Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Ормуз көйгөйү: Жер семирткич таңсык, мунай кымбат


Ормуз кысыгы
Ормуз кысыгы

Президент Садыр Жапаров Ошто эл менен жолугушууда Ормуз кысыгынын жабык турганы Кыргызстанга да таасир этип жатканын, жер семирткичтерди алып келүүдө көйгөй жаралганын билдирди. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам кирген чектөө Кыргызстандын башка тармактарына да таасир этүүдө.

Маселен, мунун айынан мунайдын баасы да улам өсүп жатат. Мунай ташуучулар баалар дагы өсөт деп эскертип жатышат.

Жер семирткичтин таңкыс болуп жатканы боюнча маселени президент Садыр Жапаров 15-апрелде Алай районунда эл менен жолугушуу маалында көтөрдү.

“Өзүңүздөр билгендей, бул жер семирткичтерди Өзбекстандан, Орусиядан жана Казакстандан импорттоп келебиз. Азыр согуш болуп жатканына байланыштуу Ормуз кысыгынан жер семирткичтер өтпөй калды. Ал дүйнөнүн 20-30% камсыз кылчу экен. Бул өлкөлөрдүн өзүндө да таңкыстык болгонуна байланыштуу бизге да таасирин тийгизип жатат. Бул маселени чечүү үчүн Кулатов айыл аймагында кытай инвесторлору менен кыргыз жер семирткичтер заводун кура баштаганыбыздан кабарыңыздар болсо керек”.

Ормуз кризиси: Кыргызстан дагы жер семирткич көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди толугу менен сырттан импорттойт. Анын 80% Өзбекстандан, 15% Орусиядан жана 5% Казакстандан ташылып келинет. Ормуз кысыгындагы чектөөдөн жапа чеккен өлкөлөр Кыргызстанга экспорт кылып келген тараптар менен соода жүргүзө баштаганы үчүн таңкыстык жаралды. Былтыр бул учурда өлкөгө 65 миң тонна жер семирткич ташылып келген болсо, быйыл 45 миңге түшүп кеткен.

Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башчысы Алмаз Алакунов быйыл жер семирткичтердин баалары да кескин өскөнүн айтты.

“Өзбекстанда эң көп колдонулган аммиак селитрасынын бир тоннасынын баасы былтыр 165-180 доллар болсо, быйыл 250 долларга жетти. Башкача айтканда 45% кымбаттады. Карбомит түрү былтыр 245-260 доллар болсо, быйыл 450 долларга чыкты. Орусияда аммиак 280 доллар болсо, азыр 530га көтөрүлдү. Өзбекстандан жана Казакстандан ташып келүү кайрадан жолго коюлду. Ушул дем алышта ири партиялар Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашууда”.

Ормуз кысыгы Перс жана Оман булуңдарын туташтырат, андагы суу каттамдары негизинен Ирандын көзөмөлүндөгү аймактан өтөт. АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп кылып, Тегеран Ормуз кысыгын 28-февралда жапканын билдирген. Бул аймак аркылуу жүк жана мунай ташуулар ошондон кийин татаал болуп келатат.

Мындай чектөө Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына да таасир берип жатат. Анткени Ормуз араб өлкөлөрүнөн мунайды экспорттоодо маанилүү коридор жана соңку кырдаалдан улам күйүүчү майга талап өсүп, орусиялык экспорттоочулар да кыргызстандыктарга кымбат сата баштаган.

Кыргызстандын мунай ташуучулар биримдигинин башчысы Канат Эшатов соңку жагдайды айтып берди.

“Ошонун кесепетинен бизде күн сайын кымбаттап жатат. Орусиянын да бизге берген дүң баалары жогору болду. Эми апта сайын 1-1,5 сомдон кымбаттап турат. Дүң баа өстү, эми биз да кааласак-каалабасак майдын баасы көтөрүлөт”.

Кыргызстан акыркы жылдары Ирандын Бандар-Аббас порту аркылуу Иран - Түркмөнстан - Өзбекстан - Кыргызстан багытындагы Түштүк коридорду жигердүү колдоно баштаган. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу бул порт азыр жабык турат. Мындай чектөө Кыргызстанга Дубайдан, Европа өлкөлөрүнөн жана башка аймактан товар ташууну татаалдатты жана жеткирүүнүн баасы өстү.

Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров буларга токтолду:

“Ал жактан автоунаалар жана тетиктери, бир нече электрониканын түрлөрү, кийим-кече келет. Индия, Бангладеш, Пакистан жана Дубай аркылуу келчү. Бүгүнкү күндө Бандар-Аббас иштебесе, хабдан эч нерсе чыкпайт. Айланып өткөн жол өтө татаал. Сауд Арабия, Сирия, Түркия, Азербайжан жана кайра эле Ирандын түндүк жагы менен өтүшү керек. Андан бери Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстанга кирет. Бул узак жана коопсуздугу туруктуу эмес”.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дале чыңалган бойдон калууда. АКШ менен Иран 7-апрелде согушту убактылуу токтотуу боюнча келишимге келип, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Соңку сүйлөшүүлөрдөн натыйжа жок экени айтылган.

Согуш 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга аба соккуларынан кийин башталган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG