Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Милан-Кортина Олимпиадасы: Кыргызстандан эки спортчу аттанды

Кыргызстандык атлеттер Олимп оюндарынын ачылыш аземинде, 6-январьб 2026-жыл
Кыргызстандык атлеттер Олимп оюндарынын ачылыш аземинде, 6-январьб 2026-жыл

Италияда башталган XXV кышкы Олимп оюндарында Кыргызстандан эки спортчу ат салышат. Алар Тимур Шакиров жана Артур Сапарбеков. 6-февралда башталган таймаштар 22-февралга чейин уланат. Олимпиаданын ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун Артур Сапарбеков көтөрүп чыкты.

Кышкы Олимпиада Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт. Кыргызстандан Тимур Шакиров тоо лыжа спортунан, Артур Сапарбеков лыжадан жарышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, аларды машыктыруучулар Игорь Борисов менен Александр Левданский коштоп барды.

Артур Сапарбеков машыктыруусу Александр Левданский менен Олимп оюндарынын ачылыш аземинде
Артур Сапарбеков машыктыруусу Александр Левданский менен Олимп оюндарынын ачылыш аземинде

2-февралда Бишкекте Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Үмбөталы Кыдыралиев баштаган бир катар спорт адистери улуттук курама команданы Олимпиадага узатышты.

"Бүгүн мамлекеттик тууну колго алдым. Абдан кубанып турам. Буюрса, жакшы жыйынтыктарды көрсөткөнгө аракет кылабыз", - деп Артур Сапарбеков Олимпиадага узатуу аземинен кийин журналисттерге кыскача маек курган.

Артур Сапарбеков
Артур Сапарбеков

Артур Сапарбеков 19 жашта. Спорт чебери. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну. 9 бир тууган. Ата-энеси пенсия курагында. Жети жашында тажрыйбалуу машыктыруучу Александр Левданскийдин кол алдында машыга баштаган. 2022-жылы Эл аралык биатлон бирикмеси (IBU) уюштурган биатлон боюнча Кубокко катышып, эл аралык мелдештердеги жолун баштаган. Андан бери жаштар жана чоңдор арасында Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катышып келет. Бир нече эл аралык мелдештерде байге ээси болгон.

2024-жылы Түштүк Кореяда өткөн Жаштардын кышкы Олимпиадасына катышкан.

2025-жылы кышкы Азия оюндарында жарышка чыгып, алдыңкы 20 спортчунун катарына кошулган.

Тимур Шакиров
Тимур Шакиров

19 жаштагы Тимур Шакиров эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, Борбор Азия Кубогунун жеңүүчүсү. Өспүрүмдөр арасындагы кышкы Олимпиаданын катышуучусу. Дүйнө чемпионаттарына жана эл аралык турнирлерге бир нече жолу катышкан.

Тоо лыжа спорту боюнча өз категорияларында Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Алгачкы күндөн тартып Каракол шаарындагы «Крокус» клубунда машыктыруучу Ирина Волкованын жетекчилиги алдында машыгып келет. Учурда аны Игорь Борисов машыктырат, ал Тимурду кышкы Олимпиадада коштоп жүрөт.

Италияда Тимур Шакиров гиганттык слалом (дарбазалардын аралыгы кененирээк болуп, ылдамдык жогорулайт) жана слалом дисциплиналары (дарбазаларга өтө жакын аралыкта, ылдам бурулуштар менен түшөт) боюнча катышат.

Мелдештер Бормио тоо лыжа курортунда өтөт.

Кыргызстандын Тоо лыжа спорту федерациясынын басма сөз катчысы Юлия Тенькова Тимурга чоң үмүт артып жатышканын билдирип, бул Олимпиадага катышуу үчүн бир нече тоскоолдуктарды жеңгенин айтып берди:

«Бала абдан өжөр, тырышчаак. Лицензия алуу үчүн ал бир эле эмес, бир нече дүйнө чемпионаттарынан өттү. Анын артында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада бар. Олимпиадага жолдомо алуу оңой эмес. Бул үчүн жөн гана тандоо турларынан эмес, эл аралык мелдештерден өтүү керек. Олимпиадага катышуу үчүн Тимур кеминде беш стартка чыгып, 120 пункттан ашпаган жыйынтык көрсөтүшү керек болчу. Бул лидер спортчудан эң көп дегенде 5 секунд гана артта калуу дегенди билдирет. Бул абдан кыйын, анткени кээде мелдештерге 100дөн ашуун спортчу катышат».

Спортчулар өлкөдө жетиштүү шарт жок болгондуктан Европада машыгышат. Мамлекет тараптан колдоо күтүп керек.

Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.

Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.

Кайсы өлкөлөр көп медаль утушу мүмкүн?

Калкы беш миллиондон ашкан Норвегия 2018 жана 2022-жылкы кышкы Олимпиадаларда жалпы эсепте биринчи орунду алган. Пхёнчханда норвегиялыктар 39 медаль (14 алтын), Бээжинде 37 медаль (16 алтын) уткан.

Быйыл да Норвегия фаворит катары каралууда. Германия, Канада жана АКШ медаль саны боюнча атаандаш болушу мүмкүн.

Олимпиада эмне үчүн бир нече шаарда өтөт?

Муз үстүндөгү мелдештер Миланда, ал эми кардагы мелдештер Альп тоолорунун этегиндеги Кортина шаарында өтөт. Эки шаардын аралыгы 415 чакырымды түзөт.

Айрым мелдештер Вальтеллина жана Валь-ди-Фьемме өрөөндөрүндө уюштурулат. Миланда тоо жана кар жок болгондуктан лыжа мелдештери Альп аймагында өтөт. Олимпиаданын жабылыш аземи Верона шаарында болот. Бул тарыхтагы эң "чачыранды" Олимпиада деп мүнөздөлүүдө.

Казакстандын командасы
Казакстандын командасы

Борбор Азиядан кайсы өлкөлөр катышат?

Бул жолку Олимпиадага Казакстандан 36 спортчу жолдомо алган. 6-февралда Миландагы 60 миң көрүүчү баткан Сан-Сиро стадионунда өтө турган ачылыш аземинде Казакстандын туусун шорт-трекчи Денис Никиша менен фристайлчы Аяулым Эмренова көтөрүп чыкты. Италиядагы кышкы Олимпиадага катышкан улуттук курама команданын орточо курагы — 25 жаш. Бул Казакстандын Олимпиада тарыхындагы эң жаш курама болуп эсептелет. Казакстандыктар көркөм муз тебүү, шорт-трек, биатлон, лыжа жарышы, тоо лыжасы жана башка спорттун түрүнөн катышат.

Өзбекстандын командасы
Өзбекстандын командасы

Ал эми Өзбекстандан тоо лыжасы боюнча бир, шорт-трек боюнча бир спортчу катышат.

Мурда Орусиянын курамында болгон шорт-трекчи Данил Ейбог бул Олимпиадада Өзбекстандын атынан чыгат.

Тажикстан менен Түркмөнстандын спортчулары жолдомо ала алган эмес.

Италия Олимпиадага канча каражат жумшады?

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Италия Олимпиаданы уюштурууга 5,2 миллиард евро жумшады. Анын 3,5 миллиарды мамлекеттик бюджеттен, 1,7 миллиарды жеке фонддордон тартылган.

Италия өкмөтү Олимпиаданы эки миллион көрүүчү түздөн-түз көрөт, ал эми телекөрсөтүү аркылуу үч миллиард адам көрөт деп боолголоп жатат. Өкмөттүн эсебинде, Олимпиададан түшкөн киреше 5,3 миллиард евродон ашат.

Орусия катышабы?

Италиядагы Олимпиадага Орусия жана Беларус өлкө катары катышпайт. Бирок Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын 13, Беларустун жети спортчусуна бейтарап атлет макамында катышууга уруксат берген.

2022-жылы февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин эки өлкө Олимпиададан четтетилген. Эл аралык коомчулук Беларус Орусияга согушта көмөк көрсөткөн деп эсептейт. Ошондон бери спортчулар бейтарап макамда гана катышып келет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

  • 16x9 Image

    Руслан Меделбек

    Руслан Меделбек "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы. Алматы бюросунда 2012-жылдан бери иштейт. Аль-Фараби университетинин эл аралык журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. 

  • 16x9 Image

    Даткабек Шабданбек уулу

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG