Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

АКШ, Казакстан жардамга келет, Кытай үндөй элек


Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева
Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева

Европа Биримдиги, ЕККУ, БУУ, АКШ жана Казакстан Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу 12-апрелде убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Европа Биримдигинин өкүлү Пьер Морел менен жолугушуудан соң билдирди.

Роза Отунбаеванын айтымында, жаңы өкмөт президент Курманбек Бакиевди кармоо маселесин кан төгүүсүз чечүүгө аракет кылууда. Ал ошондой эле акыркы эки күндө өлкөдө туруктуулук орноп келатканын, утурумдук өкмөт К.Бакиевди кармоо маселесин кан төгүүсүз чечүүгө аракет кылып жатканын, буга эл аралык уюмдардын дагы кийлигишүүсү ыктымалдыгын айтты.

- Бакиевди армия кайтарат деп ойлобойм. Болгону анын жанында жан сакчылары, туугандары, айрым санаалаштары жүрөт. Биз өлкө боюнча куралдуу күчтөрдү толугу менен көзөмөлдөп турабыз. Ал эми ички күчтөрдүн ичинен айрымдары мурдагы бийликке кандайдыр бир симпатия менен мамиле жасагандары да болушу мүмкүм. Анткени аларды Бакиевдин үй-бүлөсү, иниси жана жакындары алып келген.

Ушул эле күнү Курманбек Бакиев “Азаттыкка” берген маегинде азыркы убактылуу өкмөттү мыйзамсыз деп эсептерин, 7-апрелде ок чыгарууга буйрук бербегенин жана ал президенттик кызматын тапшырбай турганын айткан. Ал ошондой эле бул окуяны терең иликтеп чыгуу зарылдыгын да белгилеген:

- Анан эле 10-15 киши эле төңкөрүштү уюштуруп, кан төгүп кетсем мен анда өзүмдү күнөөлүү сезишим керек, мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Ошол кан төгүлүп, канча бала, милиция кызматкерлери каза болду, укук коргоо органдарынын балдары жарадар болду. Буларды эмне үчүн эч ким айтпайт. Менин күнөөм, буларды алдын ала билбегенимде. Ушул укук коргоо органдары, коопсуздук комитетте мындай маалымат болгон эмес да. Мына менин күнөөм ушунда.

Ошол эле маалда АКШ элчилиги К.Бакиевге баш паанек берип, Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө жардам бербей турганын айтып, билдирүү таратты. Мурдараак айрым массалык маалымат каражаттарына ЕККУнун өкүлүнүн жана Казакстандын тышкы иштер министри Канат Садабаевдин кийлигишүүсү менен Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү Кыргызстандан чыгып кетет экен деген маалымат тараган болчу.

Элчиликтин басма сөз катчысы Мишел Еркиндин айтымында, буга байланыштуу маалыматтар чындыкка коошпойт.

- Бул маселеге байланыштуу карама-каршы мазмундагы маалыматтар чындыкка коошпойт. АКШ элчилиги Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жардам берчү иш-чараны пландаштырбай эле турат.

Ал эми жогоруда айткан ЕККУ, Европа биримдиги, БУУ, АКШ жана Казакстан өлкөлөрүнүн Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин билдириши, Орусиянын жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууга макул болушу – бул алардын убактылуу өкмөттү тааныгандыгы деген пикирин билдирет саясат талдоочу Орозбек Молдалиев. Анын айтымында, үчүнчү чоң держава Кытайдын өзүнчө көз карашы бар. Айта кетсек, Максим Бакиевдин расмий иш сапарынын алгачкысы мына ушул Кытайга болгон. Бирок азыр бул тарап Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө үн ката элек.

- Орусия сүйлөшүүгө барып, жардам берем дегени жаңы бийликти тааныды деп түшүнсөк болот. Ошол эле Америка да тааныды деп айтсак болот. Анткени эч кандай айыптабай этпей, сүйлөшүүгө чакырабыз деген создүн өзү дипломатиялык сөз менен айтканда тааныды дегендин белгиси. Ал эми Кытай азырынча унчуга элек. Негизи Кытайдын дипломатиясынын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Алар мындай учурларды тааныйбыз, тааныбайбыз деген кадамдарын билдирбейт, айтпайт.

Ал арада Кыргызстанда 6-7-апрелдеги кандуу окуяны калыс, так иликтеп чыгуу максатын көздөгөн, курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар, БУУнун, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлдөрү кирген көз карандысыз коомдук комиссия түзүлдү. Аны “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова жетектейт. Анын айтымында, көз карандысыз коомдук комиссия мурунку бийлик менен дагы, азыркы бийлик менен дагы жолугушуп, окуянын чоо-жайын иликтеп алдын-ала корутундусун он күндө, толук корутундусун бир айдан кийин чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG