезгили үчүн Токтогулга суу топтогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт. Камбар-Ата-2 ишке кирип калса өлкөнүн экономикасына салым кошчу, азыркыдай суу тартыш болуп калган учурда кышында мурдагы жылдардагыдай электр кубатын маал-маалы менен өчүрүүгө жол бербей тургандай зыңкыйган эле ГЭС болот. Негизи азыр Кыргызстанда электр кубаты жетиштүү эле. Суу тартышыгынан гана акыркы жылдары кыйынчылыктар болуп келди. Быйыл эми суу көп болчудай, буюрса андай кыйынчылык болбойт.

- Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG