Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Ахмадинежад АКШны жазалоого үндөдү


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Атомдук куралды жайылтпоо келишими боюнча эл аралык конференциянын ачылышында сөз сүйлөп жатат, Нью-Йорк, 3-май, 2010-жыл
Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Атомдук куралды жайылтпоо келишими боюнча эл аралык конференциянын ачылышында сөз сүйлөп жатат, Нью-Йорк, 3-май, 2010-жыл

АКШ Мамкатчысы Х. Клинтон Ирандын өзөктүк дымагы дүйнөдө кооптуу жагдай түзүүдө деп билдирди. Анын алдында Иран президенти Тегеран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген айыптоолорду четке какты.

Махмуд Ахмадинежад ошондой эле Кошмо Штаттары өңдүү өлкөлөр ядролук курал колдонобуз деп башкаларга кыр көрсөткөндүгү үчүн жазаланууга тийиш деген пикирин да айткан.

3-майда Нью-Йоркто ачылган конференция Атомдук куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин аткарылышын карап чыгууну көздөйт. 40 жыл илгери түзүлгөн келишимди бүгүнкүгө чейин 189 өлкө ратификациялады.

Жыйындын ачылышында сүйлөгөн АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Иран атомдук курал чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жаткан конференциядагы жападан жалгыз өлкө деп белгиледи.

Анын алдында жыйын катышуучуларына Иран президенти Махмуд Ахмадинежад кайрылып, ядролук державаларды куралсыздандырууга жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасын өзгөртүүгө үндөгөн. Ал ошондой эле Тегеран ядролук курал жасоого аракеттенүүдө деген айыптоолорду дагы бир ирет четке какты: "Ядролук бомбага ээлик кылуу - бул деген ыплас нерсе, абийирсиздик болуп саналат. Аны колдонобуз деп коркутуп-үркүтүү же аны пайдалануу андан да өткөн ынсапсыздык".

Ахмадинежаддын айтымында, Кошмо Штаттары шериктери менен кошо куралды жайылтпоо келишимине жамынып алып, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн ядролук энергияны тынчтык максаттарында колдонуу укугуна шек келтиришүүдө: "Тилекке каршы, АКШ ядролук куралды буга чейин колдонгон жана башка өлкөлөрдү, анын ичинде менин өлкөмдү курал менен коркутуп келатат".

Иран лидери сөз сүйлөп жаткан кезде Франция, Британия жана АКШнын делегациялары залдан чыгып кетишкен.

Клинтон Ахмадинежаддын билдирүүсүнө жооп кайтарып, буларды айтты:

- Иран президенти АКШнын жана башка өлкөлөрдүн дарегине баягы эле, чындыкка коошпогон айыптоолорун кайталады. Бул бизди таң калтырбайт. Иран эл аралык коомчулуктун көңүлүн атомдук программасынан алагды кылып, жоопкерчиликтен качып кутулуу үчүн бар аракетин көрүп жатат.

Вашингтон Иранга каршы санциялардын жаңы тобун киргизүүнү көздөп, башка мамлекеттердин колдоосун табууга аракеттенүүдө. Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Иранды Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткарууга жана Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик менен кызматташууга чакырды.

Ошол эле күнү АКШ атомдук арсеналы жөнүндөгү маалыматты алгачкы жолу шардана кылды. Пентагондун билдиргенине караганда, АКШда 5 миң 113 даана атомдук дүрмөт бар. Дүрмөттөрдүн саны 1967-жылкыга салыштырганда 84 процентке азайган. Берлин дубалы кулаган 1989-жылы АКШнын арсеналында 22 миң 217 дүрмөт бар болчу.

XS
SM
MD
LG