Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Президент Азия оюндарынын катышуучуларын узатты


8-ноябрда президент Роза Отунбаева Гуанжоу шаарында өтүүчү 16-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турган спорттук делегацияны кабыл алды.

Бишкектеги президенттик резиденцияда президент Роза Отунбаева 16-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турган спортчуларды, машыктыруучуларды, делегацияны кабыл алды. Делегацияны узатуу аземинде өлкө башчысы спортчуларды жеңиш менен келүүгө чакырып, биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды жеңип келген спортчуларга акчалай сыйлыктар берилерин билдирди

- Спортчулар быйыл ийгилик менен келип, өлкөнү дүйнөгө таанытат деп терең ишенем. Кыргыз өкмөтү тарабынан жеңиш менен келген спортчуларга 1-орун үчүн 15 миң доллар, 2-орунга 10 миң доллар, 3-орунга 5 миң доллар сыйлык берилмекчи.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов Азия оюндарында 1-2-орундарды ээлеген спортчуларга 1 бөлмөлүү үй берилерин убада кылды.

Узатуу салтанатында президент Роза Отунбаев дзю-до күрөшү боюнча Азия жеңүүчүсү Азат Кубакаевге Кыргыз туусун тапшырды.

Кыргызстандын тандалган спортчулары 12-ноябрдан 27-ноябрга чейин Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган XVI Азия оюндарына катышууга 10-ноябрда аттанып кетишет.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында, XVI Азия оюндарына катышуучу ар бир спортчу даярдыктан өттү.

145 спортчудан турган кыргыз делегациясын мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиктин директору Алмаз Касенов менен өлкөнүн олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жетектеп баратат. Гуанжодогу Азия оюндарына бардыгы болуп Кыргызстандан 223 өкүл бармакчы.

Өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов Гуанжоудогу Азия оюндарына катышууга кыргызстандык футболдук командага жана 25 спортчуга Азия олимпиадалык кеңеш каражат бөлүп бергенин билдирди.

Азия оюндары Кытайда 12-ноябрда башталат. Ага Азиянын 46 мамлекети 50гө жакын спорттун түрү боюнча катышат. Кыргызстандыктар спорттун 24 түрү боюнча катышмакчы. Алардын катарында мурда Азия оюндарында мөрөй алган балбандар Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, велоспортчу Евгений Ваккер жана башкалар да бар.

2006-жылы Дохада болгон 15-Азия оюндарында кыргызстандыктар 8 медаль алып келишкен. Алардын экөө күмүш, калганы коло медаль болчу.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарынан бери катышып, мөрөй алып келатат.
XS
SM
MD
LG