Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Данияр Көбөнов: Жеңишимди кыргыз элиме арнайм


Кытайдагы XVI Азия оюндарынын эн белгиси.
Кытайдагы XVI Азия оюндарынын эн белгиси.

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстанга биринчи алтын медал алып берген Данияр Көбөновду “Азаттык" түз ободо кепке тартты.

"Азаттык": Данияр мырза, жеңишиңиз кут болсун. Сиздин жеңишти кыргызстандыктар калпактарын көккө ыргытып, кубанып тосуп алышты. Башыңыз ооруган жокпу?

Данияр Көбөнов: Рахмат. Башым кичине-кичине ооруп турат таймаштан кийин.

Данияр Көбөнов
"Азаттык": Мен бул суроомдун төркүнүн айта кетейин. Дүйнөлүк спортто алтын медалды алганда аны шампанга салып ичет эмеспи. Ошентип шампан ичтиңерби дегеним?

Данияр Көбөнов: А-а, жок, андай болгон жок. Бизге бул жерде олимпиада айылчасында спирт ичимдигин ичүүгө болбойт да. Агайлар ичсе керек. Биз болсо эс алып жүрөбүз.

"Азаттык":
Кечээ таймашта тишиңиз канап кеткенин көрдүк. Анан жаныңызда бир ирандык балбан аксап жүрдү эле. Алтын медалдын куну кандай экен?

Данияр Көбөнов: Жеңиш үчүн аягына чейин күрөшүш керек деп айтат го. Жеңишке жетүү кыйын болду. Ал үчүн баарын бериш керек да. Мен бардык күчүмдү бердим го дейм.

"Азаттык":
Сиз алтын медалга жетем деп ойлодуңуз беле?

Данияр Көбөнов: Ооба, мен келе жатканда эле же биринчи болушум керек, же акыркы болушум керек деген максат менен келгем.



"Азаттык": Алтын медаль аласың деп түшүңүздө аян берилген жокпу?

Данияр Көбөнов: Жок, андай аян деле болгон жок. Финалга чыгардын алдында бир башкача сезим болду. Бир чоң жоопкерчиликти сездим го. Эмнегедир ута тургандай болуп турдум да. Финалга чейин мага оор болду. Финал мага кайра жеңил болду да.

"Азаттык": Таймашта каршылашыңызды жеңгенден кийин дароо кандай ой келди?

Данияр Көбөнов: Чынын айтсам, азыр көп деле эч нерсе билинбей эле.

"Азаттык": Үй-бүлөңүз дароо телефон чалып куттуктаса керек?

Данияр Көбөнов: Жок, аларга азыр деле чала элекмин. Убакыт боло элек. Азыр калыбыма келип, антип-минтип жүрөм. Азыр чалам деп турам.

"Азаттык": Азия оюндары башталгандан тарта алгачкы күндөрү жеңилүүлөр көп болду. Ошондо бир чын эле алтын медалга жете албай калабызбы деген чочулоо болгон жокпу?

Данияр Көбөнов: Бүт Кыргызстан ушул күрөшчүлөргө үмүт артып турат дегенде, ичибизде уят болбойлу, медаль алып берели деген ой болду. Элибизге медаль алып берели дедик.

"Азаттык": Сиздер кетип баратканда президент жеңиш менен кайткандарга үй берем деп убада кылды эле. Үйлүү болом деп кубанып жатсаңыз керек?

Данияр Көбөнов: Ооба да, мен азыр ата-энем менен чогуу турам. Абдан кубанып жатам.

"Азаттык": Лондондогу олимпиадага барасызбы?

Данияр Көбөнов: Ооба, барам. Даярдык көрөм. Азыркы максатым - эми Лондон.

"Азаттык":
Жеңишке жеткенден кийин ооруган жерлер билинбей калат дешет. Ошол чын бекен?

Данияр Көбөнов: Ооба, ошол таймаш күнү эч нерсе сезилбейт экен. Эртеси күнү сезилет экен. Азыр колум, мобу аркаларым ооруп жатат. Ооз да айрылып кеткен да. Бирок бул деле билинбейт экен. Эң башкысы алтын медаль го.

"Азаттык":
Эми жеңишти кантип белгилегени жатасыз?

Данияр Көбөнов: Бишкекке барганда досторум, туугандарым, жакындарым менен жууйм.

"Азаттык": Анда шампанды Кыргызстанга келгенде ичет экенсиздер да?

Данияр Көбөнов: Ооба, өз эл-жерибизге барганда чогуу жуусак деп жатам. Кыргыз элиме ысык салам. Бул жеңишимди кыргыз элиме арнайм. Сиздерге да чоң ырахмат.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG