Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Жалал-Абадда шайлоого даярдык начар, кемчилик көп


21-сентябрда Жалал-Абад облустук шайлоону уюштуруу штабы парламенттик шайлоого даярдыктар көптөгөн кемчиликтер менен коштолуп жаткандыгын белгиледи. Жергиликтүү бийликтин башчыларына мүчүлүштүктөрдү оңдоого бир жума убакыт коюлду.

Губернатор, шайлоону өткөрүү штабынын башчысы Б. Асанов бул убакыттын аралыгында кемчиликтерди оңдобогон район- шаар башчыларынын кызмат жагын караштыруу маселесин президентке коерун билдирди.

10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүндөгү кемчиликтер облустук бийликтин жер-жерлердеги кырдаал менен таанышып кайткан кызматкерлердин баяндамаларынан улам маалым болду.

Баяндамага ылайык, тоолуу аймактар байланыш каражаттары менен толук камсыздалбаган. Аксы районундагы шайлоо бекеттеринин көпчүлүгү мектептерге жайгашкан. Райондун Аблетим шайлоо участкасына байланыш каражаттары, компьюьтер, мамлекеттик белгилер коюлбаган.

Сузак районунун айрым айыл-кыштактарында шайлоонун кайсы күнү болору тууралуу тасмалар илинген эмес. Бул райондун акими Нурболот Мырзахмедов шайлоо участкаларын байланыш каражаттары менен камсыз кылуу жөнүндө маселени буга дейре эле "Кыргызтелеком" кызматына койгон, бирок ал иш аткарылган эмес.

Майлуу-Суу шаарында шайлоочулардын тизмеси так эмес, шайлоо чакырыктары жок, шайлоо бекетине иштебеген компьютер коюлган. Ала-Бука районунда деле абал начар, жада калса чакан айылдагы 270 шайлоочунун тизмеси толук эместигин облбийликтин өкүлү Камчыбек Шарипов көрүп кайткан.

Жалал-Абад шаарынын шайлоо участкаларынын айрымдарында шайлоочулар референдумдагыга караганда көп катталса, кээлеринде азайып кеткен. Бул тууралу баян курган облбийликтин бөлүм башчысы Гүлзат Алимбаева облус борборундагы шайлоо тизмесине Жалал-Абадда убактылуу жашабаган адамдардын жана өлгөн кишинин аты-жөнү жазылганын мисалга тартты.

Облуста 410 шайлоо участкасы уюштурулган. Ал участкалык шайлоо комиссияларынын көпчүлүк мүчөлөрү жаңыртылган. Облустук шайлоо комиссиясынын башчысы Бакыт Козуев алар атайын долбоордун жардамы менен окутула баштагандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG