Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

БШК: Парламентке беш партия өттү


БШКнын шайлоо жыйынтыгын чыгарган жыйыны, 1-ноябрь.
БШКнын шайлоо жыйынтыгын чыгарган жыйыны, 1-ноябрь.

БШК дүйшөмбүдө 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, парламентке беш партия өткөнүн билдирди.

Алар: “Ата-Журт”, КСДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары. Буга чейин беш пайыз босогодон өткөнүнө ынанып келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы баш болгон айрым партиялар шайлоону мыйзамсыз деп атап, жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришүүдө.

Добушка жараша орун

10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча “Ата-Журт”, КСДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары көпчүлүк добушка ээ болуп, парламентке өттү. БШК төрагасы Акылбек Сариев бүгүнкү жыйында муну расмий жарыялады:

Акылбек Сариев, БШК төрагасы, 1-ноябрь.


- Областтык жана чет мамлекетте уюштурулган участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматынын негизинде жыйынтык жадыбалын түздүк. Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктунун негизинде депутаттарды бөлүштүрүү укугуна беш саясий партия ээ болду. Бул «Ата-Журт» - 8,47%, КСДП – 7,83%, «Ар-Намыс» - 7,57 %, «Республика» - 6,93% жана «Ата Мекен» - 5,49% добуш менен биздин чектен өтүп, мандаттарды бөлүштүрүү укугуна ээ болду.

Ошентип шайлоого аттанган 29 партиянын ичинен жеңишке жетишкен беш партия алган добуштарына жараша мандатка ээ болушат. БШК төрагасы Акылбек Сариев жаңы Башмыйзам боюнча Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун беш партияга бөлүштүрүлгөнүн кабарлады. Ага ылайык “Ата-Журт” партиясы 28, КСДП -26, “Ар-Намыска” - 25, “Республика” - 23, “Ата Мекен” партиясы 18 орунга ээ болду.

"Бүтүн Кыргызстан" шайлоону тааныбайт

Буга чейин беш пайыз босогодон өткөнүнө ынанып, бир топ митингдерди уюштуруп, ачкачылык жарыялап келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентке кирбей калды. Партия лидери Адахан Мадумаров 10-октябрда өткөн шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, шайлоону тааныбай тургандыгын айтып чыкты.

Адахан Мадумаров

- Азыркы Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор түздөн-түз Конституцияны одоно бузуулар менен өттү деп баса белгилеп жатабыз. Парламентке “Бүтүн Кыргызстанды” киргизбей жаткандын бирден-бир чочулоосу партиянын өтө ыңгайсыз болгону. Биз шайлоону тааныбайбыз, биз эмес Кыргыз Республикасынын Конституциясы тааныбайт.

БШК төрагасы Акылбек Сариев добуш берүү протоколдорун салыштыруу учурунда айрым участоктордун жыйынтыктары жокко чыгарылгандыктан, жалпы пайыздык көрсөткүчтөр азайгандыгын, буга ылайык ар бир партиянын пайыздары да бир аз кыскарганын белгилеп өттү.

Ошентип шайлоонун жыйынтыгы туура 22 күн дегенде чыгарылды. Анткен менен саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев ушунча күн кармаган БШКнын жыйынтыгында көп деле өзгөрүү болбогонуна нааразы. Ал негизги мыйзам бузуулар көрсөтүлбөгөнүн белгилейт.

- Чындыгында эч нерсе өзгөрбөптүр, баягы эле бойдон калыптыр. 21 күн кармап, текшергенден кийин жыйынтыгы жок болуп жатат да. Мисалы кандай мыйзам бузуу болду, терс жагы кайсылар болду, аймактык шайлоо участогунда кандай мүчүлүштүктөр болду, ошонун жыйынтыгын берсе болмок. Менин оюм боюнча, шайлоонун жыйынтыгы ушул болгондон кийин коомдо деле, саясатта деле чоң өзгөрүү болбойт. Кандай жашасак ошондой эле жашай беребиз.

Даттанчу убак келди

БШКдан алынган маалыматка караганда, парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-ноябрь күнү “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланат жана ошол күндөн тартып БШКнын бул чечими күчүнө кирет. Ал эми утуп чыккан саясий партиялардан депутаттыкка талапкер болгондор үч күндүн ичинде мурда иштеген кызматын тапшырып, өздөрү тууралуу маалыматты, сүрөтү менен чогуу БШКга бериши керек. Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор да ушул үч күндүн ичинде сотко кайрылууга укуктуу.

10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы туура 22 күн дегенде чыгарылды.

- Мунун баары эртең ММКларга жарыяланат. Ошондон тарта күчүнө кирет. Эгер сотко берсе биз кармай турабыз. Анткени ошондой маселе бар, эгер сот "токтотуп тур" десе биз токтотобуз.

БШКнын буга чейинки протоколду салыштыруу, оңдоо иштеринин натыйжасында чет өлкөлөрдөгү жана республиканын аймагында жалпысынан 25 шайлоо участогунун добуштары жокко чыгарылган. Алардын экөө Орусиянын Челябинск жана Новосибирск шаарларындагы участоктун добуштары жокко чыкканы бүгүнкү жыйында белгилүү болду.

Текшерүүлөрдүн натыйжасында жалпы шайлоочулардын саны 3 млн. 36 миң 600дөн ашуун экени аныкталып, бекитилген. Ошонун эсебинен беш пайыз босого да өсүп кеткен. 10-октябрдагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 55, 59% шайлоого катышты.

XS
SM
MD
LG