Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

А.Шабданов: Мигранттар мыйзамдуу жолду издесе...


Мигранттардын көбү базарларда соода кылат.
Мигранттардын көбү базарларда соода кылат.

Талас облусу боюнча 11 миңден ашык шайлоочу чет өлкөгө иш издеп кеткен. Бул тууралуу Талас областтык Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Адылбек Шабданов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Апрель окуясынан кийин сиз жетектеген башкармалыкта кандай өзгөрүүлөр болду?

Адылбек Шабданов: Адегенде ушул 9 айда жасаган ишибиз тууралуу айтайын. Жергиликтүү администрация менен иш алып барып, үч багытта иштейбиз. Биринчиси, жумуш издегендерге иш таап берүү, 9 айдын ичинде 2623 адам жумуш сурап кайрылган. Администрация менен бирге 7135 адамды иш менен камсыз кылдык. Ошентип активдүү коомдук иштерге тартабыз, 6 айга чейин социалдык тармактарга ремонт иштерине киргизип, 6 ай жумуш менен камсыз кылабыз.

Экинчи багытыбыз бош иш оорундарын таап, жумушка орноштуруу. Үчүнчү багытыбыз чакан насыя беребиз. Бул жерде ар бир адам 120дан 30 миң сомго чейин кредит алалат, 5 миллионго жакын кредиттик партфелибиз бар. Мындан тышкары облус боюнча 6 ири курулуш иштерине жумушчуларын тартып, курулуш иштерин аяктаттырдык. Манас районунда Манас орто мектебинин чатырын жаптык, Талас районунда Нурбаев орто мектебинин айланасындагы көрктөндүрүү иштерин аткардык, Бакай-Ата районунда Боо-Терек айылындагы Дүйшөбаев орто мектебинин жана ошол эле райондогу майыптар үйүнүн бирден бөлмөлөрүн ашканага ылайыктап жасап бердик.

Мындан тышкары чет өлкөгө чыгып бараткандарга кеңеш беребиз. Талас шаарында ишке көмөктөшүү комплексин ачканбыз, ал жерде жаштар эмгек биржасы, маалымат кеңеш борбору, көчө эмгек биржасы, 189 түз байланышы, 4 долбоор иштеп жатат.

- Апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстанда миграция күч алууда. Аны азайтуу боюнча кандай иш аракеттер жүргүзүлүүдө?

Адылбек Шабданов: Туура суроо. Кыргызстанда миграция күчөп жатат, анын ичинде Талас областы да четте калган жок. Бирок канча киши сыртка чыкканы тууралуу толук маалымат жок. Ошондой болсо да акыркы эсебибиз боюнча облустун 11 миңден ашуун тургуну ички жана тышкы миграцияга тартылган. Тышкы миграцияны алганда Талас облусунан Казакстанда миңден ашуун жарандарыбыз жүрөт. Бул маселе республикалык деңгээлде чечилиш керек.

- Демек 11 миңден ашык шайлоочу Талас областы боюнча жок турбайбы?

Адылбек Шабданов: Ооба, бирок бир жуманын ичинде алардын айрымдары кайра келиши да мүмкүн. Патриоттуулук сезим менен шайлоого келишсе да 10 миңден ашык шайлоочу болбойт.

Кордолгон мигранттар, алдаган шылуундар

- Сыртта жабыр тарткан мигранттар тууралуу сүйлөшсөк. Казакстанда иштеп, айлык акысын ала албай, кулчулукка кабылып, качып келип, азыркы тапта паспорту жок кыйналып жүргөндөр бар.

Адылбек Шабданов: Бул илгертеден бери чечилбей келаткан маселе. Биз ар бир айылга ушундай көйгөйдү болтурбоо үчүн маалымат кеңештерин ачканыбыз. Ошол жактарга кайрылып кеңеш алып кетсе жакшы болмок. Сыртка чыккан учурда чек арада миграция баракчасын толтурганда жумушка орношуу максатта баратам деп жазышы керек. Жерине барганда ошол жактан уруксат алса бул мыйзамдуу иш болуп калат, мамлекеттин көзөмөлүндө болот, анын коопсуздугу да сакталат.

Жакында эле бир үй-бүлө Орусияга барып иштеген экен. Бирок аларды жалдаган ишкер айлыктарын бербей, өздөрүн жаман шартта кармап, кордогон экен. Биз министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, 3-4 күндүн ичинде жабырлануучу тараптын айлык акылары төлөнүп берилип, ал жерден бошотуп, башка жерге жумушка орноштурууга жардам бердик. Алар Москвадагы өкүлчүлүгүбүзгө, облустук администрацияга ыраазычылыгын билдиришти. Баары мыйзамдуу жол менен кетсе мамлекет тарабынан жардам көрсөтүүгө болот.

- Башка мамлекеттерге кеткендердин санын тактоо боюнча кандай кыйынчылыктар бар?

Адылбек Шабданов: Бизде миграциялык картаны кыргыз чек арасына да киргизмейинче бул чоң көйгөй бойдон калат. Эми аны түшүнүп жатабыз, ага көп каражат керек. Буйруса шайлообуз жакшы өтүп кетсе бул маселе каралат деген ойдобуз. Негизи муну киргизиш керек, себеби биринчиден, канча адам сыртка чыкканын же сырттан келгенин тактасак, экинчиден, мамлекетке керектүү дагы башка маалыматтар түшүп турат эле.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG