Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights жана бир катар башка укук коргоочу уюмдар булактарга таянып кабарлагандай, 26 жаштагы Эрфан Солтани “жаратканга каршы согуш” жүргүзгөнү үчүн 14-январда дарга асылат. Өкмөткө каршы демонстрацияларга катышкан жигит мындан алты күн мурун кармалган.
Ирандын расмий өкүлдөрү бул маалыматка байланыштуу комментарий жасабаганы менен Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын “Тасним” кабар агенттиги шейшембиде сот бир нече митингчиге өкүм чыгарганын билдирди.
“Тынч демонстранттарды өлтүрүү токтошу керек”
Агенттик өзгөчө көңүл “жаратканга каршы согуш” өңдүү олуттуу кылмыштар үчүн айыпталгандарга буруларын белгиледи. Иранда шарият боюнча ал үчүн өлүм жазасына тартуу каралган.
“Тынч демонстранттарды өлтүрүү, зомбулукту актоо үчүн аларга “террорчу” деген жарлык тагуу токтоого тийиш” , - деп билдирди 13-январда БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Фолкер Түрк.
Толкундоолор былтыр жыл этегинде улуттук валютанын арзандашы жана инфляциянын өсүшүнөн башталып, өкмөткө каршы жалпы нааразылыкка айланган.
Укук коргоочу уюмдар бийлик демонстрацияларды күч менен басканда 600дөн ашуун киши каза болгонун билдирүүдө. Рейтер агенттиги аты аталбаган аткаминерге таянып, курмандыктардын саны эки миңден ашканын маалымдады.
Бийлик интернетти өчүрүп салгандыктан маалымат алуу кыйын болуп, канча киши набыт болгонун так аныктоо мүмкүн эмес. Айрым булактар курмандыктар бир нече миңге жетиши ыктымал деп болжолдошот.
Iran Human Rights уюму Ирандын өзүндөгү дарыгерге шилтеме менен кабарлагандай, бийлик мурункудан катаал ыкмаларды, оор жарадар кылган куралды пайдаланууда.
“Мурда чачыратма ок-дары колдонушса, эми кадимки окту, болгондо да жакындан атып жатышат. Муну жаракаттардан баамдаса болот”, - деп айтты дарыгер 8-январдагы зомбулуктан кийин.
2022-жылы “Аял, жашоо, эркиндик” деген акциялардан кийин кеминде 12 киши дарга асылган.
Вашингтондун кандай варианттары бар?
Ирандагы нааразылык акцияларынын катышуучулары коопсуздук күчтөрүнүн ырайымсыз репрессияларына туш болуп жаткан кезде АКШнын Ислам жумуриятына каршы аскердик аракеттери Вашингтондун саясий күн тартибиние чыккандай.
Кошмо Штаттар жана Иран сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирүүдө. Бирок америкалык президент Дональд Трамп демонстранттарга каршы зомбулукту эске алганда бир чара көрүлөрүн эскертти.
“Биз алар менен жолуга алабыз. Бирок балким ошол кездешүүгө чейинки окуялардан улам аракет көрүүгө туура келет”, - деп айткан Трамп 11-январда.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи “Ислам жумурияты согушка умтулган жок, бирок ага даяр турат”, - деп жооп берген.
Чектелген соккулар
Белгилүү бир буталарга урулган чектелген соккулар Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрү жана Ирандын калкын үчүн коопсузурак болот. Мындан тышкары АКШнын ошол региондогу жана анын сыртындагы аскердик чамасына чак келет, теориялык жактан алганда Перс булуңдагы өнөктөштөрсүз ишке ашырса болот.
“Бул эң коопсуз вариант. Маанилүү аскердик инфраструктураны жок кылууга караганда терс кесепеттердин ыктымалдыгы төмөнүрөк болот”, - деп айтты Лондондогу Падышалык коллеждин илимий кызматкери Марина Мирон “Азаттыкка” .
Ал эми аналитиктердин бир бөлүгү бул жолдун терс жактарын белгилеп, соккулар урулса, режим патриоттук сезимдерди козгоп, көбүрөк кишини өз тарабына тарта алат деп эсептешет. Аны менен нааразылык маанайына көңүл бурулбай калат.
