Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

К. Йонкер: Шайлоо тынч өтөт деп үмүттөнөбүз


Корнелия Йонкер, ЕККУнун демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы.
Корнелия Йонкер, ЕККУнун демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы.

Алдыдагы шайлоого ЕККУ 300дөй байкоочусун жөнөтмөкчү. Учурда аталган уюмдун узак мөөнөттөгү 22 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, шайлоо даярдыктарына көз салып жүрөт. Алардын коопсуздугу кандай болууда? Бүгүнкү күндө алар эмнелерди байкады?

Оштогу кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов ЕККУнун демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Корнелия Йонкерге ушундай суроолорду узаткан.

- Корнелия айым, мына сиз Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып чыктыңыз. Эмнелерди байкадыңыз, кимдерге жолуктуңуз?

- Биринчиден, биз Ош жана Жалал-Абадда жалпы шайлоого даярдыктар кантип жүрүп жаткандыгына көз салып чыктык. Бизге көп маалыматтар түшүп жатат. Мисалы, шайлоочулардын добуштарын сатып алып жатат деген, же туура эмес уюштуруу иштери жүрүп жатат деген маалыматтар түшүүдө. Ошол эле убакта партиялардын жыйындары кандай өтүп жатат, аларга адамдарды кантип алып келүүдө, ошолорду бүт карап жатабыз.

Дагы кээ бир партиялар административдик ресурстарды туура эмес колдонуп жатат деген маалыматтар да бар. Ошолорго да байкоо жүргүзүп жатабыз азыр. Анан да биз Ош жана Жалал-Абаддагы башка улуттун өкүлдөрүнүн шайлоого катышуу маанайын билүү аракетин жасадык. Алар жашаган жерлердеги шайлоого даярдыктардын жүрүшү кандай? Анан да шайлоодогу мыйзам бузууларды байкаган арыз-даттануулары үчүн кандай шарттар түзүлгөндүгүн да карап чыктык.

- Дүйнө коомчулугу ЕККУнун миссия байкоочуларынын коопсуздугуна тынчсызданууда. Жергиликтүү бийлик органдары сиздерге кандай шарттарды түзүп беришти? Байкоочулардын коопсуздугу туурасында эмнелерди айта аласыз?

- Ооба, биз байкоочулардын коопсуздугу маселелесинин үстүндө дайыма ойлонуп, иштеп жатабыз. Биз ички иштер министри менен, Ош шаарынын вице-мэри жана Жалал-Абад шаарынын мэри менен да жолугуп сүйлөштүк, талкууладык. Бул жерде биздин гана коопсуздук эмес, жергиликтүү элдин да коопсуздугу турат. Биринчиден шайлоочулар үчүн коопсуз шарттар түзүлүшү керек. Алар шайлоого ээн-эркин келип добуш берүүгө катышышы шарт. Андай болбосо же кандайдыр бир чыр-чатактар чыга турган болсо, албетте, шайлоо токтотулат.

- Ошондой болсо да, балким, сиздердин байкоочулар курал менен камсыз болушабы же жансакчы жалдайсыздарбы?

- Жок. Эч кандай андай чаралар каралган эмес. Биздин байкоочулар жөнөкөй кишилер. Алар көп жылдардан бери шайлоого байкоо салып жүргөн тажрыйбалуу адамдар. Байкоочуларыбыз жанына эч кандай курал-жарак алып жүрбөйт. Аларга жансакчылар да каралган эмес. Биз, албетте, шайлоо күнү Ош жана Жалал-Абадда бүгүнкүдөй тынч абал сакталышына ишенгибиз келет. Биз шайлоо тынч өтөт деп үмүттөнөбүз.

Ошол эле учурда саясий партиялардын лидерлерине, мүчөлөрүнө сунуш артмакчымын. Менин билишимче, бир катар саясий партиялар шайлоону тынч өткөрүү максатында атайын кодекс же меморандумдарга кол коюп жаткан экен. Мен партиялардын өкүлдөрүнө айтмакчымын, демократиялуу өлкөдөгү шайлоодо бир партия жеңет, бир партия жеңилет, муну туура кабыл алыш керек. Мен партияларга шайлоонун жыйынтыгына нараазы болуп, күч колдонууга барбоого чакырык таштайт элем.

- Сиздерден бул шайлоого жалпы канча байкоочу көз салат?

- Демократия институту жана адам укуктарынын бюросу 300 кыска мөөнөттөгү байкоочуну сураган. Ал байкоочулар ЕККУга кирген өлкөлөрдөн жиберилет. Ошол эле учурда азыр Кыргызстан боюнча 22 узак мөөнөттөгү байкоочу жер-жерлерде иштеп жатат.

- Сиздер бул жумушуңуздардын натыйжасы тууралуу жакында коомчулукка маалымат бересиздерби?

- Өткөн жума күнү биз алгачкы кыскача баяндамабызды бергенбиз. Эми экинчисин октябрдын алгачкы жумасында коомчулукка ачыктайбыз. Кийинкисин шайлоо өткөндөн кийин шайлоо процессиндеги байкоолорубуз тууралуу беребиз. Анан акыркы чоң, көлөмдүү баа берүүбүз шайлоо өткөн соң, эки айдан кийин жарыяланат. Себеби биздин байкоочулар бардык маселе боюнча өздөрүнүн анализин толук берип бүтөт. Ага шайлоодон кийинки арыз-даттануулар камтылган байкоолор да кирмекчи.

- Сиз өзбек улутундагылар жашаган конуштарда да болдуңузбу?

- Ооба, биз өзбектер жашаган аймактарда, маалелерде болдук. Албетте, абал өтө оор. Үйлөрү таптакыр күйүп кеткен, жалгыз карарган дубалдардан башка эч нерсеси калбай калган адамдарды көрүп абал өтө оор экен деп эсептейм. Алар бир аздан акчалай жардамдарды алып жатыптыр. Курулуш материалдары да берилип жатканын көрдүк. Алар кышка чейин үйлөрүн салып алышы керек. Мен абал өтө оор дегенден башка эч нерсе айта албайм.

Бул нерсени шайлоого байланыштырып кетсек, кээ бирөөлөр аты-жөнүн аныктоочу документтерин жоготуп алышкан. Жаңы документ али ала электер бар экен. Эгер алар шайлоого бара албай калса, бул шайлоо процессинин жүрүшүнө терс таасирин тийгизет.

- Рахмат, маек куруп бергениңиз үчүн.

XS
SM
MD
LG