Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

СДП өкмөт ишине канааттанбайт


СДПнын депутаты Иса Өмүркулов
СДПнын депутаты Иса Өмүркулов

Бүгүн парламентте өкмөттүн 2009-жылдагы отчету угулуп, көпчүлүк депутаттар аны канааттандырарлык деп баалады. Бирок СДП фракциясы мындай баага каршы. Бул боюнча фракция мүчөсү Иса Өмүркуловду сөзгө тарттык.

- Иса мырза, бүгүн өкмөттүн өткөн жылдагы отчетун талкуулап парламент кабыл алды. Ал эми СДП фракциясы буга каршы чыгып, канаттандырарлык эмес деп таптыңыздар. Анын себеби эмнеде?

- Парламент өкмөттүн 2009-жылкы ишмердүүлүгү боюнча Конституцияга ылайык отчетун угушубуз керек. Ошол маселе боюнча күн тартибинде карадык бүгүн. Албетте премьер-министр өзүнүн отчетунда баары жакшы, киреше да көп, социалдык маселе да чечип атабыз, пенсияны көтөрүп атабыз деген жоопту айтты. Бирок биз ага өз мамилебизди айттык. Себеби өткөн жылкы экономикабыздын абалы өтө оор болду. Себеби экспорттун азайганы 22 пайыздан ашты, импорт 25 пайыздан ашты. Ошону менен бирге өндүрүш 6,4 пайызга төмөндөдү. Ал эми бир гана Кумтөр ишканасы жалпы өндүрүштүн көлөмүндө 50 пайызга чыкты. Мындайча айтканда, республикадагы бүт өндүрүштүн 50 пайызы бир гана комбинатка байланышып калды.

Бул өтө начар, перспективасыз көрүнүш. Себеби өндүрүштүн бүгүнкү күндө азайып жана экономикалык жактан өнүкпөй жатканын айгинелеп турат. Ошону менен бирге өндүрүштүн ичиндеги кийим тигүү тармагы 30,1 пайызга төмөндөдү. Бул дагы бүгүнкү күндө 3,1 тигүүчү жумушу жок калды деген сөз. 3,1 көлөмү сатууга жөнөтүлбөй калды деп атабыз. Мунун баары тең товар айлантуунун төмөндөгөнүн, соода балансынын айырмасы көбөйгөндүгүн айгинелеп турат.

Мындан тышкары албетте ушул көрүнүшкө бүгүнкү күндө Кыргызстандын бажы союзуна кирбей калганы экономикага мындан ары да терс таасирин албетте берет. Себеби бүгүнкү күндө негизги биздин товар жүгүртүү - бул Кытайдан алып келип коңшу мамлекеттерге Дордой, Кара-Суу базарлары аркылуу сатуу жана Орусияга жөнөтүү болчу. Бул 1-январдан баштап катуу көзөмөлгө алынды. Ал эми экинчи жарым жылдыктан баштап бул нерсенин баары токтойт дегенге толук көз жетип турат. Себеби бажы союзунун келишиминде ошондой маселеси бар.

- Иса мырза, Орусия бере турган кредит - 1 млрд. 700 млн. доллар акча келет дедик эле. Ошол канчалык реалдуу?

- Бүгүн премьер-министр аны жакынкы арада келет деп айтты. Биздин көз караш боюнча, ал акча келе турган түрү жок. Себеби жакынкы күндөрдө Орусиянын ММКлары аркылуу биздин өкмөт терең сынга алынды. Ал жерде мурунку берилген кредит - 300 млн. доллар кайда кетти деген суроону коюп атышат. Эгерде биздин өкмөт ага толук ачык жооп бербесе, албетте кийинки транш, же болбосо 1 млрд.700 млн. долларды берүү чектелет. Ал акча келишине менин көзүм жетпейт.

- Жогоруда айтылган маселелер боюнча СДП фракциясы өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп таптыбы?

- Албетте, мындан тышкары бүгүн көйгөйлү маселенин бири - айыл чарба багыты. Айыл чарба азыктары ички дүң продукциянын 3,1 көлөмүн түзөт. Ошонун көбөйгөн темпи 7,4 деп айтылып жатат өкмөт тараптан. Бирок өткөн жылкы айыл чарбадагы продукциянын өнүгүшү 2008-жылга салыштырмалуу бүт багыттар боюнча төмөндөдү. Мисалы, сүт боюнча, бул өкмөттүн өзүнүн отчетунда жүрөт, жумуртка, жүн, эт, өсүмдүктөр боюнча. Мисалы, пахта аянты эгерде 2009-жылы 16,9 миң гектар боло турган болсо, 2008-жылда болсо 33,7 миң гектар эгилген экен, 15 миңге 2009-жылы аз. Тамеки миң гектарга чейин аз эгилди. Мисалы 2009-жылы кант кызылчасы Чүй өрөөнүндө эгилген деле жок. Анан айыл чарбада кандай өсүш болот? Ошон үчүн бул багытта дагы көп мүчүлүштүк бар, ошонун баарын айттык, ошонун баарын камтыганда өкмөттүн былтыркы ишмердүүлүгүнө бир сөз менен бүгүн биз канаттандыраарлык эмес деген баа бердик.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG