Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Партиялар тизмесин каалагандай калчаса боло береби?


БШК айрым партиялардын тизмедеги талапкерлерин топтогон добушуна жараша жылдыруу ыкмасы мыйзамга каршы келээрин айтууда.
БШК айрым партиялардын тизмедеги талапкерлерин топтогон добушуна жараша жылдыруу ыкмасы мыйзамга каршы келээрин айтууда.

Айрым партиялар депутаттык мандатты тизме кезегине эмес, талапкерлердин добуштарды чогултуу дараметине жараша бөлүштүрүүгө белсенип жатышат. Бирок БШК аны мыйзамсыз деп эсептеп, партиялардын болушунча көп добуш алууга жасаган саясий технологиясы катары мүнөздөдү.

Айрым партиялар шайлоодо жеңишке жетишкен учурда тизмедеги катар ордуна карабастан жоопкерчиликти алган шайлоо чөлкөмүндөгү алган добушунун санына жараша мандат бөлүштүрүүнү алдын-ала чечишкен.

Он эки миң добуш, ойлонбой депутат болушпу?

Ошондуктан партиянын саясий кеңеши тарабынан ар бир депутаттык мандатка ээ болуу үчүн орточо он эки миңден кем эмес шайлоочунун добушун алуу милдети койулган.

“Республика” партиясынын маалымат катчысы Кубат Болотканов ар бир талапкердин мандат алуу мүмкүнчүлүгү өзү шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн райондогу алган добушунун санына жараша аныкталарын белгиледи:

- Партиялык тизме түзүлүп жатканда аймактардын кызыкчылыгы эске алынат. Мисалы үчүн талапкер тизмеде экинчи же үчүнчү деле болушу мүмкүн. Бирок ал өзүнүн чөлкөмүндө же көрсөтүлгөн районунда татыктуу добуш ала албаган болсо, андай талапкерлер менен партия коштошот. Ошол эле учурда тизмеде сексенинчи же токсонунчу орунда туруп, бирок партияга талап кылынган добушту чогултуп бере алган талапкерге депутаттык мандат тапшырылат. Мына ошондо партияда бирөөнүн эсебинен бирөө парламентке келе албайт. Ар ким өзүнүн беделине жана шайлоо өнөктүгүндө иштеген маңдай терине жараша мандат алууга акылуу. Тизмеде экинчи болобу же жетимишинчи болобу, жалпы партиялык кызыкчылык үчүн бирдей күчтү жумшап иштөөгө мүмкүнчүлүк болуп жатпайбы. Партиялык тизме менен бара жатканга карабастан бул усулду колдонуу баягы бир мандаттуу шайлоо ыкмасына окшошуп кетет.

Мандат бөлүштүрүүдөгү бул усулдун демилгечилеринин айтымында, мындай шарт талапкерлердин шайлоочулар арасындагы чыныгы салмагын аныктоого өбөлгө түзөт.

Ким кимди алдап жатат?

Бирок ошол эле мезгилде бул учурдагы шайлоо мыйзамдарына карама-каршы келет. Шайлоо кодексинде партиялык системага бир мандаттуу шайлоо ыкмаларынын киргизилиши каралган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов бул усулду айрым партиялардын көп добуш чогултуп калууга жасаган аракети катары баалады:

- Бул жөн эле тизменин четине чыгып, калган талапкерлерди сооротуу жана алдоонун жакшы иштелип чыккан жолу. Ким көбүрөөк топтойт деген маселени кабыргасынан койуу менен мандат алуу үчүн партиянын ичинде мелдеш уюштурулуп жаткандай көрүнүш. Мындай болбойт. Бизге тапшырган тизмелериндеги кезеги кайсы жерде турган болсо, ошого карата жеңген партиянын мандаты бөлүштүрүлүп берилет. Талапкерлер арызын жазып тизмеден чыгып кетиши мүмкүн. Бирок мында да башка катардагы талапкерге эмес, мандат тизмедеги кезеги боюнча андан кийинкисине берилет. Бул жерде партиянын мандатты каалаган талапкерине берүүгө укугу жок.

Эркекче шерттешүү менен арыз

Саясий партиялар депутаттык мандатты бөлүштүрүүдө аталган усулду колдонуу үчүн жетиштүү добуш албай калган талапкерге катар ордун өз каалоосу менен бошотуу боюнча арыз жаздыртышы зарыл. Анткени мыйзамга ылайык, буга чейин партиялардын курултайларында бекитилген талапкерлердин тизмелери каттоодон өткөрүлгөн жана андагы катарлар сакталууга тийиш.

“Ата Журт” партиясынын өкүлү Ибрагим Жунусов мандат бөлүштүрүүдөгү укуктук жагдайлар партиялык ички тартиптер менен жөнгө салына тургандыгына токтолду:

- Укуктук жагы мындай. Биз бул боюнча БШКдан уруксат сурабайбыз же алар бизге бир нерсе деше албайт. Анткени бул жерде мыйзам бузуу жок жана ал партиянын ички иши. Бул жерде биз тизмеге кирип жатканда эркекче кол алышуудан сырткары “эгерде партиянын пайдасына он эки миң добуш ала албасам мен катар ордумду бошотуп чыгып кетем” деп арыз жазып бергенбиз. Эгерде биринчи орунда турган адам ошол добушту ала албаса ал дагы депутаттык мандат ала албайт. Бирок бир жагдай бар. Эгерде бир эле чөлкөмдөн үч талапкер бара жатып, бирок бирөө дагы жетиштүү добуш ала албай калган болсо, анда эң көбүрөөк добуш топтогон алдыңкысына арттагылардын чогулткан добуштары автоматтык түрдө өткөрүлүп берилет.

Тизмедеги кезектен секирип өтүүгө болбойт!

Бирок мындай бүтүм менен Борбордук шайлоо комиссиясы макул эмес. Анткени БШК мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, талапкерлердин арыздары алынган учурда деле аралыктарында бир канча катар орундар турган тизмедегилердин арткысын алдыга секиртип жылдырууга мыйзам жол бербейт.

Жеңиш Акматов муну жөнгө салууда укуктук талаадан сырткары жөнөкөй эле механикалык кыйынчылыктар толтура экендигине мындайча мисал келтирди:

- Мисалы үчүн “А” партиясынын 120 талапкери бар дейли. Андагы 20-орунда турган талапкери он эки миң добуш жыйнай албай калды дейли. Бирок ошол эле кезде сексенинчи турган талапкер элүү миң добуш чогулткан болсо, аны тизмеден алдыга жылдыруу үчүн ортодогу жыйырма бирден жетимиш тогузга чейинки кишилердин бардыгын тизмеден чыгарыш керек болуп жатпайбы. Ошол аралыктагы тизмедегилердин ортосунда тигиден көп добуш жыйнаган киши болуп калса кандай болот? Мына ушул сыяктуу баш ооруткан жагдайлар өтө көп. Бул ишке ашпай турган демилге.

Добуштарды топтоонун деңгээлине жараша мандат бөлүштүрүү усулу жүрө тургандыгын жогоруда аттары аталган эки партиянын өкүлдөрү гана билдиришти. Ошол эле учурда айрым саясий партияларда мындай тажрыйба расмий эмес шарттарда шайлоо өнөктүгү учурунда алдын-ала сыноолордон өткөрүлүп жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG