Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Кандуу окуялар сүрөтчүлөрдүн көзү менен


3-сентябрдан 17-сентябрга чейин Бишкекте Германиянын Гете институту уюштурган “Кыргызстан-2010” аттуу көргөзмө өтөт. Көргөзмө эл аралык денгээлде уюштурулуп, ага Батыш Европа жана Борбордук Азиядагы белгилүү сүрөтчүлөр катышат. Көргөзмөдө чет өлкөлүк жана жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн апрель жана июнь окуяларын чагылдырган сүрөт жана видео материалдары көрсөтүлөт.

“Кыргызстан-2010” деп аталган көргөзмө эл аралык деңгээлдеги долбоор. Уюштуруучулардын айтымында, жергиликтүү сүрөтчүлөр өлкөдө орун алган окуяларды өздөрү катышып жүргөндөй чагылдырышса, чет өлкөдөн келген сүрөтчүлөр сырттан карап турган адамдардай сүрөттөшөт.

Ош шаарынын тургуну, сүрөтчү Аваз Момункулов бул көргөзмөдө Ош коогалаңынан кийинки элдин турмушун, гүлдөп турган Ош шаары кандай акыбалга келгенин жана коогалаңда дайынсыз жоголгондорду издеп жүргөн адамдардын эмоционалдык ал-акыбалын чагылдырган сүрөттөрү тартууланарын айтты.

- Мен көргөзмөгө Ош коогалаңында тарткан сүрөттөрүм менен катышайын дедим. Сүрөттөрдүн көпчүлүгү коогалаңдан кийинки шаардын акыбалы. Мен жергиликтүү калктын турмушу, дайынсыз жоголгон жакындарын издеп жүргөн адамдардын абалы, гүлдөп турган шаардын өрттөлүп, тонолуп калгандагы сүрөттөрүн чагылдыргам. Бул көрүнүштөрдү көргөн адамдын зээни кейит.

Иш-чараны “Колдо” арт борбору уюштуруп, ага Германиянын Гете институту колдоо көрсөтүүдө. Долбоордун жетекчиси Назира Алымбаеванын айтымында, 7-апрель жана июнь айындагы окуялар элдин аң-сезимине орноп, дагы да болсо оор эскерүүлөрдү берип келет. Ошол себептүү иш-чаранын максаты ар кандай сүрөттөр, видео материалдар аркылуу Кыргызстандагы саясий, социалдык жана экономикалык абалга баа берүү болуп саналат.

Ошондой эле “Кыргызстан-2010” долбоорунда тартууланган эмгектер заманбап көз караштагы искусство болуп саналат. Анткени кайсы гана сүрөттү алып карабайлы Кыргызстан эркин мамлекет экендиги көрүнүп турат. Мындай оор кырдаалдын үстүндө иштөө мамлекетибиздин эркиндигин жана жоопкерчилигин көрсөтүп тургансыйт.

Көргөзмөдө катышкан Орто Азия жана Германиянын сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде “революция – бул ар бирибиз” деген принцип чагылдырылды деген пикири менен бөлүштү долбоордун жетекчиси Назира Алымбаева.

- Көргөзмөгө катышуу үчүн кечээ Германиядан эки сүрөтчү келди. Алар азыр даярдыктарды көрүп жатышат. Француздардын белгилүү ыры бар: “Бут ааламга күн” деген. Алар “бардыгыбызга күн” деген теманы тандап алгандарынын себеби Кыргызстандын желегиндеги күн жакшынакай болуп тартылып турбайбы. Ал эми алардын жасалышында күн тийип турганы менен ички өңдөрү кара түс менен боелгон. Анткени бул кыргыз элинин ал-акыбалын чагылдырат. Кыргызстандагы кайгылуу окуяларды ущундай жол менен түшүндүрүшкөн.

Сүрөтчү Алмаз Самидинов иш-чарага өзү келип катыша албаса да Оштогу кырдаалды чагылдырган сүрөттөрү эл алдына тартууланарын билдирип, коогалаңдан кийинки кырдаалды сүрөттөп айтып берүүгө мүмкүн эмес экендигин, аны ар бир адам өз көзү менен көрүш керектигин кошумчалады:

- Көргөзмөдө азыркы кырдаалды чагылдырган сүрөтчүлөрдүн көз караштары сүрөттөр аркылуу берилет. Эң негизгиси заманбап жана жандуу кылып көрсөтүү керек. Менин сүрөттөрүмдө асмандан жерге карай адамдардын көздөрү тартылган. Эми бул сүрөттөрдү көрүп түшүнбөсө сөз менен айтуу кыйын.

Сүрөт таануучулардын айтымында, Кыргызстандагы бул өңдүү кырдалды сүрөт, тасмаларда чагылдырууда чоң жоопкерчилик болуш керек. Себеби ансыз да оор абалды курчутпоо зарыл.
XS
SM
MD
LG