Ормуз кысыгы кайра жабылганы айтылды, Ливанда атышуу уланды
Ирандын аскер жетекчилиги Израилдин Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарына жооп катары Ормуз кысыгын коммерциялык кемелер үчүн кайрадан жапканын билдирди. 20-июнда мамлекеттик IRIB телеканалы аркылуу берилген билдирүүдө Ирандын "Хатам ал-Анбия" чалгындоо борбордук штабы бул чечимге АКШнын "согушту токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи пунктун ачыктан-ачык бузгандыгы" себеп болгону айтылды.
Ирандын белгилешинче, буга Ливандын аймагына Израилдин уланып жаткан соккулары, ошондой эле израилдик аскерлердин бул өлкөнүн түштүгүнөн чыгарылбаганы себеп.
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсүндө "Ормуз кысыгы кемелердин өтүшү үчүн жабык болот" деп айтылды.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы 20-июнда жарыялаган маалыматында Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер көбөйгөнүн, кеминде 55 коммерциялык кеме өтүп, 17 миллион баррель мунай ташылганын билдирди.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс Вашингтон Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшү токтоду деген маалыматты тастыктаган далилдерди азырынча көрө электигин айтты. Ошондой эле ал АКШ жекшемби күнү Швейцарияда Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантууну күтүп жатканын, ал жакта президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана кеңешчиси Жаред Кушнер бар экенин кошумчалады.
Көп өтпөй Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен АКШнын Пакистан жана Катардын ортомчулары катышкан консультациялары 21-июнда Швейцариянын Бүргеншток шаарында өтөрүн билдирди.
Швейцарияга делегациясы жөнөп кеткенин Тегеран да тастыктады.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү талкуулай турган негизги маселе - узап бараткан аптада кол коюлган меморандумдун шарттарын ишке ашыруу жолдору.
Меморандумда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чакта, кеминде 60 күн аралыгында, Ормуз кысыгы ачык турушу керектиги жазылган.
19-июнда Иран колдогон "Хезболла" тобу жана Израил АКШнын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн натыйжасында атышууну токтотуу тууралуу макулдашканы кабарланган. Бирок 20-июнга караган түнү жана эртең менен израилдик армия Ливандын түштүгүндөгү "Хезболланын" турумдарын кайрадан аткылаганы белгилүү болду.
Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул чабуулу "Хезболланын" соккуларына жооп экенин, атышууну токтотууга даярдыгын, бирок Ливанда ээлеп турган турумдарынан аскерлерин чыгарып кетпесин билдирди.
18-июнда АКШ президенти Трамп жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан эки өлкө ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна өз-өзүнчө кол койгон. Андагы негизги пункттардын бири бардык соккуларды, анын ичинде Ливандагы атышууну да токтотуу тууралуу жазылганы кабарланган. Документке кол коюлгандан кийин Ормуз кысыгы ачылып, танкерлердин кыймылы уланган, ал эми АКШ Ирандын портторундагы блокаданы токтоткон.
Күттүргөн сүйлөшүүлөр
Ошентип, АКШ менен Иран ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунан кийин дароо уюштурулат деп жарыяланган алгачкы бетме-бет техникалык жолугушуу өтө кылдат дипломатиялык аракеттер Жакынкы Чыгыштагы соңку айлардагы чыңалган маанайга канчалык туруштук бере аларын сынап жаткандай.
Жолугушуу 19-июнда Катар жана Пакистандын жардамы менен Швейцариянын Бүргеншток шаарчасында уюштурулат деп журналисттерге жогорку кызматтагы аткаминерлер маалымдагандан бир нече саат өтүп-өтпөй пландар өзгөрүп кеткени, бул күнү эч кандай иш-чара өтпөй турганы белгилүү болду.
20-июндагы соңку маалыматтарга караганда, ишембиге караган түнү Швейцарияга АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф жөнөп кеткен. Axios порталы Ак үйдөгү булактарына таянып кабарлагандай, Трамптын дагы бир кеңешчиси, күйөө баласы Жаред Кушнер Швейцарияга ага чейин барган.
19-июнда Швейцарияга Катардын өкмөт башычысы Мухаммед бен Абдел Рахман Ал Тани да барган. Ал АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүндө негизги ортомчулардын бири болууда.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 20-июнда барары кабарланган.
19-июнда америкалык делегацияны жетектеп барат деп күтүлүп жаткан вице-президент Жей Ди Вэнстин Швейцарияга барбай калганына "логистика маселеси" себеп болгонун Ак үй билдирген.
Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр бул күнү болбой турганын тастыктаган.
Иран "дароо эле иштеше баштоонун кажети жок" деп билдирип, баштапкы меморандумга электрондук түрдө кол коюлганын, эми кийинки кадам макулдашылган шарттардын аткарылышына жараша болорун айткан.
Кыскасы, бардык тараптар иш токтоп калбаганын, жарыяланган мөөнөттөн кечеңдөө гана бар экенин билдиришкен.
"Эң негизгиси, токтоп калышкан жок, кармалып гана жатышат", — деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде Цюрих коопсуздук изилдөөлөр борборунун Глобалдык коопсуздук тобунун башчысы доктор Горана Гргич.
Швейцария АКШ-Иран дипломатия алакасында көптөн бери уникалдуу ролду ойноп келген. 1979-жылдагы Иран ислам революциясынан кийин ортодогу расмий кызматташтык үзүлгөн соң Берн Вашингтондун Тегерандагы "кепилдик өкүлү" жана негизги байланыш каналы катары кызмат кылган.
Дипломатиялык жана бейрасмий байланыш жолдору
Горана Гргичтин белгилешинче, көпчүлүк учурда Швейцариянын ролун туура эмес түшүнүшөт.
"Швейцария сүйлөшүүлөрдүн борбору катары иштейт", - деген талдоочу Берн түздөн-түз ортомчу эмес экенин, сүйлөшүүлөрдү уюштуруу, байланыш каналдарын сактоо жана расмий эмес алаканы камсыз кылуу аркылуу "шарт түзүп берүүчү" ролду ойной турганын баса белгиледи.
Мындай расмий эмес каналдар негизги бойдон калууда.
"Вашингтонго да, Тегеранга да чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү көптөгөн расмий эмес каналдар бар жана алар бул процесстин бардык этабында активдүү болушкан , - деди Гргич.
Ал эми азыркы тапта, Женева көп тараптуу дипломатиянын борбору болсо да, жаңы ортомчулар чыгууда. Мисалы, Катар барган сайын маанилүү оюнчу болууда, ал эми Пакистан адатта Оманга байланышкан ролду кайрадан ээлеп, альтернативдүү ортомчу катары калыптанууда.
Ортого түшүп, модератор болгондордун көбөйүшү азыркы кырдаалдын канчалык оңой эместигин жана чечимдерди тез кабыл алуу зарылчылыгын айгинелеп тургандай.
"Кызыл сызыктар"
Швейцарияда өтөт деп жарыяланган алгачкы жолугушуунун создугушу АКШ-Иран дипломатиясына мүнөздүү реалдуулукту баса белгилеп көрсөтүүдө – акыркы келишимдерге караганда баштапкы макулдашууларды сактап калуу оңой. Мына ушундай белгисиздик абалдын көңүл борборунда Ливан турат.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги акыркы макулдашууга келүү боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин жетишилген өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун "конкреттүү шарттарын" аткаруудан көз каранды болорун билдирди. Ливан көйгөйүн жөнгө салуу тууралуу маселе менен байланышты дипломаттар адатта ушундай аныктама аркылуу беришет.
Дал ушул байланыш баарын татаалдатууда.
Европадагы жогорку кызматтагы өкүл "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, сөз Израил менен "Хезболланын" ортосундагы атышпоо тууралуу кандайдыр бир "жаңы" келишим тууралуу болуп жаткан жок. Тынчтык тууралуу мурда жетишилген келишим бир нече күнгө созулган чыңалуу жана зомбулуктан кийин үзгүлтүккө учурашы ыктымал болгон абалдан соң сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо аракети жүрүп жатканы ачык жарыяланган.
"Хезболла" – Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия. Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Израилдик маалымат булактары билдиргендей, Израилдин соккуларынын натыйжасында "ондогон террорист" өлтүрүлгөндөн кийин "Хезболла" атышууну токтотуу шарттарына кайра кайтууну шашылыш түрдө суранган. Израил каза болгондор террорчулар деп айтканы менен Ливанда өмүрү үзүлгөндөр арасында жайкын тургундар да болгону кабарланган.
Вашингтон, ал тапта, Ливан эми кеңири аймактык көз караштан алып караганда, маселенин ажырагыс бир бөлүгүнө айланганын билдирүүдө.
Келерки жумада Вашингтондо өтө турган сүйлөшүүлөр алдында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ливандын президенти Жозеф Аунга "Хезболланы" куралсыздандыруу зарыл экенин айтты жана АКШ Ливандын "коңшуларынын баары менен тынчтыкта жашаган" эгемен мамлекет болушуна колдоо көрсөтөрүн ырастады.
