Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Карыз акчага курулган Дубай “садага” суроодо


Бириккен Араб Эмирлиги. Дүйнөдөгү эң бийик мунара- Бурж Дубай, 818 метр. Финансылык кризис болбосо, мунара 2-декабарда ырасмий түрдө ачылмак.
Бириккен Араб Эмирлиги. Дүйнөдөгү эң бийик мунара- Бурж Дубай, 818 метр. Финансылык кризис болбосо, мунара 2-декабарда ырасмий түрдө ачылмак.

Эларалык финансы чөйрөлөрү Дубайды кыйын абалга калтырган карыз маселеси жаңы глобалдык финансы кризисине чыйыр салат деп кооптонушууда.

Өкмөттүн ээлигиндеги Dubai World конгломераты 59 миллиард долларлык борчунун (карызынын) тең жарымын төлөө үчүн аманат берчү банктар менен сүйлөшүп жатканын билдирди. Бирок, экономисттер Dubai World кокус карызын төлөй албай, дефолт жарыяланса, ага карыз берген ири кредиторлор миллиондогон акчаларынан айрылат деп чочушат.
Перс булуңундагы биринчи метро да Дубайда курулган.


Космоско көрүнүп турган пальма сыяктуу жасалма аралды куруп жаткан Dubai World конгломератынын карыздарын төлөөнү жарым жылга токтотуусу жөнүндөгү кабар өткөн аптада эларалык каржы (финансы) чөйрөсүн капсалаңга салды. Дүйшөмбү күнү (30-ноябрда) Дубайдын өкмөтү Dubai Worldдун карыздары үчүн жооп бербесин айтып, инвесторлордун үрөйүн ого бетер учурду.
Бирок, шейшемби күнү Dubai World 26 миллиард доллар карызын төлөө тартиби боюнча банктар менен сүйлөшө баштаганын билдиргенден кийин инвесторлордун келмеси оозуна келди. Айрым серепчилер болсо дүйнө олуттуу дагы бир кризистен кутулду деп тобо кылышты.
Дубайдын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн монитор.
Анткен менен, кээ бир талдоочулар корпоративдик жана өкмөттүк карыздар чоң болгондуктан, кокус эле бир шоокум угулса, каржылык кризис дагы кайталанат деп чочушат. Алардын бири Лондондогу VTB инвестициялык компаниясынын глобалдык стратеги Нейл МакКинон. Ал “Менчик банктар менен финансылык мекемелердин эбегейсиз карызы үчүн кепил өтүшкөн улуттук өкмөттөр эми борчту төлөгөндөй акча таба алышабы?” деп кооптонот:

- Каржы базары өкмөттүн төлөө мүмкүнчүлүгүнөн шектет. Банктарга берилчү жардамдын баасы кандай болот, ал бюджетке кандай таасир этет деген да кооптонуулар болууда. Карыздардын ички дүң жыйымга болгон катнашы өтө эле бийик. Баалуу кагаздардын(бонддордун) базары дефолт болбойбу деген кабатырлануу да күчтүү. Дубайда маселе эмирликтин кирешелер боюнча төлөмдү кайтара албаганына байланыштуу болууда.

Эларалык корпорациялар быйыл жана келерки жылы 200 миллиард доллар карызын кайтарууга тийиш. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин
Дубайдын жээгинен 8 чакырым алыстагы жасалма аралдын көрүнүшү.
жазышынча, бул карыздардын жарымын Россиянын жана Бириккен Араб Эмирлигинин, анын ичинде Дубайдын компаниялары төлөш керек.

Умид-е-Мехр кору уюштурган көргөзмө. Дубай. Июнь 2008
“Таймс” журналы Москванын “Уралсиб” банкынын башкы экономистти Владимир Тихомировго шилтеп, Дубай окуясы россиялык компаниялар төлөчү борчту кымбат кылаарын жазды.

Лондондук эксперт МакКиннон Дубайдан башка да кооптуу өлкөлөр бар экенин айтат:

- Маселе жалгыз Дубайда эмес. Бир катар Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Грекияда абал чатак. Ирландия, Испания, Британияда да кырдаал оор. Британияда азыр АКШдагыдай фискалдык жагдай катаал. Бул өлкөлөрдө акчанын жетишсиздиги глобалдык проблеманы жаратышы этимал.

Дубайдагы каржылык кризистин запкысы түз эле коңшу өлкөлөрдүн фондулук биржаларына тийди.

1-декабрда Катардын баалуу кагаздарынын наркы 8 процентке, Кувейттики 2, 7 процентке арзандады.

Dubai World өзү эки жыл мурда Лондондо 80 миллион долларга сатып алган үч имаратты аргасыздан 10 миллион долларга баалап сатты.

XS
SM
MD
LG