Мындан тышкары бул кадам Вашингтон демонстранттарга жардам берүүнү көздөбөйт деген ишарат катары кабыл алынышы мүмкүн.
Сокку үчүн бута катары полиция, “Басиж” куралдуу кошуундардын жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун казармалары болушу ыктымал.
Узакка созулган кампания
Ислам революциясынын сакчылар корпусунуна каршы координацияланган соккулар, асыресе Ирандын ракета жайларына, аскердик башкаруу жана көзөмөл борборлорун, коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуулдар камтылган кезде натыйжа алып келмек.
Бирок ушу тапта АКШнын аймактагы деңиз аскерлеринин саны жана дарамети чектелүү.
Американын Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Катардагы базалары бар, бирок маалыматтарга караганда, ошол мамлекеттер Вашингтонду аскердик чара көрбөөгө чакырышкан.
Көбү Ирандын контрчабуулунан чочулашат. Былтыр июнда 12 күндүк согуш учурунда АКШ жана Израил ал өлкөнүн өзөктүк жайларына сокку урганда Ислам жумурияты Катардагы аскер базасына ракета атканы тынчсызданууга жем таштаган.
Бул ирет Израил да чабуулга туш болсо анда ири регионалдык жаңжалдын тутанып кетүүсү ажеп эмес.
Австралиядагы Дикин университетинин изилдөөчүсү Али Мамуринин пикиринде, “азыркы абал Ислам жумуриятынын болочогуна көлөкө түшүрүүдө. Режимдин табиятына жана өзөгүнө каршы күрөш жүргөндүктөн, өлкө чабуулга кабылса, бийлик колундагы бардык аракеттерди жумшайт”.
Күжүрмөн даярдыктагы күчтөр, жетекчилердин көзүн тазалоо
Венесуэланын лидери Николас Мадуро бийликтен кетирилгенден кийин америкалык күжүрмөн даярдыктагы күчтөр Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини да кармашы мүмкүнбү?
Андай операциянын ыктымалдыгы анча жогору эмес. Маалымат каражаттары жазганына караганда, АКШ Венесуэланын айланасына бир топ күчтөрүн топтогон жана чалгын маалыматтарды ал өлкөнүн ичиндеги булактардан алып турган.
Дагы бир сценарийге ылайык, режимдин башында тургандардын көзүн тазалоо, Ирандын өзүндө бийлик үчүн күрөштү козутуу аракеттери көрүлүшү мүмкүн. Бул чалгындын маалымат алуу жөндөмүнө көз каранды болмокчу.
Мындай аракетти иш жүзүндө ашыруу мүмкүн болгон күндө да, анын арты башаламандыкка жана кан төгүүгө алып келбейт деп эч ким кепил боло албайт. Кээ бир аналитиктер жаңы бийликти Ислам революциясынын сакчылар корпусу башкарса да, алар Вашингтон менен кызматташууга даяр болушу ыктымал деп боолголошот.
Андан тышкары блокада, киберчабуулдар ыктымалдыгы да айтылып келет.
Трамптын "жардамы"
АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде ирандыктарга кайрылып, жалпы улуттук акцияларды улантууга чакырды. Трамп "жардам жолдо баратат" деп айтты, кеңири түшүндүрмө берген жок. Мурдараак ал "нааразылыкка чыккандарды негизсиз өлтүрүү токтомойунча ирандык чиновниктер менен бардык жолугушууларды жокко чыгарганын" кабарлаган. АКШ президенти "киши өлтүргүчтөр менен зордукчулардын ысымдарын каттоого" үндөп, алар кылганы үчүн катуу жооп берерин белгилеген.
Иранда элдик толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Башында нааразы тарап экономикалык кризиске - риалдын кескин арзандашына, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу талаптарды айтып чыккан. Интернет өчкөнгө чейин 120дай шаарга жайылган толкундоолордо кийинчерээк бийликке каршы ураандар жаңырып, 1979-жылы Ислам революциясында тактан оодарылган монархияны калыбына келтирүү талабы да коюла баштады.
Шерине