Ноябрда кыргыз парламенти дин чөйрөсүндө бир катар чектөөлөрдү киргизген мыйзам кабыл алды. Ал мыйзам боюнча каттоодон өтпөгөн диний уюмдарга таптакыр тыюу салынды жана аз сандагы диний жамааттарга расмий каттоодон өтүү өтө эле кыйын болуп калды, деп айтылат "Амнисти интернешнлдин" отчетунда.
Өткөн жылы 1-октябрда болгон “Ноокат окуялары” боюнча кармалгандардын үстүнөн ноябрда сот болуп, 32 адам, анын ичинде 17 жаштагы бир бала жана эки аял, "Хизбут-Тахрир" партиясынын мүчөсү катары мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган деп айыпталып, тогуз жылдан жыйырма жылга чейин түрмөгө кесилген. Алардын кыйноо-кыстоонун натыйжасында күнөөлөрүн “мойнуна алгандыгы” сот тарабынан назарга алынган эмес. Соттолгондордун туугандары айыпталган 32 адамдын хизбутчулар эмес экендигин, тартип коргоочулар аша чапкан аракеттерге барышканын айтышкан.
"Амнисти интернешнл" уюму өзүнүн отчетунда Кыргызстанда эркин жыйындарды өткөрүү боюнча дагы жарандар туш болуп жаткан кыйынчылыктарды белгилеген. Конституциялык Сот өткөн жылы июлда эркин жыйындарды өткөрүүнү чектеген мыйзам долбоору баш мыйзамга кайчы келет деген бүтүмүн чыгарган. Президент К. Бакиев ошого карабастан конституцияга каршы келген мыйзамга августта кол коюп берген. Жаңы мыйзам жергиликтүү бийликке көп эл чогулган жыйындарга уруксат берүүдөн баш тартууга укуктук жол ачты. Адам укугунун коргоочу бир активист Бишкекте өкмөттүк имараттардын алдында каршылык акциясын өткөрүүгө кылган аракеттери үчүн жыл ичинде бир нече жолу кармалган.
Өзбекстандан барган качкындар Кыргызстандын бийлиги тарабынан кармалып кайра өзбек бийликтерине өткөрүлүп берилген же Өзбекстандын тымызын кызматтары тарабынан уурдалып кетип жаткан көрүнүштөр да "Амнисти Интернешнлдин" көз жаздымында калган эмес. Өз өлкөсүндө куугунтуктан улам Кыргызстанга баш паанек издеп барган Эркин Холиков качкын макамын сураган арызы каралып жатканына карабастан май айында Өзбекстанга кайтарылып берилген. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети качкындарды күчкө салып Өзбекстанга кайтарып берүү менен Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузду деп сындаган.
Басма сөз эркиндиги жаатында кырдаал Кыргызстанда мурдагыдан да кооптуу болуп баратканы айтылат. 2007-жылы Ошто көз каранды эмес журналист Алишер Саипов атып өлтүрүлгөндө, президент К. Бакиев бул иштин аягына чыгууну жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Өткөн жылы ноябрда ИИМ Алишер Саиповдун өлүмүнө анын журналисттик кесибинин тиешеси жок экендиги жөнүндө билдирүү жасаган. Ошол эле учурда көпчүлүк байкоочулар жана укук коргоочулар аны Өзбекстандагы Каримовдун режимин тайманбай сындаган курч журналисттик материалдары үчүн жазаланды деген пикирде болуп келатышат.