Бул катардагы дипломатиялык эмес, андан алда канча кененирээк аракетти көздөгөн көрүнүш. Бул Бейрут үчүн да, Тегеран үчүн да Вашингтон "Хезболланын" келечегин кеңири аймактык жөнгө салуу аракеттериндеги бир багыт катары карай турганынын белгиси.
Тегерандын таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү
"Хезболланын" согуш талаасында жок болуп кетпеши тууралуу маселе Тегерандын өзөктүк дипломатиясы менен тыгыз байланышта.
Женевадагы Жогорку билим берүү институтунун Иран боюнча эксперти Фарзан Сабет "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Швейцарияда пландалган жолугушуу жарыяланган күнү өтпөй калганы АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген түшүнүшүү тууралуу меморандумга кандайдыр бир коркунуч жаралды дегенди билдирбейт.
"Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун негизги элементи Ормуз кысыгынын ишин жандандыруу болуп саналат", - деген талдоочу азыркы тапта анын биринчи этабын ишке ашыруу аракети толук жүрүп жатканын белгиледи.
Кысык аркылуу каттаган кемелер үчүн коркунуч азайды жана ошонун негизинде камсыздандырууга кеткен чыгымдар да кыскарып, коммерциялык каттам калыбына келе баштады.
Тегеран үчүн бул биринчи этаптын натыйжалуулугунун далили.
Бирок, Сабеттин белгилешинче, Иран азыркы тапта дипломатиялык алкакты кеңейтип, сүйлөшүүлөрдүн кийинки баскычына "Хезболланын" коопсуздугун да кошууга аракет көрүп жатат.
Анын пикиринде, Тегеран муну менен бир нече максатты көздөөдө. Алар: өзүнүн аймактагы эң маанилүү союздаштарынын бирин коргоо, Ирандын ичиндеги катаалдыкты талап кылган, америкалыктар менен түзүлгөн макулдашууга дагы деле ишенбөөчүлүк менен карап жаткан күчтөрдү тынчтандыруу жана Трамптын администрациясынын Израилдин аскердик өнөктүгүн канчалык ооздуктай аларын сынап көрүү.
"Бул Ирандын күч көрсөтүүсүнүн бир түрү", - деди Сабет.
Иранга мындай мүмкүнчүлүк берип жаткан жагдайдын себеби аймактагы географиялык жайгашуусунда. Анткени ал Ормуз кысыгындагы абалды каалагандай нукка бура алат, бул анын эң күчтүү экономикалык таасир этүү каражаты. Талдоочу Сабеттин айтымында, Тегеран эгерде кол салууга дуушар болсо кысыкты жаап гана тим болбостон, Перс булуңундагы энергетикалык инфраструктурага сокку уруп жооп бере алат деп эсептейт.
Мына ушул логика АКШ президенти Дональд Трамп аскердик чыңалуунун ордуна эмне үчүн акыры дипломатияны тандаганын түшүнүүгө жардам берет.
Бирок Сабет мындан ары эмне болорун дагы деле так кесе айтуу оңой эмес деп эсептейт.
"Мен экинчи этаптагы келишим, айрыкча өзөктүк маселеге багытталган келишим ишке ашат деп үмүттөнбөйм", - деди ал.
Экинчи этапка карай узак жол
АКШнын жана Европанын расмий өкүлдөрү Бүргенштокто жолугушуу дем алыш күндөрү өтөрүнө үмүттөнүп жатканын билдирүүдө.
Бирок дипломаттар экинчи этапта өзөктүк чектөө, санкцияларды жеңилдетүү, аймактык коопсуздуктун кепилдиктери жана ортомчулук келишим түзүү маселелеринде иш кыйла татаал болорун эскертип жатышат.
Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи сунушталган келишимге карата сын көз карашта экенин билдирди. Тегерандагы катаал саясатты жактаган күчтөр буга чейин жетишилген меморандум каршы тарапка көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет.
Бирок швейцариялыктар үчүн улам токтоп, кайра уланган мындай дипломатия менен иштөө көнүмүш нерсе.
Сабет белгилегендей, расмий Берн ондогон жылдар бою дал ушундай сүйлөшүүлөрдүн ортосунда болуп келген - Жорж Буштан баштап Барак Обамага, Жо Байденге жана Трампка чейин.
Сүйлөшүүлөрдөгү белгиленген күнү болбой калуу, ийгиликсиз аяктоо, күтүлбөгөн жерден өзгөрүп кетүү – мунун баары алар үчүн кадыресе көрүнүш.
Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде
Автору Alex Raufoglu
Шерине