Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Турусбек Мамашев: Кыргыз брэнди - Чыңгыз Айтматов


«Ош шаары Улуу жибек жолунда» аттуу III-эларалык туристтик жарманке өтүп жатат. Мамлекеттик туризм агенттигинин директору Турусбек Мамашев фестиваль жана Кыргызстанды таанытуудагы иштер тууралуу «Азаттыкка» айтып берди.

“Азаттык”: - Соңку жылдары Ошко туристтер дээрлик келбей калды. Бул жаатта сиздер кандай аракет көрүп жатасыздар?

Турусбек Мамашев: - Азыркы өткөрүлүп жаткан жарманкенин башкы эле максаты - Кыргызстанга, анын ичинде Ош шаарына, туристтерди тартуу. Бул жарманкеге бир эле туристтик агенттиктер эмес, көптөгөн дүйнөлүк маалымат каражаттары да келишти. Малайзиядан үч телевизиондук топ, Орусиядан жана башка жумурияттардан келишти. Түштүктө туризмдин потенциалы өтө чоң. Мына Оштогу ыйык Сулайман-Тоо, Жалал-Абадда Сары-Челек, Арстанбап, Өзгөндө Абшыр-Ата, Абшыр-Сай, дегеле, мындай кооз жайлар өлкөнүн түштүгүндө жүздөп саналат.

“Азаттык”: - Жарманкеге Туркиядан келген бир өкүл: “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана нерсе жетишпейт - агенсттиктин статусун министрлик кылып өзгөртүш керек”, - деп белгиледи. Буга пикириңиз кандай?

Турусбек Мамашев: - Эми бул нерсени биз чече албайбыз, муну коомчулук, өкмөт чечет. Менимче, андай нерсенин бизге анча деле зарылчылыгы жок. Биз азыр өз алдыбызча агенттикпиз, демек өз алдыбызча саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

“Азаттык”: - Турусбек мырза, сиз үчүн кыргыз брэнди эмне? Кандай белги Кыргызстандын ажарын ача алмак?

Турусбек Мамашев: - Кыргыз брэнди - бул Ысык-Көл, кыргыз тоолору, таза аба жана, албетте, биздин Чыңгыз агабыз. Чыңгыз агабыздын чыгармаларын бүт дүйнө окуган. Бул - өзүнчө үлкөн брэнд. Лев Толстой орустардын брэнди болсо, Айтматов - биздики.

“Азаттык”: – Бирок Айтматовду “кыргыз брэнди” деп сиздин айтканыңыз бир топ сынга да кабылбадыбы беле? Мисалы, айрым министрлер “инсанды брэнд деп атоого болбойт” деген сын-пикирлерин айтып чыгышкан...

Турусбек Мамашев: - Ооба, ошентишкен. Бирок бүгүн биз үчүн өз брэндибизди таанытышыбыз үчүн акча керек. Убакыт керек. Азыр бизге акча аз сарпталчу, тез тааныла турган брэнд керек. Чыңгыз Айтматовду бүтүн дүйнө тааныйт. Эгер биз саясатты эле туура жүргүзсөк, Айтматов аркылуу кыргызды дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүк бар. Экинчиден, Ысык-Көл.

“Азаттык”: - Айрым мамлекеттерде өлкөнү таанытуу максатында атайын чоң өлчөмдөгү каражат жумшалат. Бизде Кыргызстандын брэндин түзүп, дүйнөдө мамлекет тууралуу жагымдуу ой калыптандыруу үчүн атайын каражат каралганбы?
Т.Мамашев жетектеген Туризм агенттиги Кыргызстанды Санта-Клаустун мекени деп атаган иш-чараларды өткөргөнү бир топ сынга алынып келди

Турусбек Мамашев: - Бизде брэнд үчүн бир тыйын да бөлүнбөйт. Бирок биздин агенттик Айтматовду, Ысык-Көлдү брэнд кылып, өлкөнү таанытып жатпайбызбы. Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк брэнд Санта Клаустун фестивалын Кыргызстанда өткөрдүк. Мына ушундай каражат аз сарпталган, жеңил жолдор менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатабыз.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG