Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкекте сабак учурунда окуучуну чапкан мугалим жумуштан алынды


Окуучуну чапкан мугалим.
Окуучуну чапкан мугалим.

Бишкектеги №87 мектепте сабак учурунда окуучуну уруп-соккон мугалим жумуштан алынып, билим берүү мекемесинин директоруна тартиптик жаза колдонулду.

Мындай чечим окуяны иликтөө үчүн Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинде түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгында кабыл алынды. Шаар бийлиги окуучу сабалган окуяда “Балдар жөнүндө” кодекстин, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын, “Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө” типтүү жобонун жана педагогикалык кесиптик этиканын нормалары бузулганын билдирди.

15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылган.

Мугалим 16-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү жүргөн. Кыргыз тили сабагынан берген мугалим окуя 14-январда болгонун, окуучуга теманы бир нече жолу түшүндүргөнүнө карабай ал жооп бере албай койгондуктан ачууга алдырып чаап жибергенин айткан. Буга байланыштуу баланын ата-энесинен кечирим сураган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кабарлады. Окуучунун ата-энеси мугалимге каршы арыз жазуудан баш тарткан.

Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. Ошол эле учурда мугалимдерге да орой мамиле болгон учурлар бар. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG