Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Уюлдук байланыштагылар уюшуп алышканбы?


“Ак жол” фракциясы уюлдук байланыштын 60 тыйынга кымбатташы тууралуу маалыматтарды угуп, маселе бир жаңсыл чечилгиче кымбаттоону токтотуу боюнча өкмөткө сунуш жолдоду. Уюлдук байланыш компаниялары болсо чалууларды кымбаттатууга мажбур болушканын айтышат.

Соңку кездери кыйла талаш-тартышты жараткан уюлдук байланыштын 60 тыйынга кымбаттоосун Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы да карады. Депутаттардын айтымында, бүткүл дүйнөдө уюлдук байланыштын баасы барган сайын арзандап атса, Кыргызстанда тескерсисинче кымбаттап кеткени көптөгөн шектенүүлөрдү жараттууда.
Азыр биз муну бул жерде талкуулаганга чейин өкмөт эч кандай чечим кабыл албаса, эч ким эч нерсе билбесе, анда ушул мүнөттөрдөн баштап 60 тыйындан кетип баратканын токтотушсун.
И.Жунусов

Өлкөдөгү ири уюлдук байланыш компаниялары 1-февралдан тарта ар бир чалуунун баасын 60 тыйынга көтөрүшкөн. Алар муну электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон тарифтердин жогорулашына жана рыноктогу шарттарга байланыштырышууда.

Мурда уюлдук байланыш тармагы Улуттук байланыш агенттигинин көзөмөлүндө болчу. Жаңырган жылдан тарта эми бул тармак Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагына өтүп, аталган агенттик учурда маселени иликтеп атканын айтууда.

Байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев буга чейин эле чалуулардын 60 тыйынга кымбаттоосу уюлдук компаниялардын жеке чечими экендигин айткан.

Депутат Ибрагим Жунусов Монополияга каршы саясат агенттиги маселени териштиргиче аталган кымбаттаттууну токтотуп, 1-февралдан кийинки 60 тыйындык кошумчаны бардык абоненттерге кайтартуу керектигин сунуштады:
Ибраим Жунусов

- Азыр биз муну бул жерде талкуулаганга чейин өкмөт эч кандай чечим кабыл албаса, эч ким эч нерсе билбесе, анда ушул мүнөттөрдөн баштап 60 тыйындан кетип баратканын токтотушсун.

Өкмөттүн эч кандай чечими болбосо, алар билбесе, өздөрү эле кошо берсе, анан биз жөн эле талкуулай беребизби..? Азыр биз бул жерде сүйлөшүп отурганда элдер миллиондогон акча төлөп атышат.


Ал эми Монополияга каршы саясат агенттигинин башчысы Надырбек Турганбаевдин айтымында, эгерде уюлдук байланыш компаниялары кымбаттатууну жөнү жок жасашканы аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт:

- Кечээ биз бардык уюлдук байланыш компанияларынын жетекчилерине каттарды жөнөттүк. Азыр биз бүгүнкү абал боюнча анализ жүргүзүп атабыз. Анын жыйынтыгын сиздерге, өкмөткө да беребиз.
Аталган бизнестин жагымдуулугун арттыруу жана өнүктүрүү үчүн ушундай кылууга мажбур болдук.

Андрей Силич

“Ак жол” фракциясынын чечими боюнча эми аталган маселе профилдик комитетте каралып, уюлдук операторлордун чечимдеринин негиздүүлүгү териштирилмекчи. Фракция ошондой эле өкмөткө сунуш жолдоп, аталган маселе териштирилгичекти жогорудагы кымбаттатууну токтотуу боюнча чара көрүүгө чакырды.

Уюлдук байланыш компаниялары болсо, аталган кымбаттоо бардык эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин гана болгонун айтышууда. “MegaCom” компаниясынын башкы директору Андрей Силичтин айтымында, кийинки жылдары Кыргызстандын тоолуу шарттарында жаңы уюлдук тармактарды курууга өтө көп каражаттар кетти. Алардын баарын кармап туруу да кыйла каражат талап кылат. Соңку кездери бул маселеге тарифтердин көтөрүлүшү да себепчи болду:

- Акыркы төрт жылда сүйлөшүүлөргө баалар канча эсе төмөндөгөнүн карап көрүңүздөр. Биринчиден, мурда тармактарыбыз аз болчу. Ага кеткен каражаттар да аз жана тарифтер жогору эле. Ал эми азыр тескерисинче. Тармактар өлкөнүн бардык аймагын камтыйт. Азыр жер-жерлерде 710 базалык станцияларыбыз бар. Ал эми тарифтер төмөн болуп кеткендиктен пайдабыз азайып кетти. Аталган бизнестин жагымдуулугун арттыруу жана өнүктүрүү үчүн ушундай кылууга мажбур болдук.

Уюлдук байланыш – Кыргызстандагы эң эле кирешелүү бизнестердин бири. 2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү капиталдык айлануусу боюнча алдыда турган эң ири 10 компаниянын катарына “Sky Mobile” жоопкерчилиги чектелген коому (Beeline) менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (MegaCom) кирген. Тизме боюнча “Beeline” компаниясы үчүнчү орунда, “Кумтөр” менен “Газпром нефть Азия” компанияларына куйрук улаш келатат. Ал эми “MegaCom” компаниясы тизмеде бешинчи. Байланыш тармагынын бул эки гиганты капиталдык айлануусу боюнча “Кыргыз темир жолу”, “Түндүкэлектро”, “Кыргызгаз” сыяктуу лөктөрдөн эбак озуп кетишкен.

Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда да уюлдук байланыш өтө кирешелүү бизнес катары саналып, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү бул тармакты көзөмөлдөй турганы айтылчу. Андай сөздөр азыркы президенттин тушунда деле айтылып келатат.

XS
SM
MD
LG